МУГАЛИМДЕР ЭКЗАМЕН ТАПШЫРЫШЫ КЕРЕКПИ?

  • 24.07.2023
  • 0

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун мугалимдерден экзамен алуу керек деген сөзү кызуу талаш-тартыштарга түрткү берди. Эч кимдин буга акысы жок дегенден – баарын текшерип, көпчүлүгүн кетириш керек дегенге чейин түркүн пикирлер айтылды, дагы да айтылууда. Бул ирет эки тараптын теӊ сөзүндөгү жүйөлүү жагын карап, туюктан чыгар жолду чогуу издеп көрөлү.

МУГАЛИМДЕР ЭКЗАМЕН ТАПШЫРЫШЫ КЕРЕКПИ?

Турмуш сыноосу, “Агай” сабагы

 

Эӊ чоӊ, өтө оор сыноого мугалимдер СССР урагандан кийин туш келди. Айлык акынын ордуна арак берилип, кийин акчалай төлөнө баштаганда деле маяна үй-бүлө бакканга эмес, жалгыз кишинин өзүнө жетпей калган эле го. Ырас, ар кайсы жылдары эмгек акы көтөрүлүп, кыйла дурус чекке жетти. Айлык эӊ чоӊ өлчөмдө былтыр жогорулатылды. Бирок соӊку эки-үч жылдагы инфляцияны эске алганда, номиналдуу жана реалдуу эмгек акынын айырмасы да кыйла чоӊ болгонун көрөбүз…

Быйыл кыш чыгарда мугалим журтун бир кубантып, жалпы коомчулуктун көӊүлүн бургузган окуя – “Агай” сериалы жөнүндө бир эле уу-дуу менен токтоп калбай тереӊирээк талдоо зарыл экенин агай-эжейлерден экзамен алуу керек деген сөз да далилдеп жатат. Бул тасмадагы эӊ орчундуу сабактардын бири – бийик мүдөөнү көздөгөн адам адистикти аӊ-сезимдүү тандап, анын азап-тозогуна кайыл болушу, кесиптин сыртындагы күтүүсүз кырдаалдарга да даяр турушу зарыл деген тыянак.

“Агайда” чагылдырылган турмуш чындыгы – мектепке, балдардын билимине, таалим-тарбиясына коом, мамлекет кайдыгер карап калган арасат мезгилдин сыноосуна көптөгөн мугалимдер туруштук бере албагандыгы. Бул сериалды көргөндөн кийин айлыгы дагы эле базардагы майда соодагерлердин орточо кирешесинен төмөн болсо да, кайрадан мектепке келем дегендер көп болду.

Бирок 90-жылдардан берки аӊтар-теӊтерлерден эми гана эсибизге келчүдөй болуп турган азыркы учурда деле маселени өтө үстүрт түшүнүп, тайыз чечимдер менен чектелип калуу коркунучу бар… Анткени дагы эле толук ойгоно элекпиз, сергек ойлоно элекпиз, оӊолуунун ишенимдүү жолуна түшө элекпиз…

Агай-эжейлерге ким “баа коёт”?

 

Ушул жерден “экзамен” жөнүндө фейсбуктан айтылган бир катар пикирлерди келтирели.

Жолдош Турдубаев: Мугалимдердин деӊгээлин окуучуларынын билимине жараша опоӊой аныктаса болот го, эч кандай экзамен албай эле.

Сабида Сартова:

— Эгер окуучунун дээринде жок болсо, мугалим күнөөлүүбү?

Орозали Сайдилканов:

— Сабида, жөндөмсүз бала төрөлбөйт. Баланын эмнеге жөндөмдүү экенин билбеген, аны өнүктүрө албаган мугалим жана ата-эне болот.

Кеӊешбек Сайназаров:

— Билим берүүдө мугалимден башка окуучу өзү, ата-эне, жолдоштору, ж.б. жактардын да ролун эске алуу керек. Айтайын дегеним, билим берүүнү да саясатташтырып, популисттик чакырыктар үстөмдүк кылган заманда мугалимдер садага чабылып кетпегей эле.

Жолдош Турдубаев:

— Албетте, ата-энелердин таасири өтө чоң. Бирок бир эле мектептеги балдарды ар кайсы мугалимдер ар кандай деңгээлде окутат эмеспи. Мыкты мугалимдин дээрлик бардык окуучулары зээндүү келишет, а начар мугалим бир-эки баладан башка баары жалкоо, тартипсиз, башы иштебейт деп даттана берет.

Алаида Акылбай:

— Айрым балдарды окутуу оңой эмес. Менин жакын курбум жеке менчик мектепте иштейт. Айрым акчалуу ата-энелер мектепке кымбат (300-350 миндин тегерегинде) төлөгөнү аз келгенсип, дагы кошумча окутканга төлөп берели дешет экен… Бирок орусча айтканда «есть абсолютно не обучаемые дети» деп каңырыгы түтөйт… Эми ошол мугалим курбумун билим деңгээлин окугусу келбеген окуучунун билими менен өлчөсө туура болбой калат го…

Жолдош Турдубаев:

— Ырас, ата-энеси такыр көз салбаган, үйдөн колдоп турбаган балдар телефонго ашыкча алаксып, бейбаш топторго кошулуп калган болсо, мугалим жакшы окутушу кыйын. Бирок анын деңгээлин аныктоо үчүн жалаң гана окуусу начар балдардын эмес, бүтүндөй класстын орточо көрсөткүчүнө караса болот эмеспи.

Алаида Акылбай:

— Албетте, болот. Бирок жасалма көрсөткүчтү жогорулатуу сыяктуу тобокелчиликтер дагы болот. Ансыз дагы ошондой.

Аида Элкеева:

— Дээринде жок баланы кыйнап престиждүү мектеп, окуу жайларга окутуп жатышат. Андан көрө алардын жөндөмүн байкап, кайсы жакка ыктаса, ошол тарабын эле өнүктүрүү керек. Сабакка кызыкпаган окуучудан колунан көөрү төгүлгөн уста, уз, ашпоз ж.б. чыгат. Кээ бир окуучуга миң түшүндүрсөң да кабыл албайт, мындай учурда мугалимди начар деп баалоо туура эмес. Тыйындын эки тарабы бар: жөндөмсүз мугалимдер таланттуу балдардын канатын кыркып койгон да учурлар кездешет.

Аскарбек Шерматов:

— Мугалимдин деӊгээли МЭК аркылуу аныкталып, адистик ыйгарылып, диплом берилген… Эми башкача боло турган болсо, анда укуктук талаага түшүү керек.

Өмүркан Исмаилова:

— Мектептер сабатсыз мугалимге жык толгон! Мугалим кынтыксыз, катасыз жазуу менен бирге, өз предметин жеткиликтүү билүүсү – бүгүнкү күндүн талабы!

Барчын Мамытбекова:

— Мурда аттестациядан өтүп, анан категория алчубуз. Жоюп жиберип, жандары тынды. Аттестацияга эч ким каршы болгон жок. Бирок “кудайдан жөө качкандар” деген сөзгө теригип атабыз. «Кой аксагы менен миң» дейт кыргызда. Арасында бар… Мугалим саат сайын үйрөнүп, өнүгүп-өсүп туруш керек, бирок жалпылап айта берген туура эмес.

Улук Уракун:

— Маргиналдарды мурдунан чүлүктөп кетүү оңой. Эмне деген заман болот балдар кароосуз чоңойсо? Еврейлер балдарын убактысын текке кетирбей эӊ пайдалуу иштерге тартат. Жөндөмү барбы, жокпу – балдардын баарын музыкалык мектепке берет, анткени ал маданиятты таанытат. Башкасын айтпай эле коёюн. Бул илгертен келе жаткан салт аларда. Анан биз таң калып калабыз еврейлер кантип эле акылдуу болушат, биз эмнеге жалкообуз деп. Балдар бекерпоздукка көнүп алат. Ага көнгөн соң тагдыры да ошондой болуп уланат. Ушуну качан түшүнөт коомубуз, ата-энелер? Гапыр агайдын долбоору ошондуктан мага абдан жакты.

Асылкан Маматова:

— Мугалим билим берүүнүн сапатына жооп бериши керек болгондон кийин сиз айткандай, анын ишинин натыйжасы окуучулардын жетишкендиктери менен өлчөнүш керек. Окуу жылынын башында диагностикалык баалоону жүргүзүп алып, жыл ичи ар бир окуучунун өнүгүүсүнө байкоо жүргүзүп, эгер өнүгүү болбой жатса, себептерин окутуу методикасынан, мазмундан издегени оң.

Мектеп директорлорунун иши ЖРТнын жыйынтыгына карай баалана баштаганда, тест тапшыра турган ар бир окуучуга көңүл буруп калышты го.

Кайрадан туюкка кептелбейли десек…

 

Мугалим – мектептин эле эмес, бүтүндөй коомдун жүрөгү. Анын кадыр-баркы, деӊгээли канчалык бийик же төмөн экендигине карай өлкөнүн, мамлекеттин эртеӊкиси эмне болорун болжолдой алабыз.

Бул өзгөчө маанилүү кесиптегилердин катарын кандайдыр бир буйрук же токтом менен эле жакшыртып жиберүү мүмкүн эмес. Тескерисинче, артык кылам деп тыртык кылып алышыбыз ыктымал. Ошондуктан системалуу кадамдарды жетик ойлонуштуруп, ырааттуу жүргүзүү зарыл. Төмөндөгү сунуштар боюнча пикир айтып, алымча-кошумча жасайсыздар деп күтөбүз, урматтуу агай-эжейлер.

  1. Мугалимдердин эмгек акысын номиналдуу эмес, реалдуу түрдө кескин көтөрүү керек. Педагогикалык окуу жайларга Жалпы республикалык тесттен 150дөн кем эмес упай топтогондор гана кабыл алынууга тийиш. ЖОЖдор өздөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн билим деӊгээли үчүн жооп бере турган административдик жана каржылык механизмдерди киргизүү зарыл – ошондо мугалимдер такыр башкача даярдала баштайт.
  2. Мектеп программасын сандык эмес, сапаттык көрсөткүчтөргө шайкеш кылып жок дегенде 30-40 пайыз жаӊыртуу зарыл. Б.а. балдардын ар кайсы фактологиялык маалыматтарды жат билишине эмес, эӊ керектүү билимдерди түшүнүп, кийинки баскычтардагы окууда жана турмушта колдоно билишине көбүрөөк маани берүү кажет. Ошондо ЖРТ методикасына да жетиштүү шайкеш келип, балдардын билимин дайым объективдүү баалап турууга жол ачылат. Кечээки окуганын бүгүнкү менен, бүгүнкүнү эртеӊки менен, теорияны практика менен байланыштырууга жетишкен бала өзүнө керектүү маалыматтарды каалагандай көлөмдө өз алдынча алып толуктай берет, колдоно берет.
  3. Окутуу методикасын жана окуу китептердин мазмунун да балдарды жетилүү мүдөөсүнө ылайыктап өзгөртүү зарыл. Советтик дидактикадан калган монолог маалыматтын негизги булагы мугалим болгон ошол доорго туура келчү. Маалымат технологиялары кеӊири колдонулган азыркы мезгилде мугалим класстагы диалогду — талкууну багыттап, балдарды мүмкүн болушунча көп сүйлөтүшү, жаздырышы, буга шыктандырышы керек. “Көрө-көрө көсөм болот, сүйлөй-сүйлөй чечен болот”.
  4. Мугалимдерди кайра даярдоо жана камылгасын арттыруу боюнча альтернативдүү курстарга кеӊири уруксат берүү зарыл. Кайсы окуу жайдын (окутуу борборунун ж.б.) кайсы окутуучусунан сабак алууну мугалим өзү тандай алууга тийиш.
  5. Мектеп деректирлигине биринчи кезекте мугалимдер менен өз ара сый мамиле түзө билген менеджерлерди дайындоо керек.

Иллюстрациялык сүрөт интернеттен алынды: https://tafsilar.info/novosti-uzbekistana/uchat-tomu-chego-sami-ne-znajut-uchitelja-provalili-jekzamen/

Жолдош Турдубаев.

Бөлүшүү

Комментарийлер