МУГАЛИМДИН ПОРТФОЛИОСУ — КЕСИПКӨЙЛҮК АЧКЫЧЫ

  • 16.08.2021
  • 0

Ош облусунун Ноокат районунун Улуу-Тоо айылынан агартуу ардагери Абдиназар Эргешов өзү түзгөн портфолиолору аркылуу жаш мугалимдерге иштиктүү жардам берип келүүдө.

МУГАЛИМДИН ПОРТФОЛИОСУ - КЕСИПКӨЙЛҮК АЧКЫЧЫ

Кырк жылдан ашуун өмүрүн билим берүү ишине арнаган агай ардактуу эс алууга чыкканда да үйдө жөн жатып албады.

— Эмгекке көнгөн адамга айла жок экен. Күн алыс ушул столума отуруп, күндөлүк сабактарга, класстык сааттарга, тарбиялык иш-чараларга арналган портфолиолорду барактайм, жаңы маалымат таап кемтигин толуктайм. Алгач үйдөгү мугалим келиним колдонуп жүрдү. Анан жаш мугалимдер келе баштады.
Ушинтип насаатчы болуп, өзүмдү эрмектеп жатам, — дейт ардагер.

МУГАЛИМДИН ПОРТФОЛИОСУ - КЕСИПКӨЙЛҮК АЧКЫЧЫ

Ардагер мугалимдин колунан жаралган портфолиолордун тематикасы өтө бай жана ар башка. Алардын арасында билим берүү мыйзамына, окуу программаларына, токтом, буйруктарга, предметтик сабактарга, класстык сааттарга, класстан тышкаркы иштерге арналып түзүлгөнү да бар. Айрым портфолиолордун аталышын атай кетсек: «Жакшы сабак — жан дүйнө азыгы», «Элдик педагогика — ата-бабадан урпактарга калган мурас», «Ата-энелер менен иштөө», «Класс жетекчинин ишмердүүлүгү», «Улуу ойчулдар», «Акыл мурастары», «Чыныгы достук деген эмне?», «Менин мүнөзүм жана темпераментим», «Тарых — адамзаттын басып өткөн жолу», «Талантка таазим», «Реформатор — министр», «Анна Андреевна Ахматова» ж.б. у. с.
Насаатчы мугалим өз табылгалары менен райондук «Чыгаандардын чыйыры» бирикмесинин мүчөлөрү менен да такай бөлүшүп турат.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер