МУГАЛИМ УУЛУМА НАСААТ (Эссе)

  • 14.02.2020
  • 1

           Жакшы мугалим окуучуга эрегишпейт

Класска кирсем, мугалимдин отургучуна кимдир-бирөө борду майдалап, сээп таштаптыр. “Кантээр экен” дегенсип, окуучулар астыртан сынай тиктешет. Ким жасагандыгын териштирсем, сабагым текке кетчүдөй. Кудай жалгап, мугалимдер бөлмөсүндө окуп отурган газетамды кармай киргем. Унчукпастан отургучтун үстүнө газетамды жазып, сыр билгизбей, сабагыма кириштим. Коңгуроо кагылары менен, газетаны кайра алып: “Балдар, бул кылганыңар туура эмес. Бирөөлөр көрсө, уят болобуз.  Эч ким көрө электе, тазалап койгула!” деп эч нерсе болбогондой, класстан чыгып кеттим.

Кийинки сабакка кирсем, окуучулар отургучту тазалап коюшуптур.    Балдар балалык кыял менен эмнелерди гана жасабайт! Мугалим канчалык токтоо, сабырдуу, чыдамкай, кечиримдүү, көтөрүмдүү болсо, ошончолук окуучуларга алымдуу болот. Сен жакшы мугалим болом десең, окуучуңдун тилин таап, аны өзүӊө тарта билишиӊ керек. Окуучуга эч убакта эрегишпе! Эрегишкен адам эч качан мугалим боло албайт! Айрым мугалимдер окуучуларды “Директорго, завучка айтам!” деп коркутушат же окуучуну директор, завучка жетелеп келишет. Бул туура эмес! Колдон келсе, ар бир мугалим өз көйгөйүн өзү чечкенге аракет жасашы керек. Тил-оозу, акыл-эси бар бала баарын түшүнөт. Бар болгону, ага туура мамиле жасай бил!

Мен канча жыл иштесем да, тентектик кылган балдарды мугалимдер бөлмөсүнө же директор, завучка жетелеп бара элекмин.  Ар дайым окуучуну  түшүнүүгө аракет жасайм…

МУГАЛИМ УУЛУМА НАСААТ (Эссе)

                   Ширеңкени ким чакты?

Сабак өтүп жатсам, класстын ичи күкүрт жыттанып кетти. Кимдир-бирөө шереӊке чакса керек. Кыздар шереӊке чакпайт. Балдар чагышы мүмкүн. Ким чакты болду экен? Окуучуларды астыртан карасам, эч ким сыр бербейт. Баары билмексен. Мен дагы эч нерсе сезбеген кишидей, сабагымды уланта бердим. Он мүнөт өтүп-өтпөй, баягы дагы кайталанды. Сыр бербегеним менен, көӊүлүм уйгу-туйгу боло баштады. Ким болду экен? Класста үч-төрт тентек бала бар эле. Алар дайыма танапис учурунда ажатканага барып, тамеки чегип, сабакка кечигип келишчү. Бир-эки жолу көрүп калып, өзүм да уяткарган элем. “Болду-болбоду,  ушулар болуш керек!” деп ойлодум. Кимиси болду экен? Карасам, баары сабакты берилип угуп жаткандай,  койдон жоош болуп, момпойуп отурат. Эмне кылсам? Шереңкени колунан кармап албагандан кийин «Сен кылдыӊ!» деп бирөөнү күнөөлөш да туура эмес. Анын үстүнө чоңойуп  калган балдарды  кыздардын алдында уяткаруу өтө опурталдуу. Кыздар билсе да, билмексен. Алар мени аяшканы менен, балдардан тартынып, эч нерсе деше албасын, жүрөгүм сезип турду. Окуучулардын баары бир тарап болуп, мен өзүм жалгыз калгандай сездим… Сыр бербей сабагымды уланта бердим. Бирок класс мага баягыдан да оор боло баштады. Көп өтпөй класс дагы күкүрт жыттанды. Бул жолу үн катпай коюшка болбой калды. «Ким шереӊке чагып жатат?»- дедим. Окуучулар астыртан бирин-бири сырдуу тиктешип, унчугушкан жок. «Ким чакса, ошого рахмат! Күкүрт болбосо, ал булгап койгон абадан дем ала албай калмакпыз!» дедим. Окуучулар араӊ турган белем, ал баланы карап, «дуу» күлүп жиберишти. Карасам, мойнуна чейин кызарып кетиптир. Ага ушул эле жетиштүү болчу. Унчукпай сабагымды уланта бердим…

МУГАЛИМ УУЛУМА НАСААТ (Эссе)

                                    Элчи

Уулум, сен мага таарынганыӊ эсиӊдеби? Мен: “Кийин өзү түшүнүп, өзү чечим чыгараар” деп, ал кезде  сага унчуккан эмес элем. Андан бери көп жыл өттү. Азыр сен да мага окшогон мугалимсиӊ. Мугалимге бирөөнүн баласы өзүнүн баласынан да жакын көрүнөрүн байкаган чыгарсыӊ. Анткени, биздин кесибибиз ошондой кесип. Бирөөлөрдүн баласын өз балаӊдай сүйө албасаӊ, анда мугалим боло албайсыӊ!

Лицейдин окуучулары 8-мартта энелерди чакырып кече өткөрүп жаткан. Балдар үчүн, апалар үчүн мындан артык күн барбы! Бирок бир окуучумду  ал жерден көрө албадым. Издеп барсам,  бөлмөдө жалгыз ыйлап отуруптур. Мени көрүп, ого бетер жашып кетти.  Ички бугу чыксын деп, мен да бир топко үн катканым жок. Мүнөзү токтоо, мыкты окуучу болчу. Энеси жакында эле кайтыш болгон. Атасы апасы менен ажырашып кетиптир. Таенесинен башка күйөр адамы жок болчу. Анысы да Бишкекте ооруканада дарыланып жаткан. Ыйлап  басылганда: “Таенеңди сагындыңбы?” дедим. Үн каткан жок. «Эртеӊ кечинде мен Бишкекке командировкага жөнөгөнү жатам. Кааласаӊ, директордон уруксат алып, сени кошо ала кетейин.  Таенеӊди көрүп келесиӊ” десем, ишенип- ишенбей, мени тиктеп калды.

Эртеси кечинде экөөбүз автобуска отуруп, Тараз аркылуу түндөп Бишкекке жол тарттык. Жол ката: “Келечекте ким болгуӊ келет?”-десем, -“Элчи болгум келет. Лицейди бүтөөр менен эл аралык мамилелер иниститутуна тапшырам” — деди. Бишкекке жеткенд, аны таекесине тапшырып, эртеси филармониянын алдынан жолукмак болдук. Кийинки күнү экөөбүз түшкө чейин ЖОЖдорду кыдырып, түштөн кийин бала күндөн чогуу өскөн досумдун үйүнө кайрылып калдык. Досум элчиликте иштечү. Барсак, өзү менен бирге иштеген эки киши менен отуруптур. Чогуу түштөндүк. Көчөгө чыкканда: «Сен элчи болом дейсиӊ. Элчилер менен чогуу отуруп, тамактанганыбызды билдиңби?» десем, сүйүнгөнүн айтпа! Аны көрүп, мен да кубандым. Баланы психологиялык оор жагдайдан чыгарганымды сезип, өзүмө-өзүм ыраазы болдум.

Келгенден кийин, ал классташтарына көргөн-билгендерин төкпөй-чачпай айтып бериптир. Ошондо: «Мени алып барбай, бирөөнүн баласын алып барат!» деп таарынып калганыӊды, айтпасаӊ да билдим. Өзүӊ айткандай, ал окуучу кийин мага эч нерсе дале  кылып берген жок. Бирок мен бир окуучуга аз да болсо, жөлөк болуп, багыт бергениме ыраазымын.

                                  Тырмак

Мугалимге окуучудан өтөөр сынчы жок. Мугалим кийген кийими, кыймыл аракети, тышкы көрүнүшү, кабак-кашы, мамилеси, кыял-жоругу, мүнөзү дайыма окуучунун көзөмөлүндө болорун унутпашы керек. Башталгыч класстын окуучулары мугалимди айрыкча идеал тутушат. Алар үчүн мугалимдин айтканы мыйзам!

Бир жолу башталгыч класстын бир мугалими ооруп калып:   “1-классты эки-үч жума окутуп тур” деп директор, завучтар мага тапшырышты. Башталгыч классты окутуп көрбөгөндүктөнбү,  чынын айтсам, абдан жүдөдүм. Эжеси келгенче, уятымдан эптеп чыдадым. Элибиз «Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун» деп бекеринен айткан эмес экен. Майда балдарга башталгыч класстын мугалими гана сабак бере аларын ошондо түшүндүм.

Бир күнү  класстагы окуучу кыздардын бири мага кылдат бүктөлгөн кичинекей кагазды сунду. “Бул эмне болду экен?” деп  ичин ачсам,  кадимки тырмактар  жүрөт. Мурунку күнү мен окуучуларга: “Жуунуп, тазаланып, тырмагыӊарды алып келгиле!” деген элем. Ата-энеси түшүндүрсө да көнбөй: “ Агай тырмагыӊарды алып келгиле деген болчу”, — деп ыйлап, кагазка оротуп алыптыр.

Көрсө, менден да кичинекей, бирок чоӊ ката кетиптир. “Жуунуп,  тырмагыӊарды алып келгиле!” дебей, “Тырмагыӊарды алдырып келгиле!” десем, туура болмок экен. Кийин түшүндүм. Окуучуларга туура сүйлөп, туура мамиле жасай билиш керек экен. Кичинекей жаӊылыштык, кээде чоӊ катачылыкка алып келиши мүмкүн.

               Мугалим кечиримдүү болушу керек

Балдар, айрыкча өспүрүмдөр бара-бара мугалимге сын көз менен карай башташат. Мугалимдин тышкы көрүнүшү, мамилеси же кыялы жакпай калса, кошумча каймана  аттарды койгондон коркушпайт. Угуп же билип калсаӊ, ага эч теригүүнүн, капа болуунун кажети жок. Чычаласаӊ, окуучуларга жеӊилип бергениң ошо!

Бир күнү класска баратсам,  бир окуучу: “Балдар, азыр чал келет! Чалдын сабагы!” — деп кыйкырып жатыптыр. Саламдашкан соӊ. баягы окуучуну доскага чакырдым. Окуучулар  «Директорго алып барат» деп ойлошту окшойт, эмне кылар экен деп турушту. Эч ачууланбай, капаланбай, жай гана: “Сен менин атымды жакшы билбейт окшойсуӊ. Менин азан чакырып койгон атым Чал эмес, Акчал. Ишенбесеӊ, паспортумду көрсөтөйүн. Апам кичинекей кезимден бери эле” Акчал!” деп чакырат. Менин чоӊ энем  чоң атамды “Ысмайыл” деп атынан айтпай,  “Балдардын атасы” же “ Чал” деп чакырат. Сен менин чоӊ энеме окшош экенсиӊ!” дедим. Класстагы окуучулар “дуу” күлүп жиберишти. Ал бала эрдиги ишке ашпай, уялганынан кызарып, жер тиктеп калды. Ушул эле жетиштүү болчу ага! Ордуна отургузуп, эч нерсе болбогондой, сабагымды баштадым.

Негизи мугалим кечиримдүү болушу керек. Баланы жазалаардан мурда, сен да убагында бала болгонуӊду унутпа!

Акчал Атагулов, Талас облустук чет тилдер лицей-комплексинин мугалими

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер

Edisa Sydykbekovna / 08.04.2020 21:57
Саламатсызбы агай?Эссе мага абдан жакты,чыныгы турмуштан алынган,терен тарбиялык маанини бериптир!Ишинизге ийгилик!Сиздин насааттарыныз бизге чон сабак.