МУГАЛИМ “ТАЗАЛЫКТЫН” ЖУМУШЧУСУ ЭМЕС!

  • 11.03.2022
  • 0

Менин бүгүнкү баяным социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан Айсалкын Карабаеванын ”Көчө шыпыргычка айланган байкуш мугалимдер! Билим берүү министрлигине дубай салам! Мугалимдердин укугун тебелеген мэр, губернатор, акимдер бюджетте каралган акчага көчөнү тазалаткыла! Колуңду тарт мугалимдерден! Мугалимдин милдети –бала окутуу!” деген посту тууралуу болмокчу.

 

Посттун автору өзү тарткан видеосун FACEBOOK баракчасына жүктөп жатып: “Мугалимдер иштеп жатышат, минтип шыпыргы көтөрүп алып, көчөлөрдү тазалап, күзүндө болобу, жазында болобу, кышында деле чыгара беришет. Ушул кантип болсун? Бирөөнүн эшигин тазалап жатышат мугалимдер, ал эми үй ээлери болсо, басып жүрүшөт. Эмнеге үй ээлери өздөрү тазалабайт? Мына бул бир эле мектептин мугалимдери, ал эми аркы көчөлөрдө башка мектептин мугалимдери да жүрүшөт, президент келет деп. “Эмне үчүн Президент келсе мугалимдер чыгышы керек? Бизди кыйнап чыгарып жатат!”, — деп, мугалимдер Президентти күнөөлөп жатат. Ал эми өлкө башчысы аны билбейт да”, — деген сөздөр менен коштогон.

Белгилүү болгондой, Билим берүү жана илим министрлигинин чоң жыйындарынын биринде көп жылдар бою бүлкүлдөп ичке катып, акыры көйгөй болуп чыга келген мугалимдердин коомдук жумуштарга ашкере тартылышы тууралуу маселе каралган.

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсалов, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары
Н.Джусупбекова, Мектепке чейинки, Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы
М.Усеналиевдин катышуусунда, 2021-жылдын 9-декабрында болгон кеңешменин протоколунун №2 пунктунда: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери:

Окуучуларды, билим берүү уюмдарынын педагогикалык жамааттарын окуу процессине байланышпаган иш-чараларга тартууга, мугалимдердин түздөн-түз иш милдеттерине кирбеген жумуштарды аткарууга тыюу салынсын” деп белгиленген.

Өзүбүз көрүп тургандай, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул протоколдун аткарылышын көз жаздымында калтырууда.

Жаздын келиши менен күздүн калдыктары көзгө өөн учурап, анда-санда айланган шамал таштандыларды оодара сапырып, көчө тазалыгы, дүкөндөрдүн жаны, дарбазалардын сырты балит көрүнүп, дарактардын кургаган бутактары көчө бойлогон жерге арбайып түшүп жатканы талашсыз. Союз кезден мурас калган ишембилик жалгыз эле мугалимдердин бешенесине буюрганбы деген ой менен интернеттин FACEBOOK баракчасынын мугалимдерге арналган ар кайсы тайпаларда талкуулар жүрүүдө:

– Жаз келе жатат. Мугалим ишемби сайын көчө шыпырат. Эмне үчүн ар ким өз эшигинин алдын тазалабайт? Таза болбосо айып пул салуу керек.Чара колдонмоюн биздин элдин аң-сезими жетпейт. Мугалимдерди ишемби сайын ишембиликке чыгарганды токтотсоңуздар. Мугалимдердин укугу да тебеленип жатат, — дейт Элмира Сыдыкова.

– Мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүү керек, көчө шыпыргыч кылбай. Ушинтип жүрсө ким сыйлайт? Же мугалим эмес же “Тазалыктын” жумушчусу эмес. Токтотуу керек, көчө шыпыртканды, — деп жазат Сыйбүбү Борболдоева.

– Чоңураак класс деп 8-11-класстын окуучуларын ишембиликке чыгып жардам бергиле десек, мыйзамды айтып мугалим менен айтышып карап турушат. Анан кантип мугалимдин окуучулардын астында сыйы артсын? Биздин убагыбызда мугалимдин айтканын эки кылбай, тырмоок, шыпыргы алып келип тазалап, шыпырып кетчүбүз, — дейт Асел Кубанычбековна.

– Коомдогу эң кыймылдаткыч күч мугалим, отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн, асылганы да, көчө шыпырганы да, айлыгы азы да мугалим, — деп жазат Гүлкумар Тешебаева.

– Эмне үчүн ошол үйдүн, дүкөндүн же ошол имараттын ээси чыгып тазалабайт? Мугалимдер өзүңөр күнөөлүүсүңөр, эмнеге чыктыңар, чыкпай койгула, бүттү, эч кимдин сизди ишембиликке чыкпай койду деп иштен бошотууга акысы жок. Ушул айылдын айыл өкмөтүнүн башчысын, мугалимин коргой албаган директорун, РайББ бөлүмүнүн башчысын жумуштан бошотуш керек! — дейт Раныт Мамбетова.

– Башынан эле көчө шыпыргычпыз да, ал эле эмес, каникул убагында «разнорабочий», митинг болсо «сүрмө топ», ким стресс болуп келсе күчүн чыгарган “груша”, комиссия келсе «официант» жана желдеткич универсалбыз, — деп жазат Улан Джумабеков.

Айнура АСАНАЛИЕВА, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер