ДИСТАНТТЫК КУРС: БИРИНЧИ ТАЖРЫЙБА ЖАМАН ЭМЕС

  • 04.03.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы менен Ош билим берүү институтунда  2020-жылдын февралынан-май айына чейин дистанттык курстар уюштурулду. Бул тууралуу “Кут Билимге” Ош билим берүү институтунун директору Гульмира Турдубаева маек куруп берди.

ДИСТАНТТЫК КУРС: БИРИНЧИ ТАЖРЫЙБА ЖАМАН ЭМЕС

— Гульмира Мамаевна, дистанттык курсту өткөрүүнүн максатына токтолсоңуз.

— Өзүңүзгө белгилүү болгондой, Президентибиз 2020-жылды “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылы деп атады. Санариптештирүүнү биз мурдагы жылдардан эле баштаганбыз. Мисалы, облус боюнча мугалимдердин электрондук базасын түзүү, онлайн түрүндө анкеталык суроолордун жоопторун алуу, райондук методикалык кабинеттер, РИПК менен онлайн конференцияларды өтүү сыяктуу иштерди аткарып жүрөбүз. Ал эми дистанттык курстарды уюштуруу биздин негизги максаттарыбыздын бири болчу. Негизинен дистанттык курстарды Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы менен өткөрүп жатабыз. Төрт айда сегиз курс пландалып, анда облустун аймагындагы 192 мугалим өз билимдерин өркүндөтүшөт. Дистанттык курсту каржылоо, салттуу курстарды каржылоонун эсебинен өткөрүлөт. Мугалимдер билимдерин өркүндөтүүсү жарым жартылай өндүрүштөн ажыратылуу жолу менен жүргүзүлөт. Тактап айтканда беш күн института, беш күн иш ордуларында иштөө менен бирге онлайн тапшырмаларын аткаруу менен өткөрүшөт. Февраль айында март айынын эсебинен 17-28-февралда башталгыч класс мугалимдери жана кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринен 48 мугалим курстан өтүштү. Март айындагы дистанттык курс  2-марттан башталды. Анда орус тили жана англис тилинен 48 мугалим өз билимдерин өркүндөтүп жатышат.

ДИСТАНТТЫК КУРС: БИРИНЧИ ТАЖРЫЙБА ЖАМАН ЭМЕС ДИСТАНТТЫК КУРС: БИРИНЧИ ТАЖРЫЙБА ЖАМАН ЭМЕС

— Дистанттык курсту өтүүдө кандай кыйынчылыктар, көйгөйлөр болду?

— Биринчи кезекте дистанттык курсту өтүү бизге чоң жоопкерчиликти жүктөдү. Себеби дистанттык курс өтүү боюнча бизде тажрыйба жок болчу. Ошондуктан алгач ишти өзүбүздөн баштадык. Институттун бардык курс иштери менен алектенген кызматкерлери РИПКдан дистанттык курстан өттүк. Бул болсо биздин адистердин дистанттык курстан өтүүнүн түйшүк жана ийгиликтерин жон терибиз менен сезгенге жардам берди. Кыйынчылыктар, көйгөйлөр да болду. Биз план-графикти түзгөндөн кийин ал боюнча  онлайн байланышы аркылуу, райондук окуу-методикалык кабинеттеринин кызматкерлерине түшүнүктөрдү бердик. Түрдүү көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун көрсөттүк.  Биздеги негизги көйгөйлөр — интернеттин бардык жерлерге жеткиликтүү эместиги, мугалимдердин маалыматтык-коммуникациялык технологияларды толук өздөштүрүүдөгү чабалдыктары ж.б. болду.

— Дистанттык курстун натыйжаларына токтолсоңуз

— Чындыгында дистанттык курска келген мугалимдер эле эмес, биз, институттун кызматкерлери өзүбүз да тынчсызданып жаттык. Себеби мугалимдер беш модулдан кантип өтөт? — деген суроо баарыбызды түйшөлтүп жатты. Ошентсе да биз курсту ийгиликтүү аяктадык. Мугалимдер курстун акырында өз ойлору менен бөлүштү. Алар: “Курс канчалык кыйын болсо дагы биз көп нерселерди үйрөнгөнгө жетиштик. Өз алдынча иштөөнүү, маалыматты түрдүү булактардан издегенди үйрөндүк,”- деген пикирлерин билдиришти. Ал эми институттун алдыңкы, тажрыйбалуу усулчусу И.Гаипова: “Чындыгында бизге аябай кыйын ошол эле мезгилде эң пайдалуу болду. Азыр мага баары түшүнүктүү кооптонуулар кубанычка алмашты”, — деп айтты. Бул сөздүн өзү эле биздин кызматкерлердин жаңы багытта иш жүргүзүүгө канчалык деңгээлде жоопкерчилик менен мамиле кылып жаткандыгын көрсөтүп турат. Сөзүмдүн акырында өзүмдүн кесиптеш, эмгек жамаатыма жана окуу иштери боюнча орун басарым А.Бабакуловага да ыраазычылык билдирем.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер