МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫНЫН ЭСЕП-КЫСАБЫ

  • 01.04.2024
  • 0

“Политклиника” медиасынын “12 жылдык окуу системасы билим берүүнүн сапатын жакшыртабы?” деген талкуу берүүсүндө “Билимдүү Кыргызстан” улуттук демилгесинин жетекчиси Абдывахап Нурбаев мугалимдердин айлыгы өтө аз деп белгиледи. Жетекчинин айтканына жооп катары мугалимдердин айлыгы эмнеге көз каранды экенин карап көрөлү.

МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫНЫН ЭСЕП-КЫСАБЫ

Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Азис Мураталиевдин маалыматына таянсак, мектеп мугалимдеринин эмгек акысы билим деңгээлине, окуу саатынын болушуна, окуу жүктөмүнө жана эмгек акысына, педагогикалык стажына жана алыскы бийик тоолуу райондордо иштөөсүнө, иштеген жерине, ошондой эле класс жетекчилик үчүн жана дептерлерди текшерүү үчүн кошумча төлөмдөрдүн болушуна жараша төлөнөт.

— Мугалимдин эң төмөнкү айлыгы 12 миң сом, эң көп дегенде 72 миң сом. STEM сабактары боюнча мугалимдин минималду айлыгы 10700, максималду – 65000 сом түзөт. Кыргызстанда 88 миң мугалим болсо, анын үчтөн экиси айыл жеринде иштейт. Мугалимдердин 85% жакыны аялдар. Мугалимдердин пенсия курагындагылар (55 жаш жана андан жогору) 18 004 адамды түзөт. Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин ставкасына жана тарифтик ставкасына (маянасына) үч жылдык педагогикалык иш стажы үчүн он (он) пайыз, сегиз жыл үчүн — 20 (жыйырма) пайыз, 13 жана андап ашык жыл үчүн — 30 (отуз) пайыз өлчөмүндө кошумча акы белгиленет, — деди башкы адис.

Айыл жеринде жайгашкан билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жумалык (жылдык) жүктөмдүн жана ставканын көлөмүнө карабастан 1800 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.

Аттестациянын жыйынтыгы боюнча жогорку, биринчи жана экинчи квалификациялык категориялар ыйгарылган мугалимдерине жумалык жүктөмдүн көлөмүнө карабастан, айына тиешелүү түрдө 5000, 3000 жана 2000 сом өлчөмүндөгү кошумча акы белгиленет.

Жалпы билим берүү уюмунун мугалиминин ставкасы:

— 1-4-класстарда жумасына 16 саат иштегени үчүн белгиленет;

— 5-11-класстарда жумасына 18 саат иштегени үчүн белгиленет.

— Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалиминин максималдуу жүктөмү 1-4-класстарда жумасына 24 сааттан, 5-11-класстарда — 27 сааттан ашпоого тийиш. Класс жетекчилик үчүн айына 1400 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленет. Жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерине дептерлерди текшерүү үчүн 1-4-класстарда 16 сааттык, 5-11-класстарда 18 сааттык педагогикалык иши үчүн айына 2700 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленет, — деди А.Мураталиев.

Эгерде жалпы билим берүү уюмунун мугалиминин жумалык жүктөмү 16 (18) сааттан ашык же аз болсо, анда дептерлерди текшерүү үчүн кошумча акы ошого жараша көбөйөт же азаят.

Сабактарды алмаштыруу үчүн акы төрт айдан (мугалим декреттик өргүүдө болгондо тогуз айдан) ашык төлөнбөйт, көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин алмаштыруу сааттары тарификациялык тизмелерге кайра эсептелет, мында алмаштырууну эске алуу менен жалпы билим берүү уюмунун мугалиминин сабак жүктөмү 5-11-класстарда жумасына 36 сааттан, 1-4-класстарда жумасына 32 сааттан ашпоого тийиш.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”    

Бөлүшүү

Комментарийлер