МУГАЛИМДЕРДИН АЖАЙЫП САЯКАТЫ

  • 23.09.2019
  • 0

С.Данияров коомдук фонду уюштурган “Биринчи мугалим 2019” сынагынын кезектеги, сегизинчи жолку жеўїїчїсї аныкталды.

МУГАЛИМДЕРДИН АЖАЙЫП САЯКАТЫ

 Єткєн ишембиде И.Арабаев атындагы КМУнун жыйындар залында “Биринчи мугалим 2019” сынагынын экинчи турунда фонддун баш сыйлыгы — Москва шаарына 10 кїндїк маданий-маалымат арттыруучу саякат Ысык-Кєл облусунун Ак-Суу районундагы Ї.Калиев атындагы орто мектептин башталгыч классынын мугалими Беккул кызы Нуржандын энчисине тийди.
Экинчи орунга – Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дєбє айылындагы Акчал уулу Дїйшєн атындагы орто мектептин мугалими Фарида Суранчиева, їчїнчї орунга — Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чоў-Кара-Буура айылындагы М.Акымбеков атындагы орто мектептин башталгыч классынын мугалими Аспира Рахматовалар татыктуу болушту. Алар фонддун кызыктыруучу сыйлыгынын алкагында келерки жылы жазда классындагы окуучулары менен Бишкек шаарына эс алуу кїндєрї экскурсияга келишмекчи.

 

Айыл єкмєттєр менен алакалаш иштейли

МУГАЛИМДЕРДИН АЖАЙЫП САЯКАТЫ

Белгилїї физиолог, КР эмгек сиўирген врачы, медицина илимдеринин доктору, профессор Санжарбек
Данияровдун коомдук фондунун жетекчиси, негиздєєчїсї Асель Даниярова иш-чараны ачып жатып, эў алгач И.Арабаев атындагы КМУнун ректору т.и.д., профессор Тєлєбек Абдрахмановго ыраазычылык билдирди. Асель Санжарбековна “Биринчи мугалим” сынагын колдогондор жыл сайын кєбєйїп атканын жана быйыл аталган окуу жайдын ректораты мурдагы бїтїрїїчїлєрїнє атайын белек менен келишкенин айтып, куттуктоо сєздї Тєлєбек Абыловичке узатты.

– Сєзїмдїн башында Санжарбек Данияровдун фондуна ыраазычылык билдирип кетким келет. Бул фонд мамлекеттен бир тыйын албай, эч кимден колдоо кїтпєй эле мугалимдердин ишин алдыга жылдыруу багытында опол тоодой эмгек єтєп жатат. Ал їчїн рахмат гана айтышыбыз керек. Биз да колубуздан келишинче колдоо кєрсєтїп келатабыз. Биздин университет педагогикалык базалык университет экенин билесиздер. Учурда кадр саясаты эў эле таалуу тема болуп турат. Биз да мыкты кадрларды даярдаганга кызыкдарбыз. Тилекке каршы, дипломун колго алгандардын баары эле айыл жергесине барып, мугалим болуп иштебейт экен. Андыктан бир сунуш айткым келет, мен бул оюмду жакында эле кєл жээгинде єткєн мугалимдердин август кеўешмесинде да айткан элем. Мисалы, жакшы айыл єкмєттєрї, мектеп директорлору бизге келишип, тыў окуган бїтїрїїчїлєрдєн тандап кетишсин, аларга жакшы шарттарды тїзїп беришсин. Же болбосо мектепти аяктап жаткандардын ичинен єздєрї тандап бизге жєнєтїшсїн, биз тєрт жыл окутуп даярдап, бєлїнгєн жерине жиберебиз. Ошондо конкреттїї талаптар да коюлат, сапаты да айкын кєрїнєт. Айыл жергесинде кол караган эле мектеп эмеспи, ошол мектепти коомчулук жалпылап кєтєрїїгє тийиш. Мектепке эў оболу коомчулук кєўїл бурбаса, мугалимдердин статусун жалпылап кєтєрїп, кєтєрмєлєп стимул бербесе иш жїрбєйт-деп, ректор єз оюн ортого салды. Сєзїнїн аягында ал ушул жожду аяктап, сынакка катышуучу болуп келген тєрт мугалимге белектерин тапшырып, каалоо-тилектерин арнады.

 Єлкєнїн пайдубалын тїптєгєндєр

Санжарбек Данияровдун коомдук фондунун негиз-дєєчїсї, директору Асель Даниярова биринчи турда эў жогорку балл топтогон мугалимдерди куттуктап, сынакты єткєрїї максатына токтолду.

– Менден “Сага ушул тїйшїктїн неге кереги бар?» деп кєп сурашат. Ырас эле мага бул эмне їчїн керек? Мен муну айыл жергесиндеги карапайым мугалимдин бїгїнкї абалы аркылуу тїшїндїрїїгє аракеттенип кєрєйїн. Айылдык мугалимдер, айрыкча, башталгыч класстын мугалимдери кєп учурда кєз жаздымда калышат. Алар єздєрїн кєп учурда, жадагалса жогорку класстын мугалимдеринен тємєн коюшуп, мени ким катарга алмак эле дегендей кєўїлсїз ойлорго кабылышат. Бул деле чындык… Бирок алар эў кыйын адам экени да чындык. Ким азыр єлкєнїн келечегин тїптєп жатат? Президентпи, премьер-министрби же билим берїї министриби? Же маданият, же экономика министриби? Балким бул депутат болуп жїрбєсїн? Албетте ал – мугалим, болгондо да башталгыч класстын мугалимдери! Алардын жардамы менен биздин балдар кандай кооз єлкєдє жашап жатканыбызды кєрїшєт, билишет. Турмушта адилеттик жана адилетсиздик бар экенин да мугалимдер аркылуу окуп билишет. Эгерде балага їнїн катуу чыгарып кыйкырса, ал да башкага катуу кыйкырса болорун, же тескерисинче, бардык адамдар бири-бирине сый мамиле жасоо керектигин їйрєнїп билишет.

Менин баамымда, так ушул башталгыч класстардан балдар окуунун жана єз эне тилинин баалуулугун тїшїнє алышат. Биздин сынактын быйылкы жылдагы темасы саякатка арналды. Бул да бекеринен эмес. Бала кичинесинен дїйнєгє саякаттоого, кєптї кєрїїгє умтулса кандай жакшы. Ал эми єз эл-жерин кыдырып, кєрїп баалай билбеген бала келечекте кантип єз мекенин ардактап, сїйє алат?! Биздин сынактын максаты – балдарга єз эл-жерин, жаратылышын сїйїїнї ойготуу, ошону менен эле чектелбей, дїйнє чабытын кеўейтїї — деди А.Даниярова сынактын максаты менен тааныштырып.

 Умтулгуч учкуч мугалим же жер жїзїн айланган кыргыз желеги

МУГАЛИМДЕРДИН АЖАЙЫП САЯКАТЫ

Сынактын биринчи турундагы дилбаяндын бул жылкы темасы “Кызыктуу саякат” деп аталып, катышуучулар балдар їчїн кандай кызыктуу саякаттарды уюштурууга болору жєнїндє ой бєлїшкєн. Сынактын кезектеги ардактуу коногу да саякат дегенди сєз жїзїндє эмес, иш жїзїндє жакшы билген адам – жер шарын жарым моторлуу самолет менен кыдырып, кыргыз желегин желбиретип чыккан мугалим, экономист, учкуч кесиптеринин ээси Союзбек Салиев болду.

– Менин да биринчи кесибим мугалим. Єзїмдїн ата-энем да мугалим. Андыктан мен їчїн сиздердин алдыўыздарга чыгуу эки эсе кубанычтуу десем болот. Мен 2016-жылы Кыргызстандын 25 жылдыгына арнап, кыргыз желегин жер планетасын бир айландырып келїї максатымды ишке ашырдым. Жер шарын айланганга 58 кїн кетти, баш аягы болуп 62 кїн дегенде Бишкекке келип кондум. Ушундай рекорд жасаган Борбордук Азиядан жалгыз биз — Кыргызстан. Биз каттоодо №216 катталганбыз, анын ичинен азыр 100дєй эле адам бар. Ушундай рекорд коебуз деп чыккандардын кєбї кайра кайтып келбейт, учакка отурган сайын “Эч кимге доом жок” деп тил кат жазып кетїїгє туура келет. Мен эс тартып калганда ушундай чечимге келгем. Ага чейин балалык кыял менен самолет айдоону гана самоочумун. Андыктан бардык кыйынчылыктарга даяр болгом…-деген Союзбек Сатыбалдиевич учуп-конгон учурларында кєрїп-билгендерин, кооптуу кырдаалдар жєнїндє кызыктуу маек куруп берди.

Союзбек єзїнїн бала кездеги жер шарын кыдырып келїї кыялын ишке ашыруу їчїн беш жыл даярданган. Учактын аталышын апасынын жаркын элесине арнап “Гїлайым” деп анын атынан атаган. Азыркы жаштар андан да кєбїрєєк жасаарына ишенерин, андан мыкты ийгиликтерге жетишїїгє милдеттїї экендигин белгилеген учкуч, кыргыз желегин алып чыкканга жараша уят болбой, бир жерде калтырып койбой, аман-эсен кайтып келгени їчїн сыймыктанаарын айтты.

– Мен бала кезде боюм кичинекей болгондуктан, эў артында турчумун. Ошондон уламбы, мен баарынан алдыда болом деп максат койгом. Балким мен башкалар жасабаганды жасайм деген умтулуум максатымдын ишке ашыруусуна тїрткї болсо керек. Ошондуктан эч качан балдарыўардын демин суутпай, тескерисинче демилгелеп, кыялдарын ишке ашырууга кємєктєш болгула. Эч качан артка чегинбей, аракеттене бергиле деп айткым келет — дейт умтулгуч учкуч.

Союзбек Сатыбалдиевич тууралуу кээ бир мугалимдер биринчи угуп жатышканын жашырышкан жок. Мугалимдерди “Гїлайым” учагы азыр каякта деген суроо кызыктырды. Анын айтымында, ал учак Кантта турат. Самолетту коерго орун сурап шаар жетекчилигине кайрылган, бирок тилекке каршы, оў жообу али боло элек.

Кандай болгон кїндє да Союзбек айткандай, география мугалими апасы Гїлайым жер шарын колундагы таягы менен кыдырса, анын уулу апасынын ысмын тїбєлїккє эстеликке калтырды.

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыўды айылындагы Ой-Терскен орто мектебинин мугалими Гїлїмкан Турганбаева сынакка ушуну менен тєртїнчї жолу катышып жатат. Фонддун директору ага эў активдїї катышуучу катары эмки жазда экскурсияга келїїчї їч жеўїїчї мугалимдин катарында Бишкек шаарына келїї сыйлыгы менен сыйлады.

 Айнагїл Кашыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер