МУГАЛИМДИК ЖОЛДУ ЫЙЫК ДЕП СЕЗЕМИН
- 01.02.2024
- 0
“…Билген билер, билбегенге өмүрүм,
Ыйык жолдун каттамында калыптыр.
Көздүн курчун, жүрөгүмдүн жалынын
Класста өткөн сабактарым алыптыр.
Ар биринин кыялына жараша,
Мээримимди мээнет кылып төгөмүн.
Жол түгөнбөйт, ыйык жолдор түгөнбөйт,
Мугалимдик жолду ыйык деп сеземин!
Окуучумдун жүрөгүнүн бир бурчун,
Элестерим ээлерин мен сеземин.
Жол түгөнбөйт, ыйык жолдор түгөнбөйт,
Мугалимдик жолду ыйык деп билемин.
Бир кезде ушинтип жазган элем, дагы деле ошол ыйык жолдо өмүр кечирип, элимдин эртеңине кам ургандардын катарындамын. Келиңиз, ой казанын кайнатып, сыр төгүшөлү, чер жазышалы!
Ооба, кесиптеш, жол түгөнбөйт… Мен түмөн түйшүктүү, ары татаал, ары ардактуу кесиптик жолду башымдан кечирип келе жаткан өмүрүмө таянып, мугалимдик жолду “ыйык жол” деп атоону чечтим.
Деги мугалим деген кандай адам? Мен ошол кесипке татыктуу адаммынбы? Мына ошолорго жооп издеп, өз өмүрүмдүн артта калган белестерин, ой-кырын аңтарып, сыр сандыгыма үңүлөм…
”Эңсеген кесипке ээ болуп, өмүр суусу шар агат экен, эми минтип чач агарып, өзүмчө толгонуп, жашоомо саресеп салган мезгилим… Жазуу ишимдеги ойлорума тактык киргизип, боёгун түстүү кылып турар деген изги ниет менен мугалимдик өмүрүмдү ырга коштум. (“Мени изде ырларымдын сабынан” аттуу автордук китебимден алынган ырлар коштойт).
“…Изде мени ырларымдын сабынан,
Бир өмүрдү баштан аяк табасың.
Бегим болуп, жашап-иштеп, толгонуп,
Баа коёрсуң, акырында айтарсың…”
Кээде кыйналган кезимде Айтматовдун Дүйшөнү эске түшөт. Ичимден аны менен сүйлөшөм. ”Эх, Дүйшөн агай, сизди түшүнбөгөндөй, кээ бир ата-эне мени деле түшүнбөйт, заманыбыз башка болгон менен түйшүгүбүз бирдей эле, неге бул кесипке ашык болдум экен? Мен деле башкалардай баш оорутпай, тиричилигимди кылбай, эмнеге мектепти, эмнеге классымды, эмнеге окуучумду ойлоном? Кыскасы, «Санаамда сабак, оюмда сенсиң, окуучум!». Канткенде да мугалимдик ар-намысыңызды жоготпой, өжөрлүккө салып, Алтынайдын келечегине кең жол ачпадыңызбы! Мына бул – кеменгерлик, мына бул- мугалимдик көрөгөчтүк, мугалимдик миссиянын өтөлгөсү. Сиз чыйыр салган ыйык жолдун каттамында азыр канчалаган Дүйшөндөр басып, канчалаган Алтынайларды чыгарып жатышат. Ошол улуу көчтүн улантуучуларынын бири катары мен дагы алга карай баратканыма сыймыктанам, асыл агай! Кышкы аязда кол-бутуңду какшатып, таштарды аттамчык кылып тизип, бирин көтөрүп, бирин жетелеп, сиз ошондо мугалимдик жолду салган элеңиз, айтып коюш оңой, а башынан кечирген киши гана сен сезгенди дал өзүңдөй сезет да, туурабы, агай?! Мен ким болуп калыптырмын?”. Мына ушул сыяктуу аягы түгөнбөгөн суроолорду берип, жол арбытам, чыйраламын бошой түшсөм, демденемин, алсырай баштасам, кубат алам, агайдын жасаган эмгегинен! Ошентип өмүрдүн өрүн көздөй баратам. Көптөгөн балапандарды чоң турмуштун асманына учурдум.
“…Амандыгың тилейм дайым, балдарым,
Атың чыкса сыймыктанып каламын.
Мугалимдик жүрөк баарын кечирет,
Менде калар бир карызың – саламың!..”
Айтматовдун дагы бир каарманы менин мугалимдик өмүрүмдө орду бар. Ал – Майсалбек. Мына, үч-төрт күндүн аралыгында “Саманчынын жолу” повестиндеги “Майсалбектин катын” Ибрагим деген окуучум ачык сабагымда айтат. Оо, буга чейин канчалаган окуучуларым ушул монологду айтышкан. Албетте, мен дайыма берилип угам, жашыйм…, энемин да! Өзүмчө ойго батам… Эгер согуш болбогондо Майсалбек мугалимдик кесипте эмгектенип, мекендин нечендеген уул-кыздарын окутуп-тарбиялап чыгарат эле?! Анын мээримдүү жүрөгү, Мекенге болгон сүйүүсү жаш өмүрү менен кош айтышууга алып барды. Эх, согуш, сен болбогондо канчалаган Майсалбектер колуна курал кармабай, окуучулардын жүрөгүнө гүл өстүрөр мыкты мугалим, окутуучулар болмок!..
Менин кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп калуума себепкер болгон мугалимдер – агайлар. Ошол себептенби, же ушунча жылдан бери мектептен агай аттууларды аз кезиктиргенденби же азыр окуучуларды тарбиялоодо эркек мугалимдердин жетишсиздигиненби, айтор, агартуу майданында агайлардын көп болушун каалар элем.
Эми сөз учугун көңүлүмдү өйүгөн мектептеги ачуу чындык, жашыра албаган акыбалга бургум келет.
“…Муундан-муунга мурас болуп дайыма,
Баркы-баасы жүрөт каны-жанымда.
“Бактылуумун” деп айта алам өзүмдү,
Бул жашоодо мекен тили барында…” — деп кыргыз тили үчүн күйүп-жанып жүрүп, окуучуларга билим эле эмес, татыктуу тарбия берсем деген далалат менен эмгектенип келебиз. Р.Гамзатов айткан экен: “Улуту үчүн кам көрбөгөн адам башкага кам көрүп деле жарытпайт”. Калети жок сөз! “Элим, эне тилим, мекеним” – ушул сөздөр көкүрөктө дайым жашасын дейбиз. Ар бир сабагыбыздын ичинде тарбиянын өзөгү болуп жүрөт. Окуучунун күрөгүнө уютуп, кулагына сиңирип, булбулдай сайрап, тоту куштай кайталап келүүчүлөр бизбиз го, мугалимдер! Анан дарегиңе терс сөздөр айтылганда, кырк беш мүнөт ичинде ойдолоп, ордуна тынч отура албаган баласынын тарбиясын мектепке артып, анан калса мугалимге сөөмөй кезеп сүйлөгөн ата-энелердин одоно кыялын көтөрүп, телефонду өзүнүн ата-энесинен да жакшы көргөн окуучунун ашкере адепсиздигине, укугуңду ушалаган кагазчалык көрбөй, бир сабакта мээңе миллион жолу тепкилеген үндөргө карабай, арасынан “Алтынайлар” чыгып калар, арасынан”Айтматовдор” чыгып калар, арасынан “Алыкулдар” чыгып калар деп, мээрими – Ысык-Көл, өзү –Күн мугалимдер, бизбиз го! Жарыкчылыкка жараткан ата-энеси чыдай албаган балдарга биз түтүп, кийим менен оокат таап бергенин милдет кылып, тарбия эмне экенин баласы эмес өзү билбеген ата- энелерге чыдап, жоктон бар кылып, жомокко зар болгон балалык дүйнөсүн алыбыздын жетишинче кооздоп, илгери үмүт менен мугалимдик байракты бийик кармап келе жаткандарга терең таазим!
“Жашоо эмне? Жашоо – күрөш бүтпөгөн,
Жаш муун болот, келечекти түптөгөн.
Макул болуп, ысыгына-суугуна,
Мен турмушта бөлөк кесип күтпөгөм…”
Туура, ушинтип жазгам, кыйын кездер артта калды: жарыбаган маяна, жетинбеген көр оокат, заман жүгү…
“…Заманымдын оор жүгүн көтөрүп,
Запкы тарттым, көрдүм башка салганын.
Кайра эле кубат алып балдардан,
Алга жылам, али күчтүү дарманым!..”
Терең ойго батам: мен чыдап келдим, а жаш мугалимдерчи, азыркы ааламдашуу мезгилинин мугалимдеричи? Бирге иштеген жаш адистер менен баарлашканда сөз учугун ушуга бурам. Боорум ооруйт, акырында дем берем: бийиктикке жетиш үчүн, ийгилик жаратыш үчүн, негизгиси, кесибин сүйгөн адам болуш үчүн алдыга адымда, чыйрак бол! Ушул жерден бир икая эсиме түшөт:
Жол боюнда бир акылман отурат. Ага бала жетелеген мугалим келет да: — Акылманым, мага бул баланы энеси ишенип таштап кетти, кандай окутушум керек? Анда карыя: – Эгер сен көчөт отургузсаң, мөмө бере турган көчөт өстүр, эгер сен бирөөгө ат тартуу кылсаң, күлүк чыга турган ат тартуула, эгер сен бала окутсаң, канаттуу бала кылып чыгар! Айлар агып, жылдар жылат… Баягы акылман жол боюнда отурса, асмандан канаттуу болгон агайы менен окуучусу учуп келе жатат. Жетине албаган мугалим: — Акылманым, көрдүңүзбү, менин окуучумдун канаттуу болуп калганын, — дейт. А акылман: – Мени сүйүндүргөнү сенин да канаттуу болуп калганың! — деген экен. Мына, кесиптеш! Демек, чыныгы мугалим болуш үчүн баланын жүрөгүнө жол табуу, катылган жөндөм-шыгын ойгото билүү абзел! “Окутуп жатып, окуйбуз, тарбиялап жатып, тарбияланабыз”. “Жер жарылса акындардын жүрөгү аркылуу өтөт” дешет, а коом өзгөрсө мугалимдердин жүрөгү аркылуу өтөт да, туурабы?! Тентеги да, элпеги да биздин колдон чыгат, бекеринен: “Мугалимден таалим алып өспөгөн, адам болбос өз алдынча көктөгөн” деп айтып жүрүшөт. Томуктай ийгилик жаратыш үчүн тоодой эмгек сарптайсың, ошол үчүн мен кээде окуучуларыма минтип эскертип калам: “Билип койгула, мен силердин жүрөгүңөрдө жашайм, бул дүйнөдөн көзүм өткөндөн кийин деле сен жарыкчылыкта канча жашасаң, мен ошончо жашайм!”
Мына, кесиптеш, мугалим ким экендигин, мугалимдик кесиптин оордугу, асылдыгы жөнүндө азыноолак ой чубатып, кеп кербенин жүргүздүм. Дүйшөн агай, Майсалбекти эскердим. Негизи мен Айтматовдун каармандарынын дээрлик бардыгы менен ичимден кыябы келгенде сырдашам, көп суроо берем. (Мугалимдер майда келет дегендери ушубу?)
Эми көкүрөктөгү бир каалоону айтып алайын. Менин окуучум асман тиреген Ала-Тоону, боз үйдү, ак калпакты, кыл комузду, арча бешикти, эне жытын, ата мээримин эне тилинде сүйлөп жатканда көз алдына керемет көрүнүштөрдүн элеси тартылып турса деп тилеймин…Ушул тапта жүрөгүм “зырп” дей түштү да кулагыма муңдуу Найман эненин үнү угулгансыйт: — Сенин атаң Дөнөнбай, сенин атаң Дөнөнбай!!!
Анда эссемди кара сөз менен эмес ыр саптарым менен аяктайын деп чечтим.
Жашоо сыры бүтпөгөн эч табышмак,
Жаштык кезде жашыл баары чар тарап.
Эл агартуу майданына келипмин,
Эч чарчабас дулдул атым камчылап.
Эл-журтума өтөсөм деп ак кызмат,
Мен мезгилди, мезгил мени шаштырат.
Далалатым кылып келем ар убак,
Дагы канча, канча калды мага убак?
Болгон күчүм окуучуга багыштайм,
Болсо экен деп келечекте жакшы адам,
Өргө чыгып, ”өх” деп алып, камыгам,
Өткөндү эстеп, алды жакка кам урам.
Мезгил менен тең жарышып, адымдап,
Мен келатам мекен жүгүн аркалап.
Ойлоп алып, жакшы-жакшы тилекти,
Октой сызам, өйдө түрүп билекти.
Бегимбү КАРАГУЛОВА,
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими
Комментарийлер