МУГАЛИМ УУЛУМА НАСААТ (ЭССЕ)

  • 08.04.2020
  • 0

Сабак саламдашуудан башталат

Кандай сабак болбосун, ал саламдашуудан башталат. Саламдашуу —  сабактын уюштуруу этабынын маанилүү бөлүгү. Айрым мугалимдер буга көп маани бере беришпейт.  Буга кошумча мугалим болгон соң сабактан кийин коштошо да билиш керек.

Уулум, көңүлүңө түйүп ал. Сабак негизинен уюштуруу, үй тапшырмасын текшерүү, өздөштүргөн билимдерди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү бышыктоо, окуучуларды жаӊы билимдерди өздөштүрүүгө даярдоо, жаӊы билимдерди өздөштүрүү. жаӊы билимдерди бышыктоо, окуучулардын билимин баалоо, үйгө тапшырма берүү жана сабакты жыйынтыктоо баскычтарынан турат.

Ар бир этаптын өзүнө тиешелүү дидактикалык милдеттери бар. Эӊ негизгиси сабак оптималдуу болушу үчүн мугалим өзүнө тийиштүү 45 мүнөт убакытты туура колдоно билиши керек.

МУГАЛИМ УУЛУМА НАСААТ (ЭССЕ)

45 мүнөт

Бир жолу завуч катары өзүмдөн бир топ улуу агайдын сабагына кирип калдым. Агай менин киргенимди байкабай калса керек. “Китебиӊерди ачып 18-параграфты окугула. Анан сурайм» деп, кармай кирген газетасын окуп отуруп алса болобу. 10 мүнөт өттү, 20 мүнөт өттү, агай дале газетадан баш көтөрбөйт. Класс тым-тырс. Окуучулар агай экөөбүздү астыртадан карап коюшат. Аг “Бул эмнеси?” деп, мен да өзүмчө бушайман болуп жаттым. “Тоготпой жатабы?” деп да ойлодум. Жарым саат өткөндө, окуп жаткан газетасын бүктөп жатып мени байкап калды. Мугалим шашкалактап бир-эки окуучуну ордунан тургузуп үй тапшырмасын сурап, жаңы теманы өтүп бышыктаган болуп, эптеп сабакты бүтүрдү. Улуу кишилердин уялганы кыйын экен. Эки-үч күн мага көрүнбөй качып жүрдү. Мен да эч кимге айткан жокмун. Өзүнө теӊтуш агайга айткан окшойт. Үч күндөн кийин түштө жалгыз отурсам: “Биз сага аябай уят болдук. Кечирип кой. Бул жоругубузду эл укпасын!” деп экөөсү ээрчишип кирип келди. Мен го мен, ал эми окуучулар кандай ойдо болушту экен деп, көпкө ойлонуп жүрдүм.

Баа, баалоо, баа берүү деген эмне?

МУГАЛИМ УУЛУМА НАСААТ (ЭССЕ)

Биз бала кезде айылга бир жаш мугалим келип орус тилинен сабак бере баштады. Элетте орус жок болгондуктан, агайга баарыбыз суктанабыз. Биз да орусча сүйлөгүбүз келет. Ал кезде күндөлүк деген жок. Сабакта жакшы жооп берсек, агай бор менен чекебизге “5” деп жазып берет. Ал күнү эл көрсүн деп, кечке баш кийим кийбей, жылаӊбаш жүрөбүз.

Мугалимдин койгон баасы окуучу үчүн чоӊ мааниге ээ. Көпчүлүк окуучулар”5” деген баа алгысы келет. Бирок ошол баа окуучунун билимине шайкеш келеби же келбейби, маселе мына ушунда турат. Бир жолу бир мугалим 7-класстын эки окуучусун завучка жетелеп келди. Көрсө, бирөөсү  кыргыз тили сабагында мугалимге мыкты жооп бериптир. “Күндөлүгүңдү алып кел, баа коюп берейин” десе, ал окуучу жанындагы окуучунун күндөлүгүн алып келип баа койдуруп жатканын мугалим байкап калат. Мугалим бул өнөкөт жайылып кетпесин деп ойлоп: «Силерди завучтарга айтайын” деп, бизге жетелеп келиптир. Сурап көрсөк, биринчиси: “Сен алган бааӊды менин күндөлүгүмө койдуруп тур. Мен ата-энеме көрсөтүп келейин. Мен “5” алганда, сенин күндөлүгүӊө койдуртуп берем” дептир. Бул кырдаалдан окуучу да, ата-эне да билимге эмес, баага басым жасаганын байкоого болот.

Азыр заманга жараша окуучулардын билимин баалоонун ар кандай жолдорун жана ыкмаларын сунуштап жатышат. Деги баа, баалоо, баа берүү деген эмне?

Баа —  бул окуучунун окуудагы жетишкендиктерин белгилөөчү сан же белги.

Баалоо — бул окуучунун таанып-билүү ишмердигине байкоо жүргүзүү.

Баа берүү — бул кайтарым байланыштын сапаттык байланышы.

Алсак ашпозчу тамак жасоодо алгач байкоо жүргүзүп тамактын тузун, даамын татып көрөт. Кардарлар болсо тамактын даамына баа беришет. Ал эми тамактын баасы акчалай берилет. Мындан көрүнуп тургандай, окуучунун билимин баалоодо баа коюдан мурда анын таанып-билүү ишмердигине өзгөчө көӊүл буруу керек.

Эми окуучулардын билимин баалоонун түрлөрүнө токтолуп көрөлү. Алар: калыптандыруучу баалоо; (байкоо жүргүзүү, өзүн-өзү баалоо, өз ара баалоо, жат жазуу, эссе, ж.б.),  диагноздоочу баалоо; (тест, текшерүү иш ж.б.), жыйынтыктоочу баалоо; ( чейректик, жылдык баа, модулдук, зачёттук баа, экзамендик баа, ж.б.).

Калыптандыруучу баалоо – бул окуучунун окуусуна максаттуу түрдө үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү процесси.

Диагностоочу баалоо – бул окуучунун билиминин, билгичтиктеринин көндүмдөрүнүн деӊгээлин аныктоо. Ал көбүнчө окуу жылынын башында, теманы окуп үйрөнүүдө, бөлүмдүн же главанын башында жана аягында жүргүзүлөт.

Жыйынтыктоочу баалоо — бул окуучунун билиминин, билгичтиктеринин, көндүмдөрүнүн деӊгээлин аныктайт. Окуучунун билимин баалоодо мугалим анын иш-аракетин көзөмөлдөп, багыт берет, стимулдаштырат.

Мугалимдин баасы так, калыс, реалдуу, ачык-айкын, жеткиликтүү, окуучунун билимине шайкеш болушу өтө маанилүү.

Чөнтөк телефондор

МУГАЛИМ УУЛУМА НАСААТ (ЭССЕ)

Чоӊ класстын окуучулары сабак учурунда чөнтөк телефон менен алаксып отурганын көп көрөбүз. Баланын кызыкчылыгы сабактан да жогору болуп жаткандыктан, канчалык тыйсаӊ да болбойт. Тыйган сайын окуучу мугалимди жаман көрүп, мугалим менен окуучунун ортосундагы ажырым ошончолук күчөйт.

Баланын компьютерге, чөнтөк телефонго, интернетке кызыгуусунун эч коркунучу жок. Болгону аларды туура колдоно билүүгө үйрөтүш керек.

Бир ата-эне баласынын уяттуу сайттарды ачып көргөнүн байкап калат. Урушкандан пайда чыкпасын түшүнүп, баласын чакырып алып: «Уулум, сага бул сайттын азырынча кереги жок. Кийин көп нерсени түшүнгөндө, ачып көрөөрсүӊ. — деп айтыптыр. Бул кырдаалда ата-эненин чечими туура, балага түшүндүрө билиш керек.

Адеп сабагында 7-класска “Дары чөптөр” деген теманы өтөөрдө класстагы окуучуларды беш чакан топко бөлүп 1-топко бака жалбырак, 2-топко чалкан, 3-топко тамеки, 4- топко көкөмерен, 5-топко кара куурай тууралуу маалымат топтоп айтып берүү тууралуу тапшырма бердим. Окуучулар маалыматты кандайча топтоорун билишпей саамга ойлонуп калды. Мен:  “Чөнтөк телефонуӊар барбы?” десем, баары «Бар!”дешти. “Эмесе телефонуӊарды алып, интернеттен издеп көргүлө!” дедим. Окуучулар он мүнөттө эле тамеки, кара куурай жөнүндө маалыматтарды таап,  алар кайсы жерлерде өсө тургандыгы, алардын ден-соолукка тийгизкен терс таасирлери тууралуу айтып беришти. Менин негизги максатым окуучуларды чөнтөк телефондорду туура колдонууга үйрөтүү болчу. Мына ушундан кийин окуучулар чөнтөк телефонду туура колдонгонго үйрөнө башташканын байкадым. Бүгүнкү күндө окуучу эле эмес, мугалим да заманбап технологиялардын өнүгүшүнөн артта калбашы керек.

Акчал Атагулов, Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин мугалими

 

Бөлүшүү

Комментарийлер