МУГАЛИМДЕРДИН 70% КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ ЭМДӨӨДӨН ӨТТҮ

  • 10.08.2021
  • 0

Республика боюнча мугалимдердин 70, бала бакча тарбиячыларынын 80, баштапкы жана орто кесиптик окуу жайлардын окутуучуларынын 60 жана жогорку окуу жайлардын кызматкерлеринин 55 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Кызматкерлери 100% эмделген мектептер жана бала бакчалар да бар.

Өткөн жумада Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылында мугалимдери 70% ковидке каршы эмдөөдөн өткөн окуу жайларга офлайн окууга уруксат бериле тургандыгын, бирок бул маселенин оң чечилиши ошол жердеги санитардык-эпидемиологиялык абалга да жараша боло тургандыгын маалымдаган. Бул маселе толугу менен мугалимдердин Август кеңешмесин утурлай чечилет деп убадаланган. Бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева кызматкерлердин көбү коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндүктөн  жаңы окуу жылын салттуу баштоого даярдыктар көрүлүп жатканын маалымдады.

МУГАЛИМДЕРДИН 70% КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ ЭМДӨӨДӨН ӨТТҮ

КҮЧ КОЛДОНУЛБАЙТ

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги өлкөдөгү мугалимдердин 70% эмдөөдөн өтө алат, калганы кандайдыр бир өнөкөт оорусуна байланыштуу вакцина албай калышы мүмкүн деген. Ошол эле учурда билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев мугалимдерди эмдөөдө эч кандай күчкө салып мажбурлоо болбойт, бул иш түшүндүрүү иштерин күчөтүү жолу менен гана ишке ашырыларын билдирген.

  • Мажбурлап коркутууга эч качан барбайбыз, бирок түшүндүрүү иштерин жүргүзсөк, бир да мугалим четке качпайт деп ойлойм. Себеби ар бир мугалим өзүн жана окуткан окуучуларын ойлошу керек. Анткени алар өздөрү жол баштоочулар, башкаларга үлгү болуучулар, — дейт министр.

Тилекке каршы, эл арасында аралап жүргөн түрдүү пикирлерге ишенип алгандар да жок эмес.  Ошол эле учурда эмделүүнүн зарылдыгын  түшүнүү менен кабыл алып, өз эрки менен вакцина алып жаткан агартуучулар да арбын.

  • Мен өз эрким менен эле барып эмдөөдөн өттүм. Башында бир аз кооптондум. Кудайга шүгүр, жакшы эле көтөрүп кеттим. Эмделгенден кийин магнит да чаптап көрдүм. Көрсө, эч кандай кооптонуунун деле кереги жок экен , — дейт Бишкек шаарындагы №55 мектептин мугалими Салтанат.

 

ЭМДӨӨГӨ АГАРТУУЧУЛАР АКТИВДҮҮ КАТЫШУУДА

Борбор калаадагы №32 мектептин директору Гүлмира Бектурова өзү биринчилерден болуп эмдөөдөн өттү.  Бул мектепте жетекчисин ээрчиген мугалимдердин саны күндөн күнгө көбөйүп отуруп, бүгүнкү күндө ондон ашты. Өнөкөт оорусуна байланыштуу вакцина ала албай тургандар да бар.

  • 30 мугалимге вакцина алууга болбойт экен. Анын үстүнө азыр көбү эс алууда. Буюрса, жаңы окуу жылы башталганга чейин 70% эмделип бүтөбүз деген изги тилектебиз, — дейт мектеп жетекчиси.

Бишкектеги №69 окуу-тарбиялык комплексинин  да вакцина алган мугалимдеринин саны күндөн күнгө өсүүдө. Бул мектепте мугалимдер менен техникалык персоналды кошкондо жалпы 169 адам иштейт. Учурда анын 35 вакцина алды. Кыркында антитела болгондуктан  азырынча  албайт. 12  мугалим COVID менен жаңы эле ооруп бүткөндүктөн алар алты айдан кийин алат. Калган сексен экиси ден соолугуна байланыштуу эмдөөдөн өтө албайт.

Коронавируска каршы массалык эмдөөгө Жалал-Абад облусунун агартуучулары да активдүү катышууда. Облуста жалпы 16703 мугалим бар болсо, анын жарымы, 1551 бала бакча  тарбиячысынын 1275 эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облусундагы КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков 9-августта республикалык штабдын брифингинде билдирди.

Ош технологиялык университетинде COVID-19га каршы массалык эмдөө апрель айында башталган. Алгач эмгек жамаатка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан кийин окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамы жана жалпы кызматкерлери эмдөөдөн акысыз өтүп баштаган. Ар бир кызматкер милдеттүү медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана  эмделүүдө.

 

Маалымат үчүн:

Учурда республикада калк AstraZeneca, Sinopharm, QazVac жана «Спутник V» вакциналары менен эмделүүдө. 6-августта AstraZeneca вакцинасы менен Ала-Букадагы аскердик бөлүктүн 90 жоокери эмделгенден кийин жарымынын дене табы көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу аталган препарат менен эмдөө убактылуу токтотулган. Бирок 9-августтан тартып бул вакцина менен эмдөөнү улантууга кайрадан уруксат берилди. Кыргызстанда коронавируска каршы 2 миллион 360 миң доза вакцинанын запасы бар.

 

ЭМДӨӨНҮН ТААСИРИ

Вакциналар организмдеги табигый коргонуу элементтери аркылуу ооруларга туруштук берүү мүмкүнчүлүгүн жаратат. Адам эмделгенде анын иммундук системасынын коргонууга жөндөмү артат. Анын жыйынтыгында:

  • Денеге кирген вирус же бактерия сыяктуу микробду тааныйт.
  • Антителолорду иштеп чыгат. Антителолор — бул ооруларга каршы туруу үчүн адамдын иммундук системасы тарабынан табигый жол менен иштелип чыккан белоктор.
  • Оорунун түрүн жана ага каршы күрөшүүнүн жолун жаттап калат. Адам ошол эле микробдун таасирине кабылган учурда, анын иммундук системасы оорунун белгилери байкалганга чейин жок кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Демек, вакцина ооруга чалдыкканга чейин организмдеги иммундук системанын сыркоолорго каршы таасирин күчөтүүчү, коопсуз жана акылдуу ыкма болуп саналат. Биздин иммундук системабыз эстеп калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Вакцинанын бир же бир нече түрүн алгандан кийин адатта, жылдар бою, ондогон жылдар бою, ал тургай өмүр бою оорулардан корголушубуз мүмкүн. Вакциналарды натыйжалуу кылган сапаты ушунда жатат. Оору пайда болгондон кийин аны дарылоонун ордуна, вакциналар биринчи кезекте илдетти алдын алат дешет адистер.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер