МИРГҮЛ БОЛОТАЛИЕВА:МАЙЫПТАРГА СПОРТ ЖАБДУУЛАР, МАШЫГУУ ЗАЛ ЖОК
- 06.09.2024
- 0
Париж-2024 Паралимпиада оюндарынын пауэрлифтинг (оор атлетика) спорту боюнча өлкө намысын коргой турган кызыбыз Миргүл Болоталиева. Миргүл айым Жалалабад облусуна караштуу Токтогул шаарында туулуп- өскөн. 3 жашында булакка чөгүп, аман калганы менен эки буту баспай, 2-топтогу майып болуп калган. Ал 4-классынан баштап, Кара-Балтада жайгашкан Панфилов атындагы майыптардын атайын мектеп-интернатында окуган. Жатак мектепти аяктап, билимин жогорулатуу үчүн Кыргыз Улуттук университеттин экономика бөлүмүн бүтүргөн. Соңку 3 жылга чукул убакыттан бери пауэрлифтинг боюнча машыгып, Паралимпиада оюндарына жолдомо алган. Парижге жөнөп кете электе Миргүл айым менен жолугушуп, маек курдук.
-Арыбаңыз Миргүл айым. Алгач маегибизди бул спортко (оор атлетикага) кандайча келип калдыңыз ? деген суроо менен баштасак.
-Саламатчылык. Мен жатак мектепти чогуу окуп, бүтүргөн классташым, пауэрлифтинг боюнча эл аралык спорт чебери Эсен Калиевдин сунушу менен оор атлетикага келгем. Бирок, жаңы спортко келгенимде оор атлетиканы олутту ойлонбогом. Себеби, оор атлетика кыздарга туура келбейт, дене мүчөсү бузулат. Далысы кеңейип кетет, кыскасы кыздарга жарашпайт деген ой менен көңүл бурган эмесмин. Классташым Эсен мени колдоп, көп жолу чакырганына карабай барбай жүргөм. 2019-жылдагы коронавирус пандемиясына чейин жакын санаалаштарымдын сунушу менен кол күрөшкө барып жүрдүм. Алгач барганымда эч кандай даярдыктан же машыгуулардан өтпөй эле мелдешке чыккам. Мага болгону эрежелерин гана түшүндүрүп беришкен. Ошентип, эң биринчи катышкан Кыргызстандын чемпионатында атаандаштарымды кыйналбай эле жеңип алгам. Бирок, мен финалда кимди утканымды билген эмесмин. Көрсө мен Азиянын 2 жолку чемпиону менен күч сынашкан экем. Жеңгенден кийин укканым жакшы болду. Беттешке чыгаарда укканымда, балким сүрдөнүп утулуп калмакмын деген элем ошондо. Анда оң жана сол колдон өлкөбүздүн абсолюттук чемпиону болгом. Ошол күндөн тартып, 3 жолу чоң мелдешке катыштым жана спортко кызыгып баштадым. Менин спортко болгон кызыгуумдун ойгонгонун байкаган классташым Эсен кайрадан оор атлетикага чакырып, кыз-келиндерден алгачкы пауэрлифтинг менен машыккан майып спортчу болуп калдым.
-Пауэрлифтингке келгенден бери кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?
-2021-жылдан бери пауэрлифтинг спорту менен олуттуу машыгып баштадым. Ошол эле жылы Дүйнөлүк мелдештерге катыштым. 2021-жылы Дубайда өткөн Дүйнөлүк кубокко барып, эң акыркы орунда калдым. Бирок, жеңилүүгө багынбадым. Кайра эле Грузияда өткөн турнирге барып, бир аз алдыга жылдым. Ошентип, ар бир катышкан турнирлерде улам алдыга жылып, бул спорттун сырын, ыкмаларын терең үйрөнө баштадым. 2023-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарына уюштуруучулары “айымдарды колдойлу, аларга дем күч, мотивация болсун” деген тилекте мага олимпиада отун көтөртүп, эстафетага катыштым. Кытайда Олимпиада отун көтөрүп, жолдуу болуп, 6-орунду ээлеп, кубануу менен өлкөмө келип, шыктанып калдым. Бир айдан кийин эле Таиланда өткөн Дүйнөлүк кубокто 2-орунга жетип, күмүш медаль тагындым. Египетте уюштурулган эл аралык мелдешке бардым. Кайрадан Грузияда өткөн турнирде колумдан жаракат алып, чоң ийгилик жарата албадым. Акырындап чеберчилигим жогорулай баштады.
-Париж Паралимпиада оюндарына жолдомону кантип алдыңыз?
-Паралимпиадага катышуу үчүн упай топтолуучу же болбосо, шарттуу түрдө катышуучу мелдештер болот. Биздин мүмкүнчүлүбүз чектелүү болгондуктан рейтингти көтөрүш үчүн шарттуу гана мелдештерге катышып жүрдүк. 2022-жылы шарттуу түрдө катыша турган бир эл аралык мелдешке каражат жоктугунан баралбай калып, олимпиадалык рейтингке киргизбей коюшкан. Биз Эл аралык Паралимпиада комитетине (ЭПК) кайрылуу жасап, баралбай калуубуздун себебин түшүндүрүп, аябай аракет кылдык. Жыйынтыгында мага шанс беришип, олимпиадага катышууга жол ачылды. Бүгүн минтип, Паралимпиада оюндарына тандалып, жолдомо аркылуу жөнөп жатам.
-Сиз ооруну дагы жеңип, канча килограмм оордукту көтөрүп жүрөсүз?
-Негизи башында 86 кг салмакка чейинкилер менен күч сынашып баштап, 86 килограммдан дагы жогорулар менен күч сынашкам. Бирок, мага 86 кг салмакка чейин гана ыңгайлуу экен. Бул өзүмдүн салмагым. Эми Паралимпиадада 86 кг салмакка чейинкилер менен гана күч сынашып, өлкөбүздүн намысын коргойм. Эң биринчи мелдештерде көтөргөн штангалар 75-76 кг оордукта болгон. Азыркы учурда, эл аралык мелдештерде 101 кг оордуктагы штангаларды көтөрөбүз. Ал эми машыгуулар учурунда 105-110 кг салмактагы оордукту көтөрүп жүрөм. Менин салмагымда дүйнөлүк рекорд 158 кг болсо, Паралимпиада рекордду 108-115 кг оордуктагы штанганы көтөрүү керек. Бул ирет рекорддорго дагы жаңы чек коюлушу мүмкүн.
-Паралимпиада эң негизги атаандашыңыз жана даярдыгыңыз тууралуу айта кетсеңиз.
-Бул Паралимпиададагы менин эң негизги атаандашым польшалык айым. Биздин пауэрлифтинг спорту боюнча 2 медаль берилет. Биринчиси максималдуу оор салмак көтөргөнүбүз боюнча болсо, экинчиси 3 чыгуудагы эсептин жыйынтыгы боюнча байге ыйгарылат. Мен Паралимпиадада максималдуу оор салмакты көрүп, байгелүү орунга жетишкенге аракет кылам. Биз штанганы чалкабыздан жатып көтөрөбүз. Өзүбүздүн суранычыбыз менен да буттарыбыздын 1 же 2 жеринен байлап көтөрсөк да болот. Мында жалаң гана колдун жана далынын күчү менен көтөрөбүз. Мен болгон күч-кубатымды жумшап, даярданып жатам. Азыр эң башкы максатым жана оюм Паралимпиада оюндарында жеңишке жетип, өзүм сыяктуу майыптарды шыктандыруу.
-Бул спорттун сырын үйрөтүп, кеп-кеңештерин айткан жеке устатыңыз, машыктыруучуңуз барбы?
-Мага кеңешин берип, бул спорттун сырын, ыкмаларын үйрөтүп, колдоп жүргөн менин эң биринчи машыктыруучум башта айтып өткөн классташым Эсен Калиев. Ал Эл аралык даражадагы тажрыйбалуу майып спортчу. Майыптар спортунда анын эмгеги, мээнети чоң. Машыгуу залына барганга мүмкүнчүлүгүм болбой жаткан кезде автоунаасы менен үйдөн алып, кайра үйгө жеткизип жүрдү. Кийинки колдоочум пауэрлифтинг боюнча өлкөбүздүн башкы машыктыруучусу, эл аралык спорт чебери Жыргалбек Орозбаев. Анын да жардамы зор. Мелдештердеги программалар, даярдыктар боюнча көмөк көрсөтөт. Негизи эле биздин пауэрлифтинг боюнча майып спортчулар аябай ынтымактуу. Биз бир-бирибизге кеп-кеңеш айтып, өз алдынча тажрыйбаларыбыз менен бөлүшүп, бир туугандай жан тартабыз. Ар бирибиздин физикалык мүмкүнчүлүгүбүз ар башка. Кимибиз кайсыл түрдөн жакшы же күчтүү болсок, аны колдоого алып, дем-күч берип, шыктандырып турабыз.
-Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин олимпиадалык резерв спорт мектеби сиздерге камкордук көрсөтө алдыбы?
-Негизи параспортчулар көп жылдардан бери ошол Бишкектеги майыптардын өзүнчө спорт мектебинде машыгып келе жаткан. Ал жактан буга чейин Паралимпиада оюндарына 2 жигит гана катышкан. Бирок, ал жакта Аднан Жабраилов деген 1 гана машыктыруучубуз болду. Ал өзүнүн туура эмес талаптарын койгондуктан программа боюнча да, өзүбүз менен иштөө боюнча да жыйынтык чыкпады. Башында мектептин директоруна, кийин мамлекеттик дене тарбия жана спорт Департаментине, Мэрияга арыз менен кайрылганбыз. Биз өз укуктарыбызды жана талаптарыбызды койгонбуз. Ошентип, машыгууларга барбай курама команда баарыбыз ал жактан чыгып кеткенибизде ал машыктыруучу иштен бошотулду. Анын ордуна биздин кураманын бир спортчусун башкы машыктыруучу кылып, ишке алышканы менен дагы деле жеке машыктыруучу болгон жок. Биз да ошентип, башка залдарга барып, машыгып баштадык. Көпчүлүк залдар машыкканбызга укурсаат бербеди. Каражаттын жетишсиздигинен тоскоолдуктар жаралды. Кээ бирлери машыгуу залына барганга жол каражаты табалбай калган күндөр болду. Ошондой күндөрдө бир гана Бишкектеги “Стронг” клубу жардам көрсөтүп, колдоого алды. Учурдан пайдаланып, “Стронг” клубуна жана жетекчилигине ыраазычылыгымды билдирем. Алар “каалашыңарча машыккыла” деп канчалаган майып балдарды кабыл алды. Башында баардык спортчулар менен кошо машыктык. Азыр бизге өзүнчө көңүл бурушуп, атайын бизге ылайыкталган жакшыраак шарт түзүп, залдын бир бурчун беришти. Бирок, бизге арналган атайын жабдыктар жетишсиз. Мисалы, майыптар үчүн атайын штангабыз жок. Биз штанганы көтөргөндө, жыгылып кетпешибиз үчүн бутубуз байланышы керек. Пауэрлифтинг спортунда колдору күчтүү болгону менен буттары жабыркагандар бар. Оор атлетикадагы ден соолугу спортчулар штангаларды көтөргөндө буттарына таянышат. Бизде андай таяныч жок болгондуктан, биздин жабдыктардын айырмасы чоң. Биздин ошондой коопсуздугубузду сактоочу атайын майыптарга ылайыкталган штангаларыбыз, жабдууларыбыз жок. Ага карабастан, биз болгон аракетибиз менен Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу үчүн сыймыктануу менен мелдештерге катышып жатабыз.
-Кыйынчылык күндөрдө спорттон кетип калуу ойлору жаралдыбы?
-Башында тоскоолдуктар жаралганда, машыгуучу залыбыз жок болуп калганда спортту таштап, кетип эле калсак окшойт, өзүбүздүн жеке жашообуз, турмушубуз менен эле алектенели деген ойлорго кабылдык. Бирок, намыс үчүн таштап кете албадык. Мисалы, өзүбүздүн эле жашообуздан алып карайлы. Ата-эне баласы майып болуп төрөлүп калса, аябай кайгырып, “мунун жашоосу бүттү, бул балама жашоонун мааниси жок” деп ойлонушат. Ошондой үй-бүлөлөргө үмүт жандырып, үлгү бололу, бизди көрүп, аларда алдыга максат коюп жашасын, өзүн бааласын, өзүнө ишеним жаратсын, майып болсо да ийгиликтерди багынтса болоорун көрсөтөлү дедик. Бизди көргөн ата-энелер, майып балдары үчүн капаланбай аларга ишенип, колдоо көрсөтөтөт деген ишеним менен кайрадан белди бекем байлап, күчүбүздү бириктирип, кыйынчылыктарга карабай машыгууларды улантып баштаганбыз.
—Ата-бабаларыңызда сиздей болгон спортчулар чыкканбы? Анткени, балбандык касиет кан кууйт эмеспи.
-Менин чоң атамдын атасы балбан киши болгон экен. Чоң суулардан өтө албагандарга жардам берип, чоң таар каптарын, оор жүктөрүн көтөрүп өткөзчү экен. Өзүмдүн атам грек-рим күрөшү боюнча спорттун чебери. Мен төрөлгөндө “ушул кызымды спортчу кылам” деп тилек кылган экен. Анан мени машыктырам деп, мага өзгөчө көңүл бөлүп жүргөндө мен ооруп, майып болуп калдым. Атамдын тилегин, максатын чоңойгончо угуп гана жүрдүм. 2019-жылы кол күрөш боюнча мелдешке барып, медаль тагынганымда Алла Таала атамдын тилегин орундатты деп кубангам. Мен жалгыз кызмын. 3 эркек бир тууганым бар. Атам шахматта да жакшы ойнойт. Бир туугандарым, алардын балдары шахмат боюнча мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлеп жүрүшөт. Менден кийинки иним бильярд боюнча дүйнөлүк мелдештерге катышып, Кыргызстандын намысын коргоп жүрөт.
-Спорттон тышкары өз кесибиңиз менен да иштейсизби?
-Кесип тандоодо бухгалтерлер отуруп иштегендери үчүн, мен да отуруп иштей алам деген ой менен Кыргыз Улуттук университетинин экономика факультетин тандагам. Бирок, мен ойлогондой болбоду. Ал учурда азыркыдай интернет кеңири жайылбагандыктан мага ыйгайсыздык жаралды. Бухгалтерлер салык кызматы жана башка документ иштери менен алектенгени үчүн бир орунда гана отуруп иштейт деген жаңылыш экен. Ошондуктан, кесибимди өзгөртүп, жеңил өнөр жайы, тигүүчүлүк ишмердиги менен алектенип баштадым. Азыр Орусиянын Москва шаарындагы Университеттердин биринде Жеңил өнөр жай дизайнерлиги бөлүмүндө алыстан (дистанционный) окуп жатам. Кийинки жылы Москвага барып, күндүзгү бөлүмүнө которулуп, терең билим алып келүүнү тилек кылып жүрөм.
-Пауэрлифтинг спортундагы эң негизги көйгөйлөрдү атай кетсеңиз?
-Биздин спортто эң маанилүү болгон атайын биз майыптар үчүн штангалардын, жабдуулардын жоктугу. Биздин курама команда мелдештердин алдында машыгып, даярдануу үчүн майыптардын спорт мектебинен штангасын суранып алып кетебиз. Даярдануулардан өткөндөн кийин кайра тапшырып, мелдештерге жөнөйбүз. Негизи даярдануулар бүтөрү менен 2 күн ичинде, күчүбүздү жогото электе мелдешке жөнөп кетиш керек болсо, биз 1 ай мурун штангабызды кайра тапшырабыз. Кыскасы, көйгөйлөр, тоскоолдуктар, ыңгайсыздыктар көп. Бул Паралимпиадага даярдыгым мыкты болуш керек, бир гана майыптарга арналган штанга менен даярданайын деп суранып жатып, окуу-машыгуу даярдыктардан келгенден кийин да 2 күнгө үйгө алып калдым. Негизи эле балдардын көбү колунан, далысынан жаракат алып калган учуру абдан көп. Мунун себеби, штангалардын алмашуусу жана жоктугу. Биз дени карды соо оор атлетичилердин штангаларын айла жоктон, ыңгайсыз болсо дагы көтөрүп машыгабыз. Анан кайра майыптардын штангасы менен машыгуубуз зарыл.
-Жетишпеген жабдыктар, ыңгайлуу шарттар үчүн эл аралык уюмдарга кайрылуу жасадыңыздарбы?
-Учурда антип кайрылганга убактыбыз болбоду. Бүгүнкү күнгө чейин эч бир жерге атайын жабдыктар үчүн жардам сурап же долбоор уюштурган жокпуз. Себеби, биз кайсыл жакка кайрылуу жасаарыбызды да билбейбиз. Анан да убакыттан утуруп жатабыз. Биз бир гана мелдештер жана Паралимпиада оюндарын ойлоп, машыгуу менен алектенип калдык. Эми Паралимпиада оюндарындан келгенден кийин, долбоорлор боюнча эл аралык уюмдарга жана ишкерлерге кайрылсак деген ойлор бар.
-Атайын майып спортчулар үчүн доктор же психологдор барбы?
-Бизди көзөмөлдөп туруучу атайын докторубуз, психологубуз да жок. Баардык спортчулардын доктору Бактыгүл Насыровнага гана барып, мелдешке жарактуу деген күбөлүк алабыз. Жадакалса, кандай витаминдерди ичишибиз керек экенин да сураган докторубуз жок. Допинг, кызытма текшерүү да биз үчүн чоң көйгөй. Мелдештерге барганда, текшерүүдө допинг чыкпаган балдардын жеген тамактарын гана жейбиз. Былтыркы жылдан бери стипендия алып, ошол каражат менен жеке менчик ооруканаларда дарыланып, ден соолугума кам көрүп баштадым. Жок дегенде жарым жылда бир көзөмөлдөн өтүп, дарыланып турушубуз керек экенин эми гана түшүндүм.
Миргүл айым, кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат. Алдыдагы Паралимпиада оюндарында байгелүү орундарга жетип, ийгилик менен келишиңизди каалайм. Буюрса, өлкөбүзгө Паралимпиаданын алгачкы медалын тагынып келиңиз.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданитятына эмгек сиңирген ишмер,
спорттук баяндамачы, «Кут Билим»
Комментарийлер