МУГАЛИМДИК КЕСИПКЕ ДАЯРДООГО ЖАҢЫ ТҮС БЕРҮҮ – МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

  • 01.02.2024
  • 0

МУГАЛИМДИК КЕСИПКЕ ДАЯРДООГО ЖАҢЫ ТҮС БЕРҮҮ –  МЕЗГИЛ ТАЛАБЫ

Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү бирден бир негизги кыймылдаткыч күч — бул билим берүү системасы болуп саналат. Анткени калктын төрттөн бир бөлүгүн билим берүү тармагына кирген адамдардын тобу түзүп турат.

Билим берүүнүн деңгээлин жана сапатын жакшыртуу эң алгач окутуу жана тарбиялоо процессиндеги негизги феномен болуп саналган мугалимге көз каранды экенин, андыктан бул ишти мугалимдик кесипке даярдоо этабынан баштоо зарылдыгын көрсөтөт. Педагогикалык теория менен практикада мугалимдин адистик деңгээлин жогорулатуу маселеси олуттуу мааниге ээ. Анткени окуу-тарбия иштеринин сапатын жакшыртуу, биринчи кезекте, педагогикалык чеберчиликти калыптандыруу, ошондой эле болочок мугалимдердин инсандык жана кесиптик компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүүгө көз каранды. “Бүгүн билим берүү мекемесинин негизги милдети катары: дайыма жүрүп турган техникалык өсүү шартында жемиштүү эмгектенүүгө жөндөмдүү, жогорку маданияттуу жана гумандуу, гармониялуу өнүгүүгө жана кеңири тармактуу билимге, өз алдынчалыкка, азыркы өнүккөн коомдо ийгиликтүү жашоого мүмкүнчүлүк түзө билген сапаттардын комплексине ээ болгон жаңы типтеги педагогду калыптандыруу жана өстүрүү эсептелет”.

Заманбап мугалим. Ал кандай болушу керек?

Бул суроо билим берүү маселесиндеги эң маанилүү суроолордун бири болуп саналат. Албетте, эң биринчи кезекте ал окуучунун эң жакын адамы болуу керек. Адамзат коому жашап турган чакта бул ой өткөн чак, учур чак, келер чакта да ушул боюнча калары шексиз. Анткени ал мугалим. Ал – жол көрсөтүүчү. Ал жаш адамды алдыга сүрөөчү бирден бир таасирдүү инсан. Андыктан анын эмгеги да баланын көңүлүн өстүрүүгө, жан дүйнөсүн байытууга багытталышы зарыл.

Кыргыз эл мугалими Ж.Өзүбекованын пикиринде: “Заманбап мугалимдер ак пейил, сезимтал болуш керек. Эмне дегенде биз энесин сагынган балдарды, ата-энеси ажырашкандарды, тамакка ток келген балдар менен ток келбеген балдарды окутабыз. Ар түрдүү сабактын ар түрдүү формаларын колдоно билиш керек. Сүйлөй ала турган, уга турган, консенсуска келе турган, чыдамкай, атаандаштыкка муюй турган, мейли математика, физика, химия бардык предметти окутсун, бирок инсандык сапаттарды калыптандырып өтүп турушу керек. Академиялык билим берип окутуп жатып, турмушка даярдаш керек. Азыр мектепке ушундай мугалимдер керек. Анан мектепке киргенде жеке проблемалар, көйгөйлөр унутулуп, сабакка мугалим катары гана кирип, баланы ойготуп турушу зарыл”.

Заманбап мугалим – бул инсандык бийик деңгээлдеги сапаттарга жана кесиптик ар тараптуу компетенттүүлүктөргө ээ болгон, өз кесибине берилген, балдарды, мектепти сүйгөн, жоопкерчиликтүү, жаш муунга үлгү көрсөтө алган, жаңы билим берүү технологияларын жакшы өздөштүргөн, ишине так, убакытты туура пайдалана билген, чыгармачыл, өзүнүн үстүнөн иштеген, өнүгүүгө умтулган, бул процесске окуучуларды ийгиликтүү аралаштыра алган кесип ээси.

Педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо

Педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо – азыркы коомдун талабына жараша мугалимдик кесипке даярдоону жаңылоо, жакшыртуу, жаңылантуу, ага жаңы түс берүү дегенди түшүндүрөт.

Педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо маселеси тууралуу Э.Мамбетакунов, Н.Асипова, А.Калдыбаева сыяктуу ата мекендик педагог-окумуштуулардын пикиринде, азыркы ааламдашуу, технологиялашуу, аралыктан окутуу шартында педагогикалык кесипке болгон талаптардын күчөтүлгөндүгүн, кесипке карата жаңыча мамиленин келип чыккандыгын көрсөтүшкөн. Алардын айтымында, айрым бир баалуулуктар өзгөргөндүгү, мисалы, улуу муундагы технологияны жакшы өздөштүрө албаган окумуштууларга караганда, жаңы технологияларды жогорку чеберчиликте колдоно билген жаш мугалимдерге болгон артыкчылыктын күчөшү; билимдин мазмунуна басым жасалган окутуудан алган билимди турмушта пайдалана билүү жөндөмдүүлүктөрүн окуучуларга өздөштүрүүгө мүмкүндүк түзө билүү компетенттүүлүктөрүнүн болушу; коомдо болуп жаткан ар кандай агрессия, коркунуч, кайдыгерликке, социалдык жетимдикке, социалдык теңсиздикке дуушар болгон балдар менен иштей билүү үчүн мугалимдеги инсандык бийик сапаттар: адамгерчилик, боорукердик, сабырдуулук, чыдамкайлык, окуучулардын тагдырына, келечегине болгон жоопкерчилик сапаттары, аларга болгон мээримдүүлүк, сүйүү сезимдеринин болушу тууралуу белгилешти.

ПЕДАГОГИКАЛЫК ЧЕБЕРЧИЛИК

Заманбап мугалим тууралуу сөз кылууда, анын педагогдук чеберчилиги тууралуу түшүнүк алдыңкы планга чыкпай койбойт. И.Бекбоевдин аныктоосу боюнча: «Өз кесибин өтө мыкты билген эң тажрыйбалуу кызматчы чебер болуп эсептелет» деп чеберчилик түшүнүгүнө мүнөздөмө берилсе, окумуштуулар
Б.Апыш, Д.Бабаев, Т.Жоробеков ж.б. педагогикалык чеберчиликти кесипкөйлүк иш-аракеттин, өзүн-өзү уюштуруунун жогорку деңгээлин камсыз кылган инсандык касиеттердин комплекси катары аныкташат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын педагогикалык билим берүү тармагына байланыштуу документтерге талдоо жүргүзүү менен аны жакшыртуу, жаңылантуунун бирдиктүү концепциясынын иштелип чыга электигин көрө алдык. Ал эми Россия Федерациясынын Педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо концепциясынын долбоорунда бир нече аспектилерге токтолгон. Аталган концепцияга, илимий-педагогикалык изилдөөлөргө, жогоруда сыпатталган эмпирикалык изилдөө методдоруна талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен төмөндө биз заманбап мугалимге коюлуучу бир нече талаптарды аныктоого мүмкүн болду.

Н.Асипованын пикиринде «Мугалимдин инсандык жана адистик жактан калыптануу ишмердүүлүгүндө анын окуучуга педагогикалык колдоо көрсөтүүгө даярдыгынын болуусу керектиги» көрсөтүлөт. Мугалим менен окуучунун өз ара аракеттешүү процессинде алардын ортосунда тажрыйба, билим, дүйнө таанымдык көз караштары менен алмашуу жүрүп, педагог тарабынан тарбиялануучуну инсандык жактан да калыптандыруу аракети жасалат…

Педагогикалык ишмердүүлүктүн этикалык жагдайын ишке ашырууга мугалимди даярдоо маселесин педагогикалык билим берүүнү модернизациялоонун маанилүү жагдайы катары көрсөтүүгө болот. Педагогдун ишмердүүлүгүндө этикалык нормаларды кармануу кесиптик эң башкы талаптардын бири болуп саналат. Бул талаптын маанилүүлүгү педагогикалык кесиптин өзүнүн: маданияттуулукту, адептик баалуулуктарды алып жүрүүчү үлгү, ага карата түздөнүүнүн эталону катары мугалимдин окуучунун инсандык жактан калыптануусуна, анын андан аркы турмуштук жолуна таасир эте алуу спецификасынан келип чыгат. Ошону менен бирге эле педагогикалык ишмердүүлүктүн маанилүү атрибуту катары мугалимдин социалдык ролу жана кесиптик статусу менен аныкталган анын өзгөчө бийлик жүргүзүү, үстөмдүк кылуу укуктарынын бар экендигин белгилеп кетүү керек. Буга байланыштуу педагогикалык жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн антын даярдоо жана аны өз ишмердүүлүгүнө киришүүдө бердирүүнүн зарылдыгын көрсөткөн суроо өз актуалдуулугун бүгүнкү күндө жоготкон жок.

Окуучулар үчүн эффективдүү болгон мугалимдин маалыматтык баалуулугунун деңгээлин көрсөткөн анын кесиптик ишмердүүлүгүндөгү маанилүү факторду белгилеп айтуу керек. Анын негизги милдеттеринин бири катары окуучуларга билимди өткөрүп берүү эмес, аларга керектүү маалыматты издөөгө, туура маалыматты иргеп алуу билгичтиктерин калыптандырууга, маалыматтын ишенимдүүлүгүн, алынган билимди практикада колдоно билүүгө үйрөтүү, башкача айтканда, “үйрөнүүгө үйрөтүү” маселеси актуалдашты десек болот.

Мугалимдин маанилүү кесиптик сапаттары катары анын эмпатияга жана рефлексияга жөндөмдүүлүгүн белгилөөгө болот.

Мугалимдин эң маанилүү социалдык функциясы катары маданиятты өткөрүп берүүчүлүк сапатын белгилеп кетүү зарыл. Мугалим маданият менен үйрөнүп жаткан субъекттин ортосундагы медиатордун миссиясын ишке ашырат.

Заманбап педагогикалык билим берүүнү жакшыртуунун өзгөчөлүгү катары болочок мугалимдин кесиптик педагогикалык ишмердүүлүккө карата чыгармачылык мамилесин калыптандырууга багытталышын белгилөөгө болот.

Педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо аспектисинде мугалимдин кесиптик жан дүйнөсү абдан маанилүү деп көрсөтүлөт. Мугалимдин ишмердүүлүгүндөгү инсандык жана кесиптик касиеттердин жуурулушун күбөлөндүргөн абалдын жогорудагыдай келтирилген аныктамасы студентти бийик гуманисттик баалуулуктарга туруктуу багыт алган инсан катары даярдоо процессин моделдөөнүн жана анын мазмунун калыптандыруунун өтө маанилүү негиздемеси катары кароого мүмкүнчүлүк түзөт.

Мугалимдин азыркы билим берүү процессинде эффективдүү жыйынтыктарга жетүүсүнүн негизги факторлору катары инновациялык программаларды, азыркы маалыматтык технологияларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга багыт алышы саналат.

Мугалимдин кесиптик жана инсандык жактан өнүгүүсү үчүн анын өзүн-өзү актуалдаштырууга умтулуусу өзгөчө мааниге ээ.

Инсандык бийик деңгээлдеги сапаттарга жана кесиптик ар тараптуу компетенттүүлүктөргө ээ болгон, өз кесибине берилген, балдарды, мектепти сүйгөн, жоопкерчиликтүү, жаш муунга үлгү көрсөтө алган, жаңы билим берүү технологияларын жакшы өздөштүргөн, ишине так, убакытты туура пайдалана билген, чыгармачыл, өзүнүн үстүнөн иштеген, өнүгүүгө умтулган, бул процесске окуучуларды ийгиликтүү аралаштыра алган кесип ээси болгон заманбап мугалимди даярдоо азыркы коомдун талабына жараша мугалимдик кесипке даярдоо ишин жаңылоо, жакшыртуу, жаңылантуу, ага жаңы түс берүү милдетин койду. Ал билим берүүгө компетенттик мамиле кылууну шарттап, инсандык өнүгүүнү гумандуулук парадигмасынын нугунда алып барууну талап кылат. Болочок мугалимдин коммуникативдик, кесиптик-этикалык, этнопедагогикалык компетенттүүлүктөрүн, технологиялык, психологиялык, аналитикалык, чыгармачыл иш билгилигин, өзүн-өзү актуалдаштыруусун калыптандыруу жана өнүктүрүү аркылуу гана жогорудагы аныкталган талаптарга ылайык келүүгө мүмкүн.

Бул изилдөө педагогикалык билим берүүнү жакшыртууга багытталган айрым бир аракеттердин бири жана ал белгиленген багыттагы ишти улантууну талап кылат. Ал эми анын жыйынтыктары болочок мугалимдерди даярдап жаткан окуу жайлардын стратегиялык максаттарын аныктоого көмөкчү ой корутундусу катары кызмат кыла алат.

Рахат СУЛАЙМАНОВА,

Ж.Баласагын атындагы КУУнун И.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, “Мугалим” журналынын башкы редактору, педагогика илимдеринин доктору, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер