МУГАЛИМ УУЛУМА НАСААТ (ЭССЕ)

  • 16.04.2020
  • 0

Эки Чыӊгыз

Мен 1978-жылы жогорку окуу жайды бүтүрүп келип, айылдагы өзүм

окуган Көк-Арык орто мектебинде тарых сабагынын мугалими болуп иштеп

калдым. Күзгө тарта гезит-журналдарда Чыӊгыз Айтматовдун 50 жылдыгына

арналган макалалар байма-бай жарык көрүп, радио уктуруулар, теле

берүүлөр уюштурула баштады.

Бир күнү 6-класста орто кылымдардын тарыхынан Чыңгыз хандын жортуулун өтүп жатсам, төмөнкү ыр саптары куюлушуп келди. Ошонон акыркы куплетин айта кетейин:

Тарыхта таамай жанат эки жылдыз,

Алардын бири монгол, бири кыргыз.

Биринин аты аталса эл баш чайкап.

А бири эл сыймыгы кучак сыйгыс.

Ырды окуучуларга окуп берсем. аларга да жакты. Райондук газетага жөнөтүп жибердим. Чыгып келди. Окугандар “жакшы ыр экен” деп жактырышты.

Андан бери отуз жылдан ашуун убакыт өтүптүр.  Ошол ырды азыр дале сабакта колдонуп жүрөм. Мугалимдин чыгармачылыгы биринчи кезекте өзү үчүн жакшы. Чыгармачыл жана аракетчил мугалимдерден көптү күтсө болот.

МУГАЛИМ УУЛУМА НАСААТ (ЭССЕ)

 

Ырдын которулушу

11 – класста тарых сабагын өтүп жаткам. Сабакка киргенимден баштап эки кыздын баштары

Тийишип, мага эч кандай көӊүл бурган жок. Жанына басып барсам, Константин Симоновдун «Жди меня» деген ырын окуп отурушуптур.

“Бирөөӊ үн чыгарып окуп бербейсиӊби? Баарыбыз угалы!” — дедим. Бирөөсү

ырды үн кубултуп окуп берди. Башкаларды билбейм, ал ыр мага да абдан жакты.

«Окуп берейин” деп китепти кыздардан сурап алдым. Сөздуктөрдү таап, ырды кыргызча которууга кириштим. Эртеси 11-класстагы сабагымды КонстантинСимоновдун «Күткүн мени» деген ырын окуп берүү менен баштадым. Өз эне тилинде болгондуктанбы, окуучулар  кунт коюп

угушту.  Андан бери байкалбай жыйырма  жылдай убакыт өтүп кетиптир. Бирок ошондогу саптар азыр дале кулагымда жаңырып турат:

Күткүн мени кайтып келем,

Күткүн абдан жадабай.

Күткүн жаанда көӊүлдү эзип.

Капа кылган аябай.

Күткүн карда боройлогон,

Күткүн ысык аптапта.

Күткүн күтпөй башкаларды,

Унутуша башташса.

Күткүн чыдап тээ алыстан,

Келбесе да кат кабар.

Күткүн күтүп жадашса да,

Мени сенден башкалар.

Күткүн мени кайтып келем,

Күткүн күдөр үзбөгүн…

Кээде Мугалимде жакшы идеялардын жаралышына  окуучулар да түрткү болот. Мугалим өз кесибин кандай сүйсө, окуучуларды ошондой сүйө билиши керек.

МУГАЛИМ УУЛУМА НАСААТ (ЭССЕ)

 

Директор

Генерал болгусу келбеген солдат солдат эмес дейт. Сенин: “Директор болуш үчүн эмне кылыш керек?” деген сурооӊ мени көпкө ойлондурду. Чынын айтсам, ден-соолугума, үй шартыма байланыштуу директор болуу оюма да келбептир. Бирок көп эле директорлор менен иштештим. Кеп директор болушта эмес директор болуп иштей билиште. Бир

директор досумкуна бара калсам, аялы мага: “Башка директорлор мектептен

үйүнө ташыйт экен. А биздики үйдөн мектепке ташыйт. Полго деген бир аз

тактайыбыз бар эле. “Спорт залдын полун оңдотом” деп, азыр эле мектепке

алдырып кетти. “Кой” десем болбой койду — деп даттанды. Аны-муну айтып,

досумду актаган болдум. Бирок ичимден директорлордун

баары ушундай болсо деп ыраазы болдум. Анткени башка директордун  “Спорт залдын полу чирип кетти” деп, үйүн полдотуп алганын көргөм.

Союз тараганына жыйырма жылдан ашуун убакыт өттү. Коом

аябагандай эле өзгөрүүдө. Бирок мектеп реформасы эмнегедир толук ишке

ашпай жатат. Айыл жериндеги мектептерде баягы эле «түшпөс хандар»

директор болуп иштеп жатышат.

Директорлук кызмат алты жылдан ашпаганы дурус. Андан узап кетсе, директорлор ошол мектептин «кожоюнуна» айлана баштайт. Мектеп директорлорун ротациялап туруу

керек. Ошондо гана алардын кандай директор экендиги билинет.

Уулум, аман болсоӊ далай директор менен иштешесиӊ. “Беш манжа тең эмес” дегендей, директордун да ар кандайы бар. Мисалы  бюрократ директор

өзүн дайыма өзгөлөрдөн жогору сезет. Кабинетинде отурушу эле бир баа.

Сүрүнөн эч ким даап, үстүнө кире албайт. Андайлар тыӊ мугалимди

сүйбөйт. Туура болбосо да, аныкы дайыма туура.  Ката кетиргенди кечирбейт.

Көзүнүн кареги менен айланып тургандарды гана

жактырат. Боштук кылсаӊ, жүдөтүп жиберет. Өзүӊө тыӊ, ишиӊе так болсоӊ,

көп тиш сала албайт. Мындай директор жетектеген мектепте тартип темирдей, тазалык күзгүдөй болгону менен, мугалимдердин чыгармачылыгы төмөн болот. Анткени ар бири белгиленген чийимден чыкпоого аракет кылышат.

Ал эми ак сөөк директор өзүнө жарашыктуу кийинип, дайыма таза жүрөт. Мугалимдерге да абдан сылык мамиле жасайт. Сыпаа болуп жамаатка көп аралашпайт. Мектепке көп жолобойт. Колу семинар, конференциялардан, жыйналыштардан бошобойт. Эки күндүн биринде райборборго кетип ишти көбүнчө завучтары аткарат.

Жетелеме директор иштин көзүн таппайт. Жогору жактагылардын айтканын гана жасайт. Өз алдынча чечим кабыл ала албайт. Коркок, жалтак.Мындай директорду көбүнчө «лидер» мугалим же «тынчы жок» мугалим жетелеп алат.

Паракор директор пара алуунун жана пара берүүнүн жолдорун мыкты өздөштүрөт. Өзү кызматка кантип орношсо, башкаларды да кызматка ошентип орноштурат. Эӊ жаман жери андайлар пара бербегендерге октой тийгени менен, пара бергендерди көрсө көрмөксөн, билсе билмексен болуп

аларга унчуга албайт.

Табышкер директор көбүнчө чарба иштери менен алек болуп окуу процессине анча көӊүл бөлбөйт. Демөөрчүлөрдү таап чарбадан жер бөлдүрүп картошка, кызылча же чөп эктирип, уй, кой, коён бактырып, көмөкчү чарба уюштуруп, мектептин ашканасын эт, сүт, ысык тамак менен камсыз кылат.

Мектептин оӊдоп түздөө иштерин, мугалимдердин, окуучулардын кароо-сынактарга катышуусун каржылайт. Мындай мектепте окуу процеси анчалык сапаттуу болбогону мене,н эмгек тарбиясы жана класстан тышкааркы иштер жакшы жолго коюлат.

Демилгечил директор уюштургуч, ийкемдүү болот. Ар бир мугалимдин мүдөөсүн таба билет. Белгилүү даталарда мугалимдер менен дайыма чогуу болуп, алар ырдаса ырдап, бийлесе бийлеп өзүнүн да өзгөлөрдүн да көӊүлүн көтөрө билет. Мугалимдердин окуучулардын демилгесин жерге таштабайт. Каро-сынактарда дайыма алдыӊкы орундарга жетишет. Мындай директор менен иштешүү ар бир мугалимге жагымдуу.

Демократ директор бардык маселени ортого салат. Ар бир мугалимдин ой-пикирин уга билет. Өзүнө карата айтылган анча-мынча сынды көтөрөт. Анын кабыл алган чечимдерине эч ким нааразы болбойт.  Ишине кылдат, жамаатка калыс мамиле жасай билет.

Лидер директор районго, облуска, республикага жалпы журтчулукка өзүнүн өрнөктүү иштери менен белгилүү болгон чыгармачыл директор. Андай директор менен иштешүү менимче, ар бир мугалимге бакыт болсо керек. Андай директордун мектебинен мугалим ишке каныгып, такшалып чыгат.

Тилекке каршы мындай бакыт ар бир эле мугалимге туш келе бербейт. Мүмкүн сен да директор болуп калаарсыӊ. Ушуларды унутпай көӊүлүӊө түйө жүр.

Соӊку сөз

Уулум, айрым адамдар: “Менин ата-бабам болуш болгон, бий болгон, манап болгон, бай болгон!” деп сыймыктанат экен. Мен антип сыймыктана албайм. Менин ата-бабаларым карапайым эле малчы, дыйкан болсо керек. Атам болсо бүт өмүрүн балдарга кыргыз тилин окутууга жумшаган жөнөкөй эле айылдык мугалим болчу. Мен болсом атамдын жолун жолдоп 37 жылдан бери мектепте мугалим болуп иштеп келе жатам. Мага кайра жаралуу бактысы туш келсе, кайра дале ушу мугалимдик кесипти тандап алмакмын.

Менин сага мурастаар байлыгым, энчилээр энчим дале жок. Апаӊ экөөбүз мамлекет төлөгөн бир аз айлык менен силерди кийндирип, окутуп, тарбиялап, жогорку билимге ээ кылып, жолго салууга араӊ үлгүрдүк. Байлык, бийлик, мансапка кызыкпа. Эӊ негизги байлык бул —  ден-соолук, аманчылык, тынччылык. Өлкөбүз коррупциядан кутулса, элдин турмушу тез эле оӊолот.

Элдин турмушу оӊолсо, мугалимдердин турмушу да оӊолот. Чынында дүйнөдө Кыргызстандан бай өлкө жок. Биздин байлыгыбыз тоолордун арасында жатат. Ал байлыкты өздөштүрүү үчүн бизке акыл-эс, сарамжалдуулук, мекенди сүйө билүү гана керек. Жогорку билимдүү болуп туруп, башка өлкөгө барып иштеп, жашап калуу бул жигитчиликке жатпайт.

Мындан кыйын учурларда да мугалимдер өз кесибин таштаган эмес. Азыр мектептерде мугалимдик кесипте көбүнчө кыз-келиндер басымдуулук кылат. Бул өтө өкүнүчтүү. Балдарга атанын да тарбиясы керек. Атанын тарбиясын, атанын талабын көрбөгөн баладан кийин кандай жигиттик же мекенчилдик сапаттарды күтсөк болот? Менимче сендей жаш мугалимдер аталардын мекенчилдик сапатын алып жүрүүчүлөр болуп саналат. Андыктан мектепте

аял мугалимдер менен эркек мугалимдер теӊме-теӊ болсо, абдан жакшы болор эле. Мүмкүн ал күн да келээр, сөзүмдү төмөнкү ыр саптары менен аяктоону туура көрүп турам.

Шаӊга бөлөп жашоо, турмуш, дүйнөнү,

Балдар жердин жандуу, назик гүлдөрү.

Болуш үчүн эӊ татыктуу педагог,

Болуш керек балдардын чын сүйгөнү.

 

Балдар баамчыл баарын кылдат караган,

Бала сырын туя бербейт ар адам.

Адам гана зор педагог боло алат,

Балдар менен сырдашууга жараган.

 

Назиктиги, тунуктугу башкача,

Балдар булак мөлтүрөгөн таптаза.

Балдар сүйгөн зор педагог боло алат,

Ким балдардын ишеничин актаса..

 

Акчал Атагулов, Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин мугалими

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер