МУГАЛИМДИК КЕСИП МУГАЛИМИН ТАПКАНДА ГАНА БААЛАНАТ

  • 31.05.2024
  • 0

Бүгүн заман агымына жараша чыгармачыл мугалим, заманбап мугалим, санарип мугалим, медиа мугалим, новатор мугалим, STEAM мугалим сыяктуу жаңы терминге ээ болгон түшүнүктөр пайда боло баштады. Мындай аталышка ээ болгон мугалимдин саны күн санап өсүп, ага жараша кыялыбыз өзгөрүп, өзүбүзө тааныш болбогон түрдүү мүнөздү күтө баштадык.

МУГАЛИМДИК КЕСИП МУГАЛИМИН ТАПКАНДА ГАНА БААЛАНАТ

Коомдо сабак дегенде ичкен ашын жерге койгон, агартуу тармагында ат чабым алдыга озуп, заман агымына жараша өнүгүп-өсүп бараткан, келечекте тарых барактарындагы белгилүү педагогдор менен бирге аталып кала турган чыгаан мугалимдерибиз көп. Бирок ошол эле учурда айрымдарыбыз коомдогу агымдан өзүбүздү ажырата албай саясаттын төлгөсүн ачып, кээ бирлерибиз блогерликтин теспесин тартып, акча төлөсө ажаатын (олимпиадага, ЖРТга даярдоодо) ача турган багытка басып, өлкөнүн өнүгүп жатканын көрүп турса да, бөтөн өлкөнүн өнүккөнүн баалап баскан, бири-бирибиздин ийгилигибизди жасалма баалап, жашоодо жасалма күлүп калган мугалимдер көбөйө баштадык.

Бүгүн, биздин «АГАЙыбыздын» кыргыз жыттанган жөнөкөй усулу дүйнөгө жайылып жаткан учурда, биз бөлөк өлкөнүн алдыңкы усулдарын издей баштадык (бирок бул жаман эмес). Бүгүн мугалимдик кесиптин табияты өз мугалимин издеп жаткансыйт.

Улуу муундагы замандаштарыбыз «биз мугалимди көргөнүбүздө ал басчу жолду айланып өтчүбүз» — деген бир мезгилдеги мугалимдин кадыр-баркы бүтүндөй коомчулук ал адамды эмес, ал адам ээ болгон мугалимдик кесиптин кадырынан сүрдөп турганына, ал мезгилдеги мугалим эң алгач өзүнүн билиминин тереңдигине ишенген болсо, экинчиден өзүн-өзү күн сайын даярдап, күн сайын тарбиялап, сүйлөй турган сөзүн да, баса турган изин, бере турган билими менен өтө турган сабагын да кайра-кайра ойлонуп жашагандыктан мугалимдик кесип ыйыктай сезилсе керек эле. Мугалимдер күзгүнү караганда өзүн эмес мугалимди көрүп, мектепти караганда коомдогу милдетин көрүп, окуучуну караганда алдыдагы келечегин көрүп, борду кармап доскага жаза баштаганда инсанаттык тарбиянын маңызын көрүп жашагандан улам мугалимдик кесиптин аброю бийик болсо керек эле.

Андагы мугалимдер өмүрү күн сайын кайдан акча тапсам деп эмес, кантип сабак өтсөм экен деп, кандай көйнөк кийсем экен деп эмес, окуучунун алдында кантип бассам экен деп мугалимдик кесип үчүн Жараткан берген сүйүүсүн да, келечегине болгон үмүтүн да арнап жашагандыктан өрнөк болуп калса керек.

 

Андагы мугалимдер «ким болуп иштейсиз дегенде» сыймыктануу менен «агаймын», «эжекемин», «мугалиммин» деп уккан адамды сүрдөтө койгон «мугалим» деген жообу, ал мугалимдин турпаты, жөнөкөй бирок жарашыктуу ак жакасы, жупуну, бирок сыйкырдуу көрүнгөн портфели мугалимдик кесиптин сыйкыры менен сырын, сүрү менен коом уккан үнүн даңазалап турса керек эле.

Азыркы үй-бүлө күтүп, турмушубузду нике окуп аруулап жаткан өмүрүбүз бүтүп, көз жумганыбызда кепиндеп туруп жаназабызды окуп жаткан молдонун кадыры менен, дүйнө таанымыбыз кең болуусу үчүн тамга таанытып, өз баласынын билиминен да башканын баласынын тарбиясы үчүн күйгөн мугалимдин кадыры негедир таразанын эки тарабында тең чайпала баштады.

Ушул өткөөл учурда мугалимдик кесип кийими менен дилинде тазалыкты сактаган, сөзү менен оюнда адамдык асылдыкты карманган, билими менен тажрыйбасында өзүнө болгон ишенимди бек туткан, сабагында жаңычылдык менен чыгармачылыкты девиз катары тутунган, адебине чынчылдык менен адилеттикти сиңирип, мүнөзүндө жөнөкөйлүк менен кичи пейилдик жыттанган мугалимин издей баштагансыйт.

Мугалимдик кесип айлыктын качан чыгарын эмес, жаңы китептин качан чыгарын күткөн, коңгуроонун качан кагыларын эмес, агай дагы сабак өтөлүчү деген окуучунун суранычын күткөн мугалимин издей баштагансыйт.

Издетпейли. Жөн гана агай бололу. Жөн гана эжеке бололу. Эң негизгиси жөн гана мугалим бололу.

Зайнабидин Мамасадыков

Бөлүшүү

Комментарийлер