МУГАЛИМДЕР ЖАНА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН ОЛИМПИАДА

  • 25.03.2023
  • 0

МУГАЛИМДЕР ЖАНА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН ОЛИМПИАДА

Олимпиадага мектеп окуучулары жана мугалимдер катышып, планшет, смартфон жана башка байгелерди утуп алууга болот.

Кыргыз Республикасында жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-класстарынын окуучулары арасында ишкердиктин негиздери боюнча Олимпиада башталды. Олимпиаданын уюштуруучулары – КР Билим берүү жана илим министрлиги жана россиялык «Алабуга» ӨЭА компаниясы.

Олимпиаданын катышуучулары каттоодон өтүп,«Business Cats» экономикалык стратегиясында – компьютердик оюнда онлайн режимде ойношу керек. Олимпиаданын уюштуруучулары билдиргендей, бул иш-чара кыргызстандык мектеп окуучуларынын ишкердик жөндөмүн жана бизнес-ой жүгүртүүсун арттырууга, ошондой эле катышуучулардын дараметин ачууга багытталган.

Олимпиада эки этапта өткөрүлөт:

– тандоо баскычы (онлайн) – 2023-жылдын 13-мартынан 8-апрелине чейин.
– жыйынтыктоочу баскыч (күндүзгү, Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан» мектебинде) – 2023-жылдын 15-марты.

Тандоо баскычында катышуучулар www.businesscats.online. сайтында каттоодон өтүшү керек. Ийгиликтүү каттоодон өткөн сон катышуучу оюн аянтчасына багытталат, анда катышуучунун жеке кабинетиндеги маалыматтарды толтуруу зарыл. Андан кийин «Business Cats» экономикалык стратегиясында ботторго каршы тренинг деңгээлинен жана онлайн оюн сессияларынан өтүү керек. Бул этаптын максаты 1 упай топтоп, жарым финалга чыгуу.

Жарым финалдык турда оюнчулар чыныгы оюнчулар менен онлайн таймашуусу керек болот. Жыйынтыгында ийгиликке жетишкен 24 катышуучу финалга тандалып алынат.

Финалда катышуучулар арасында баалуу байгелер — планшеттер, акылдуу сааттар жана зымсыз кулакчындар ойнотулат. Олимпиаданын финалисттери үчүн башкы байге Россияда инженердик жана технологиялык ишкердик боюнча кадрларды даярдоо боюнча лидер болгон Алабуга Политех алдыңкы инженердик колледжине тапшыруу мүмкүнчүлүгү болот.

Олимпиаданын финалисттери үчүн башкы байге Россияда инженердик жана технологиялык ишкердик жаатында кадрларды даярдоо боюнча лидер саналган алдыңкы «Алабуга Политех» инженердик колледжине тапшыруу мүмкүнчүлүгү болот.
Белгилей кетсек, олимпиадада ийгиликтүү катышуучуларды даярдаган мектептер жана мугалимдер үчүн уюштуруучулар тарабынан атайын сыйлыктар – компьютердик техника жана смартфондор даярдалган.

Белгилей кетсек, Олимпиадада ийгиликтерге жетишкен катышуучуларды даярдаган мектептер жана мугалимдер үчүн уюштуруучулар тарабынан атайын сыйлыктар – компьютердик техника жана смартфондор даярдалган.

Олимпиаданы өткөрүүнүн жобосу, ​​катышуу шарттары менен www.businesscats.online. сайтынан тааныша аласыздар.

Толук маалыматты уюштуруучулардын  «Business Cats| Ишкердиктин негиздери боюнча олимпиада» аттуу телеграм-каналынан (www.t.me/olympic_cats) алууга болот.
Шашылыңыздар! Убакыт чектелген!

Бөлүшүү

Комментарийлер