МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ТРЕНЕРЛЕР

  • 10.08.2022
  • 0

Бишкек жана Ош шаарында «Диндердин өнүгүү тарыхы» боюнча мугалимдер үчүн тренерлерди даярдоо иштери башталды.

2022-жылдын 8-августунан тарта Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту Бишкек жана Ош шаарларында «Диндин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мугалимдер үчүн тренерлерди даярдоону баштады. Институттун директору Алмаз Токтомаметов аймактардагы мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайлардын 2601 мугалимин 73 тренер 1-2 жума аралыгында окута турганын билдирди. Анын айтымында, жеке менчик мектептерге мугалимдерди даярдоо боюнча да арыздар түшө баштагандыктан, «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы боюнча мугалимдердин саны көбөйүшү мүмкүн. Мугалимдерди окутуу оффлайн жана онлайн режиминде өткөрүлөт. Бүгүнкү күндө «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметинин стандарты даярдалды.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим*

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер