“МУГАЛИМДИН УСТАТТЫГЫ” жана “БАЛАНЫ ЖАЗАСЫЗ ТАРБИЯЛА” КИТЕПТЕРИ ЖАРЫК КӨРДҮ

  • 21.02.2020
  • 0

Оштогу “Жетиген” мектеп-лицейинин директору, педагогика илимдеринин кандидаты Кыялбек Акматовдун “Мугалимдин устаттыгы” жана Елжас Ертай уулунун  “Баланы жазасыз тарбияла” (К.Акматовдун котормосунда) китептери жарык көрдү.

“МУГАЛИМДИН УСТАТТЫГЫ” жана “БАЛАНЫ ЖАЗАСЫЗ ТАРБИЯЛА” КИТЕПТЕРИ ЖАРЫК КӨРДҮ

Автордун айтымында, “Мугалимдин устаттыгы” (Заманбап мугалимге кеңештер) китепте мугалимдик кесиптеги ар түрдүү кырдаалдар, түмөн-түйшүк сырлар, ар бир сабактын маанилүүлүгундөгү мугалимдин орду тууралуу ой толгоолор, сабактын жандуу болуп, окуучулардын шыктанып турушун шарттаган ыкмалар сунушталат. Жеке тажрыйбадан улам жазылган эмгек мугалимдик кесипти жаңы баштаган жаш адистерге, жалпы эле мугалимдерге багытталат.

Китеп беш бөлүмдөн турат. 1-бөлүмдө — заманбар мугалимдерге кеңештер, 2-бөлүмдө — заманбап мугалимдин кесиптик компетенциялары, 3 – заманбап мугалимдин имиджи, 4 – устат мугалимден үч стратегия жана 5-бөлүмдө танапистеги дилмаектерге орун берилген.

Бешинчи бөлүмдө “Жакшы ниет менен босогону аттасаң, жаркыраган келечек күтүп алат”  деген темада “Кут Билим” гезитинин мектептер бөлүмүнүн редактору Гүлнара Алыбаева менен болгон маек да камтылган.

  • Эже менен көп маектештим. Ал киши дайыма суроону кабыргасынан коюп, мугалимдик кесиптин оош-кыйышын түз чагылдырып, чыгармачыл педагогдордун мотиватору катары да кызмат кылат. Ушул маектешуудө кесиптештерим үчүн азыноолак өрнөк бардыр, — дейт автор.

Ал эми Елжас Ертай уулунун  “Баланы жазасыз тарбияла” деген китебин Кыялбек Акматов которуп чыкты. Бул китепте баланы жазасыз тарбиялоонун маанилүүлүгү каралып, балага кысым жасоонун залалы түшүндүрүлгөн. Жазаланган балдарда кездеше турган кемчиликтердин себептери мисалдар менен берилген. Ошону менен катар, баланы жазалоочу ата-энелердин актанууларына талдоо жасоо аркылуу аларды кыйнап жүргөн суроолорго жооп берилет.

Китеп баласынын келечегине балта чаппай, тескерисинче, аларга жаркын келечек белек кылгысы келген ата-эне, чоң ата-чоң эне, мугалим-тарбиячыларга арналат.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер