МУГАЛИМ БЕРИП ЖАТКАН БИЛИМДИН НАТЫЙЖАСЫНА КАРАП СЫЙМЫКТАНЫШЫ КЕРЕК

  • 05.08.2022
  • 0

Урматтуу жаш мугалим!

Жаңы окуу жылда өмүрүңүздүн эң бир эсте калаарлык мезгилин башыңыздан өткөрүп баштадыңыз. Сиз жараткандын маңдайга жазган буйругу менен пайгамбарлар аркалаган улуу кесиптин ээси болуп, жаратылыштын эң бир назик катмарынын сабаттуулугун жоюуга белсенип кирдиңиз. Сиздин мектептеги ар бир кадамыңыз, айткан ар бир сөзүңүз, балага жасаган ар бир мамилеңиз коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымыңыз. Ошол эле учурда дал ушул азыркы иш десе ишке, аш десе ашка тойбой турган, курч жана кыраакы боло турган мезгилде жалкоолукка, кайдыгерликке, эптеп септеп жөн эле жашай турган адатты азыртан баштаган болсоңуз, анда сиз коомдун өксүгүнө салым кошуп жаткан болосуз.

Биз, улуу муундагы мугалимдер, башынан өткөргөн оор кырдаалга туш болсок, биз аны көтөрө алабызбы, жокпу билбеймин. Азыркы улуу муундагы мугалимдердин ар бир агарган чачы турмуш менен мектептин ортосундагы айыгышкан кармаштын, билим менен тарбиянын ортосундагы ажырагыс байланыштын арасында эленип, ийленип, желип, сөгүлүп, кагылып бирок ошого моюн сунбастан туруштук берип, баарын жеңип, мына азыр эми алар мектептин ардактуу төрүндө,  айрым учурда пенсионерлер деген түртмө астанада жашап келишет. Алар бир мезгилде айлык ордуна чыттан болчу шайы, айрым учурда аты жаман аракты алганына карабай ар бири мугалим деген улуу кесиптин улуулугун жоготуп койбош үчүн баарына көз жумуп, түндөп кайчы менен кагаздын досу болуп, анысы менен мугалимдин кадыр-баркын сактап келишти.

Урматтуу жаш мугалим!

Бүгүнкү жаңы доор, жаңы муун, жаңыланган заман талабына ылайык билим бере ала турган жаш мугалимдин көзүн карап турат. Ошондой мугалимди самап турат. Жаш мугалим айлыктан мурун абийирди, сабактардын саатынан мурун сабаттуулукту, материалдык баалуулуктан мурун руханий баалуулукту карманыш керек болгон заманда турабыз. Бешиктен бели чыга албай атып бегиме акыл айтыптыр дегенден эмес, өмүрдүн ар бир күнүн изденүү менен, жашоонун ар бир кадамын аракеттенүү менен жашап, изденүү менен өнүгүүгө багыт алуубуз зарыл.

Бүгүнкү жаш мугалимди чыгармачылыктан, изденүүдөн тосо турган жасалмалуулукка багыт берчү даяр конспект планды пайдалануудан, кожо көрсүндүктөн алыс болуп, сабагыбыздын ар бир темасына өзүбүздүн билимибиз менен сезимибиздин ширесинен сыйкырлап жазган план менен сабак өтүүнү адатка айлантышыбыз зарыл.

Бүгүн секунд сайын жаңыланып жаткан технология менен бирге, билимге болгон мамиле да ошондой эле тездик менен өнүгүп барат. Бүгүнкү мугалим  сабагын жөн гана китеп менен өтүп койгон болсо, ал жөн эле жашап жүргөн, убактысынын, өмүрүнүн жөн эле өтүп жатышына каниет кылган, эптеп өлбөстүн күнүн көрүш үчүн айлыкка иштеп жүргөн мугалим десек болот. Бүгүнкү коомчулук коюп жаткан талап, бүгүнкү мамлекет тарабынан бекитилген  стандарт баланы доордун өнүгүүсүнө шайкеш кадам жасай ала турган муунду тарбиялоону максат кылууда.

Андыктан бүгүнкү мугалим, сабагынын ар бир темасын видео жана фото материалдар менен коштоп, балага өмүрү кыска тапшырма берип койбостон кылымдар бою эсинен кетпес кызыктуу тапшырмаларды берүү менен өтүүбүз зарыл.

Демек, бүгүнкү мугалим дипломунун түсүнө эмес, берип жаткан билиминин натыйжасына карап сыймыктана турган учур келди.

 

Зайнабидин  Мамасадыков, Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер