МУГАЛИМДЕР КАНДАЙ КЫЗМАТТАШУУГА ТИЙИШ?

  • 28.08.2020
  • 0

МУГАЛИМДЕР КАНДАЙ КЫЗМАТТАШУУГА ТИЙИШ?

 

Редакциядан: Быйыл шартка байланыштуу Кыргызстанда Мугалимдердин республикалык август кеӊешмеси онлайн режимде уюштурулду.  Андагы мазмундуу, педагогдор үчүн абдан пайдалуу баяндамалардын бирин Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов жасады.

 

Бул баяндамадагы идеялар Энди Харгревиздин «Мугалимдер өзгөрөт, мезгилдер өзгөрөт» (1995) деген китебине негизделген. Билим берүүдөгү реформалар боюнча адис катары атагы чыккан илимпоз Энди Харгревиз көптөгөн китептерди, макалаларды жазган. Ал өзүнө мындай суроолорду берет: Мугалимдердин ролу кандай? Бири-бирине болгон мамилеси кандай? Ошол мамиленин окуучуларга тийгизген таасири кандай?

МУГАЛИМДЕР КАНДАЙ КЫЗМАТТАШУУГА ТИЙИШ?

Энди Харгревиз мугалимдердин иштешүүсү жана кызматташуусу боюнча 4 негизги форманы же маданиятты айырмалап көрсөткөн:

  1. Индивидуализм;
  2. Буйрук менен кызматташуу;
  3. Балканизация (адамдарды бириктирбестен, бөлүп жарган кызматташуу);
  4. Кызматташуунун анык формасы.

 

  1. Индивидуализм

Мугалимдердин чогуу иштешинин бул формасын Энди Харгревиз жумуртка салгычка окшоштурат.

МУГАЛИМДЕР КАНДАЙ КЫЗМАТТАШУУГА ТИЙИШ?

Анткени бул формада мугалимдер жумушуна келээри менен өзүнүн класстык бөлмөсүнө кирип кетишет да, ошол жерде көпчүлүк убактысын өткөрүшөт. Алар башка мугалимдер менен кызматташуудан баш тартат же өтө аз кызматташат. Мугалимдер каанасына көп кирбей, коридорлордо да өтө аз учурашып турушат.

Мугалимдер жетекчиден алган тапшырманы өздөрүнчө аткарышып, сабагын берип, убактысын окуучулар менен өткөрүшөт. Мында ар бир мугалим өз классына өзү кожоюн. Ар бир мугалим өзүнчө класска киргенден кийин, башка класста эмне болуп жатканынан кабардар болушпайт. Бул өзүнчө изоляцияга алып барат: мугалимдер кесиптештеринин кандай сабак өтүп жатканын билишпейт, себеби ар кимиси өзүнүн территориясын аябай коргойт. Албетте, бул форманын терс жактары көп, мугалимдер бири-бири менен баарлашпаса, сүйлөшпөсө, убакытты бирге өткөрүшпөсө, анда алар эмне кылып жатканын кайдан билет?

Кээ бир мугалимдер өзүнчө иштегенди жакшы көрүшөт. Бирок мектепте иштегендердин дээрлик баары өздөрүнүн бөлмөсүнө кача берсе, анда мектеп жетекчиси: «Эмнеге жамаат мындай болуп жатат?», «Эмне үчүн алар бири-бири менен сүйлөшпөйт?» деген суроолорго жооп издеши зарыл.

Мугалимдер бири-биринин ачык сабагына кирсе же текшерүү келип калса, алар сөзсүз жакшы жана кызыктуу сабак өтүп беришке аракет кылышат. Сабактан кийинки талкууда бирөө сын-пикир айтса, аны жаман көрүп, же ага актанып жооп табууга аракет кылышат. Себеби ар бир мугалим өзүнүн сабак өтүү методун жакшы деп ойлойт, бирөөнүн келип катасын оңдогону ага катуу тиет. Эмне үчүн мугалимдер индивидуализм деген форманы тандап алган, эмне үчүн чогулушпайт деп, себептерин жетекчи издеш керек. Балким, арада чыр-чатак бардыр, же бирөө жарым аларды куугунтуктап жаткандыр? Же жетекчилер өздөрү «баргыла кабинетиӊерге, окуучулар менен болгула» деп, педагогдордун сүйлөшүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей жүргөндүр? Мугалимдер чогулуп отургудай кенен, ыңгайлуу бөлмөнүн жоктугунан дагы алар өз кабинеттеринде эс алышы мүмкүн.

Бирок бул жагдайды жөнгө салуу үчүн индивидуализм менен индивидуалдуулукту анык айырмалай билиш керек. Ар ким өзүнүн жекече бөлмөсүнө качып, жеке иштери менен алектене берсе, муну индивидуализм дейбиз. Ал эми индивидуалдуулук ар бирибиз өзгөчө инсанбыз, ар бирибиздин чыгармачылыгыбыз бар дегенди билдирет.

Эгер жетекчи «баарыңар чогуу иштеп, окшош болушуӊар керек» деп талап кылса, чыгармачыл маанай жоголот, мугалимдердин өзүнүн кайталангыс «кол жазмасы» болбой калат, изденүү да жоголот.

 

  1. Буйрук менен кызматташуу

Кызматташуунун бул формасында жетекчи мугалимдерди кызматташкыла деп буюруп, убакыт белгилеп, талап коёт. Мугалимдерге белгилүү мөөнөттө, белгилүү орундарда кызматташкыла деп буйрук берилет. Бирок бул жасалма форма.

МУГАЛИМДЕР КАНДАЙ КЫЗМАТТАШУУГА ТИЙИШ?

Энди Харгревиз бул форманын терс жактарын көбүрөөк айтат. Жасалма кызматташууда жогорудан көзөмөл болуп, ким кызматташып жатат жана ким кызматташпай жатат деп байкап турушат. Мугалимдер өз ыктыяры менен эмес, жетекчилердин талабы боюнча чогулуп турушат.

«Атты сууга жетелеп барышың мүмкүн, бирок мажбурлап сугара албайсыӊ» деген макал бар эмеспи. Эгер мугалимдер кызматташууга өздөрү дилгир болбосо, буйрукту формалдуу түрдө, жетекчилерине көргөзүш үчүн гана аткарып, белгиленген убакыт бүтөрү менен ар кимиси өз жолу менен кеткенге шашат. Демек, мунун эффективдүүлүгү аз болот.

 

  1. Балканизация

Энди Харгревиздин аныктамасы боюнча кызматташуунун бул формасы мугалимдерди бириктирбей эле жиктештирет. Ал бул идеяны мурдагы Балкан жарым аралында жайгашкан Югославия мамлекетинин бөлүнүп-жарылгандыгы менен салыштырат.

МУГАЛИМДЕР КАНДАЙ КЫЗМАТТАШУУГА ТИЙИШ?

Балканизация шартында мектептин жалпы жамааты кызматташпай, чакан тайпаларга бөлүнөт. Ал тайпалар өзүнчө аябай ынтымактуу болуп жакшы кызматташса да, башка тайпалар менен атаандашат же аларга көңүл бурушпайт; же чырдашып кетишет. Бул форманын тандалышына мектептин имараты, же предметтер боюнча топтошуу адаты да себеп болуп калышы мүмкүн: мисалы, тилчилер бир корпуста отурса, математиктер башка корпуста олтурушат. Тажрыйбалуу мугалимдер бир тайпа болсо, жаш мугалимдер башка тайпа болуп, арыз-муӊун бири-бирине айтышат. Бир топко кирген адамдар өздөрү дайыма чогуу жүрүп, түштөнүүгө да чогуу барышат, ар кандай майрамдарын да чогуу өткөрүшөт. Башка тайпадагылар менен ооз учунан эле саламдашып, бөлөктөп турушат. Топтор арасында так аныкталган чектер болот. Кызыгы, жаӊы мугалимдин топко кошулуусу кыйын болот.

Мектеп жетекчиси да ошол топторду бөлүп-бөлүп, кээ бирине жакшыраак мамиле кылып, кээ бирине жакшы мамиле кылбай, кээ бирине ресурстарды көбүрөөк берип, кээ бирине азыраак берип, семинарларга да бир топтон жөнөтүп, бир топтон жөнөтпөй койгон учурлар болот. Ал жетекчилер чоӊ ката кетиришет, себеби бир топтон жөнөтсө, башка топтор таарынып калат.

Бул балканизация формасы эрегишүүгө алып келиши мүмкүн. Үстөмдүк кылууга, мектеп администрациясына жакындоого умтулуп, башкаларды басынтууга аракеттенгендер болот. Ошондуктан балканизациянын пайдасына караганда зыяны көбүрөөк. Элестетип көрсөк, бир топтон бирөө башка мамлекетке конференцияга барып келген болсо, ал келип алып жалпы мектеп жамаатына тажрыйба бөлүшпөстөн өзүнүн гана тобуна айтат да, башкаларга пайдасы тийбей калат.

 

  1. Кызматташуунун чыныгы формасы

Энди Харгревиздин айтуусунда, чыныгы кызматташуунун шартында мугалимдердин ортосунда жылуу мамиле болот. Албетте, мугалимдердин баары бири-бирин жактыруусу зарыл эмес, бирок өз ара урмат-сый мамиле болушу керек.

МУГАЛИМДЕР КАНДАЙ КЫЗМАТТАШУУГА ТИЙИШ?Бул кызматташуунун дагы бир өзгөчөлүгү, жогорудан келип кызматташкыла деп эч ким айтпайт, кызматташуунун мөөнөтү да, аянты да болбойт. Мында мугалимдер өз ыктыяры менен кызматташып, тажрыйба алмашат. «Чогуу үйрөнөлүчү, сен кантип сабак өтүп жатасыӊ?» деп, баарлашып турушат. Бир предметтин мугалими экинчи бир предметтен берген мугалимден барып кеңеш сурай алат.

Мектеп жетекчиси бул жерде атайын кызматташууга шарт түзүп, колдоп турушу мүмкүн, бирок ал көзөмөл жүргүзбөйт. Жетекчилер мектепте үлгү болуп коюшу гана мүмкүн. Албетте, план боюнча бекитилген иш-чаралар боло берет, бирок мектеп мугалимдери кантип кызматташууну, кайсы иштерди биргелешип аркалоону өздөрү чечет.

Көбүнчө кызматташуу билинбей эле жүрүшү мүмкүн. Мисалы, коридордо өтүп баратып же чай ичкени чыкканда: «Сен кандай сабак өтүп жатасыӊ? Мен да ошондой кызыктуу өткөргөнгө аракет кылайын», «Баланча окуучу менен кантип иштеп жатасыӊ?» деп пикир алышып, бири-биринин тажрыйбасын байытышы мүмкүн. Бул кызматташуунун чогуу сабак өтүү, чогуу пландаштыруу, бири-бирине методикалык жактан жардам берүү, жаш же тажрыйбалуу мугалим экенине карабай, бири-биринен кеңеш суроо, кесиптик диалогдор ж.б. түрлөрү бар.

 

Кызматташуу эмне үчүн зарыл?

 

Мугалимдердин өз ара жакшы мамилеси, мыкты кызматташуусу, ынтымакта болушу мектепте эң жакшы жагдайды жаратат, себеби алар бири-бири менен саламдашып, ден соолук сурашса, убактысы жетишсе, пикир алышып отурса, анда мындай кызматташуунун пайдасы көп болот. Мугалимдердин кызматташканын окуучулар да байкап турушат. Тескерисинче, эгер алардын өз ара мамилеси начар болсо, окуучулар: «Эй, бизге билим берген мугалимдерди карагылачы, өздөрү жакшы жүрүшпөйт дагы, бизден талап кылат», — деп, педагогдорду сыйлабай калышы мүмкүн.

МУГАЛИМДЕР КАНДАЙ КЫЗМАТТАШУУГА ТИЙИШ?

Албетте, мугалимдер өз ара жакшы мамилеси мектептеги билим берүүнүн сапатына оң таасир тийгизет. Алар тажрыйба бөлүшүп, кесиптик жактан өсүшөт; кыйынчылыкта бири-бирине көмөктөшүп, кеңештерин айтышат. Мугалимдердин таасири менен окуучулар да жакшы кызматташып, мыкты билим алышат.

Эгер мугалимдер бири-биринен тартынбай сурай ала турган маданиятты калыптандырса, өз ара жардам жакшы ийгиликтерге жеткирет. Анткени ар биринин артыкчылыгы да, кемчилиги да бар. Ошол кемчиликтерди биргелешип, акылдашып жоё алышат. Кызматташа билген мугалим окуучуларынан дагы кызматташууну талап кылат. Мисалы, башкалар менен пикир алмаша албаган же өзүнүн гана сабагын, баасын ойлогон, классташтарынын ийгилигине кубанбаган өзүмчүл балдар кездешет. «Албетте, сенин билгениң жакшы, бирок башкалардын билгенин да угуп, алар менен бөлүшсөӊ, билимиң дагы да жогорулайт» деп айтып, туура жол, өрнөк көргөзө жүрүш керек.

Мугалимдер жылуу мамиледе болуп, кызыктуу күн өткөрүп, жумуштан кайтканда кубануу менен үйлөрүнө кайтышса, ушул мектепте иштебей эле коёлучу дегендердин саны азаят. Ар бир педагог өзүнүн жумушунан моралдык канагат алат, «сабагым жакшыраак өтүлө баштады, кесиптештер жардам берип, менин оюмду да угуп, кеңеш сурайт, демек мен аларга керекмин» деп өзүн барктуу сезип калат.

Ошентип, кызматташуу жакшы жүргөн мектептен мугалимдер кетип калбайт, “баары кийинки жылы да иштешет, анткени жамааттагы ынтымак бекем” деп жетекчи да өзүнчө канааттанып иштейт. Тескерисинче, ар кимиси арызданып, чырдашып, жаатташып жүрсө, мектеп жетекчисине кандай жагымсыз болот…

Мугалимдердин өз ара мамилеси окуучуларга өрнөк болот, тарбиянын эӊ жакшысы ушул. Миӊ айткандан бир ирет көрсөткөн артык. Мугалимдер жакшы болсо, алар иштеп жаткан мектептин окуучулары да жакшы, билимдүү жана тартиптүү болору анык.

(Айтмакчы, онлайн окутуу шартында кызматташуу айрыкча зарыл. Мунун техникалык  мүмкүнчүлүктөрү да көп экенин байкадыӊыздарбы, урматтуу мугалимдер?)

 

Дүйшөн Шаматов, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору

 

Бөлүшүү

Комментарийлер