МУГАЛИМДЕР ҮЧҮН ОКУУ МОДУЛДАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 11.08.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 7 миң башталгыч класстын мугалимдерине, ошондой эле 8 миң табият таануу жана математика мугалимдерине инновациялык педагогикалык технологиялар жана STEM билим берүүнүн негиздери боюнча билим берилет.

Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда өткөн тегерек столдо «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун эл аралык жана улуттук консультанттары тарабынан иштелип чыккан окуу модулдарынын бет ачары болду.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын адистери, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун, Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери, Билим берүүнү жана окутуунун методдорун баалоо борбору (ЦOOMO), ЖОЖдордун, педагогикалык колледждердин окутуучулары, мектеп директорлору, эксперттер, практик-мугалимдер жана «Келечек үчүн билим» долбоорунун кызматкерлери катышты.
Ачылыш сөзүндө, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Гүлшан Абдылдаева КР Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерди даярдоону жакшыртуу маселесин карап жатканын белгиледи. «Предметтик жана мета-предметтик билимдерди, анын ичинде билим берүү процессин долбоорлоого STEM мамилесинин негизинде жаңыртуу боюнча программалар азыркы этапта биздин өлкөнүн билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болууга тийиш. Бул, албетте, дүйнөдө маалымат агымынын көбөйүп жаткандыгы жана адам ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүндө жогорку технологиялык инновациялардын киргизилиши менен байланыштуу» — деди министрликтин жооптуу кызматкери
Долбоордун эл аралык консультанты, педагогика илимдеринин доктору, профессор Марина Шалашова модулдарды иштеп чыгууда билимге болгон эл аралык талаптар эске алынганын белгиледи.
«Биз STEM аркылуу дисциплиналар аралык мамиле, долбоордук жана изилдөө иш-чаралары аркылуу, дисциплиналар аралык интеграцияны эске алуу менен предметтик мазмунду өздөштүрүү үчүн такыр башка технологияны ылайыкташтырууга тийишпиз. Ушул пункттарды эске алуу менен программада республиканын жаңы билим берүү стандарттарында формулировкаланган билим берүүнүн сапатына ошол жаңы талаптарды киргизүү милдети коюлган. STEM кандайдыр бир аббревиатура, кандайдыр бир татаал, түшүнүксүз технология болбошу үчүн, “STEM мамилеси деген эмне?” деген түшүнүктү калыптандыруу ар бир мугалимге зарыл, анткени STEM бүгүнкү күндө баланы бардык жерде курчап турат», — деди ал.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар STEMде дисциплиналар аралык байланышты ишке ашыруу, окуу планындагы гендердик сунуштарды талкуулап, сунуштарын беришти.
Белгилей кетсек, «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында 58 миң мугалим ар кандай багытта билим алышат. Тегерек столдо талкууланган модулдардын жардамы менен 7 миң башталгыч класстын мугалимдери заманбап инновациялык педагогикалык технологиялар боюнча, ал эми табият таануу жана математика боюнча 8 миң мугалим инновациялык педагогикалык технологиялар жана STEM билим берүүнүн негиздери боюнча окуудан өтүшөт.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер