МИРБЕК АСАНГАРИЕВ, ЖЕКЕ ИШКЕР, ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ: ”ИШКЕРЛИКТЕ ДЕМ БЕРГЕН АДАМЫМ – РИЧАРД БРЭНСОН”

  • 12.12.2019
  • 0

Мирбек Асангариев – Кыргызстандын эң алдыңкы ишкерлеринин бири. Анын өрнөктүү өмүрү жаштар үчүн айтып бүткүс таалим сабак болуп саналат.

— Мирбек, бизнестеги ийгилик жолуң качан башталды?

— 2000-жылдары мен Бишкектеги жогорку милиция мектебинде окуп жүрдүм. Курсташтарым «жашообуз элүү пайызга чечилип калды» деп кубанышар эле.  Анткени унаага түшүүдө болсун,  башкада болсун, жеңилдиктер бар болчу. Мен башынан өз күчүм менен окудум. Биринчи курста окуунун отличнигине жетиштим. Ошого карабай менде турмушка, жашоого апатия  пайда болду.

МИРБЕК АСАНГАРИЕВ, ЖЕКЕ ИШКЕР, ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ: ”ИШКЕРЛИКТЕ ДЕМ БЕРГЕН АДАМЫМ – РИЧАРД БРЭНСОН”

— Эмнеден улам?

— Пара бергендер бизден эртерээк сессияны бүтүрүп, үйлөрүнө кетишчү. Ушуну көрүп, жүрөгүм ооруду. Эч ким милициянын коом алдындагы аброюн ойлобогону мени кейитти… Анан кырсык айтып келбейт экен, экинчи курста рецидивисттер менен кармашып, бутума ок тийип, аралыктан окууга которулдум.  Ошондо болгону он сегиз жашта элем.

— Бардыгын  кайрадан баштоого  туура келди десең…

— Туура айтасыз. Адам бардык нерсеге чыдайт экен. Башына түшсө, көнөт экен. Воронцовкада дарыланып жүрүп, өзүмө окшош мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар коомдо аз эмес экенин  көрдүм. Анан мага: «Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын жашоодогу көйгөйлөрүн чечүү үстүндө иштешим керек» деген ой келди…

— Ошентип ишкана ачууга кириштиң да?

— Жок, бир-эки жылдай өлкө ичиндеги ар кандай тренингдерден окуп, билим алдым. 2004-жылы Боснияга, Вьетнамга барып, эл аралык конференциялардын ишине катыштым. 2005-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын башын бириктирип, «Тоскоолсуз жашоо» кыймылын  түздүк. Көп өтпөй Бишкектеги милициянын жогорку мектебин аяктап, Варшава шаарындагы Адам укуктары боюнча эл аралык жогорку курстарына тапшырдым. Бизге эң мыкты адистер сабак берди. Ал жактан мен укуктук коомдо адамдын орду кайда турарын, мамлекеттин орду кайда экенин таасын ажыратып билдим.

МИРБЕК АСАНГАРИЕВ, ЖЕКЕ ИШКЕР, ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ: ”ИШКЕРЛИКТЕ ДЕМ БЕРГЕН АДАМЫМ – РИЧАРД БРЭНСОН”

— Польша сага катуу таасир эткен экен…

— Чынын айтсам, Польшадан келгенден кийин аң-сезимимде зор өзгөрүү болду. Биздин айрым жетекчилердин адам укуктарын коргоо жаатындагы билимдери жетишсиз экенин түшүндүм. Ушул тушта менде эл аралык уюмдарда иштеп кетүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Иштеп кетсем да болмок. Бирок мен ишкерликти тандадым. «Бишкек-эмерек» ишканасын түптөп, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумуш менен камсыз кылдык. Ден соолугу жагынан аялуу адамдар жалпы жамааттын тең жарымын түздү.

— Эмеректерди сата алдыңарбы?

— Ошол жылдары көп офистерде заманбап кеңсе эмереги тартыш болчу. Ошондуктан эмеректерибизге суроо-талап көп түштү. Макмал алтын комбинатына жана да бир топ ишкана-мекемелерге эмеректерди жасап бердик.

— Отель бизнесине кантип аралашып калдың?

— Турмуштук байкоолорумдан улам келдим десем болот. Дүйнө кыдырып жүргөндө: «Эмне үчүн биздин мейманкана, отелдерди бардык адамдар үчүн, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү кылса болбойт?» деп ойлочумун. Анан ошол оюмду ишке ашыруу үчүн 2012-жылы болочоктогу курулушка ылайык жер тилкесин сатып алдым. Зор аракеттер менен отель 2017-жылы 22-декабрда ишке берилди.

МИРБЕК АСАНГАРИЕВ, ЖЕКЕ ИШКЕР, ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ: ”ИШКЕРЛИКТЕ ДЕМ БЕРГЕН АДАМЫМ – РИЧАРД БРЭНСОН”

— Кыйынчылыктар көп болсо керек…

— Албетте, кыйынчылыктар болду. Баарынан мурун насыя берүүчүлөрдү ишендирүүгө туура келди. Үйүмдү, жер тилкемди жана унаамды күрөөгө койдум. Тиешелүү уруксат кагаздарын алып, кезек курулуштун чиймесине келгенде, шаарыбызда кесипкөй архитектор жок экени мени өкүндүрдү. Өзүм кеңеш айтып, көрсөтүп турдум. Курулуш башталгандан бүткөнгө чейин ар бир материалдын үнөмдүү жана максаттуу пайдаланышына катуу көзөмөл жүрдү. Антпесек болмок эмес. Отелдин ар бир чарчы метрине көп акча сарпталды.

МИРБЕК АСАНГАРИЕВ, ЖЕКЕ ИШКЕР, ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ: ”ИШКЕРЛИКТЕ ДЕМ БЕРГЕН АДАМЫМ – РИЧАРД БРЭНСОН”

Отелдин башкалардан айырмасы эмнеде?

—  Биздин “Bridges» отелибиз Кыргызстанга келген бардык курактагы, бардык мүмкүнчүлүктөгү адамдарга бирдей шарттарды түзүп, меймандос  элибиздин кылым карыткан тарыхы, ажайып табияты, көп кырдуу маданияты менен астейдил таанышуусуна көпүрө болуп берүүгө ылайыкталган.

МИРБЕК АСАНГАРИЕВ, ЖЕКЕ ИШКЕР, ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ: ”ИШКЕРЛИКТЕ ДЕМ БЕРГЕН АДАМЫМ – РИЧАРД БРЭНСОН”

— Мейманкананын короосундагы боз үй, анын ички жасалгасы мени чындап таң калтырды…

— Конокторубуз да ушундай ойдо кетишет. «Маданиятыңар абдан түптүү экен!» дешет. Мындай саамалыкты отелдеги 32 жайлуу бөлмөлөрдөн да көрө аласыз. Алардын ар бири бирине-бири окшобой, дүйнөнүн ар башка шаарларынын стилинде жасалгаланган.

МИРБЕК АСАНГАРИЕВ, ЖЕКЕ ИШКЕР, ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ: ”ИШКЕРЛИКТЕ ДЕМ БЕРГЕН АДАМЫМ – РИЧАРД БРЭНСОН”

МИРБЕК АСАНГАРИЕВ, ЖЕКЕ ИШКЕР, ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ: ”ИШКЕРЛИКТЕ ДЕМ БЕРГЕН АДАМЫМ – РИЧАРД БРЭНСОН”

МИРБЕК АСАНГАРИЕВ, ЖЕКЕ ИШКЕР, ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ: ”ИШКЕРЛИКТЕ ДЕМ БЕРГЕН АДАМЫМ – РИЧАРД БРЭНСОН”

Дагы бир өзгөчөлүгүбүз – отель Кыргызстандагы жападан жалгыз  «эко жагымдуу» мейманкана болуп эсептелет. Мындагы бөлмөлөрдөгү ысык суу отелдин чатырына коюлган күн панелдеринен  чыккан энергия эсебинен жылытылат. Отелде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн да бардык керектүү шарттар каралган.

МИРБЕК АСАНГАРИЕВ, ЖЕКЕ ИШКЕР, ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ: ”ИШКЕРЛИКТЕ ДЕМ БЕРГЕН АДАМЫМ – РИЧАРД БРЭНСОН”

— Ишкерликтеги устатың ким?

— Илгери өкүл атам бар болчу. Кеп-кеңешин айтар эле. Азыр болсо, ишкерликте дем берген адамым – төрт жүздөй ишкана ачкан англиялык ишкер, хиппи-миллиардер Ричард Брэнсон. Бул кишиге дүйнө эли эмгиче таң калып бүтө элек. Ал төрөлгөндөн эле оорукчан болгон. Жаза алчу эмес. Бирок апасынын көмөгү менен бардык кыйынчылыктарды жеңип өтөт. Ар кайсы идеяны айтып келе бергени үчүн, мектепти аяктап жатканда директору: “Ричард, сен же түрмөгө олтурасың же миллионер болосуң!” деп айткан экен. Ошол айтканы келди! Ричард Брэнсон миллионер эмес, миллиардер болду.

МИРБЕК АСАНГАРИЕВ, ЖЕКЕ ИШКЕР, ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ: ”ИШКЕРЛИКТЕ ДЕМ БЕРГЕН АДАМЫМ – РИЧАРД БРЭНСОН”

— Былтыр келгенимде бир жаш жигит «Бүгүн жумушка кирдим» деди эле. Ошол кызматкер иштеп жатабы?

— Аны билбейт экем.  Бизде төрт менеджер бар. Бирөөсү ушул кызматкерлер менен түздөн-түз иш алып барат. Жумушка алат, ылайык келбесе бошотот. Мен кийлигишпейм. Ар ким өз жумушун кылышы керек.

МИРБЕК АСАНГАРИЕВ, ЖЕКЕ ИШКЕР, ЖАШТАР СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫ: ”ИШКЕРЛИКТЕ ДЕМ БЕРГЕН АДАМЫМ – РИЧАРД БРЭНСОН”

— Ишкерликтен билим алганга, үй-бүлөгө убакыт табылабы?

-Тапса болот. Мен англис тилинен жана математикадан репетитор жалдап, Борбор Азиядагы Америка университетинин магистратурасына тапшырууга даярдандым. Акыры БАУнун диплому да колума тийди. Үй-бүлөлүк жайымды айтсам, бир кыз, бир уулум бар. Келинчегим  ушул отелде эмгектенет. Ата-энем менен чогуу турабыз. Экөөсү тең — дарыгер. Атам ушул күнгө чейин шаарыбыздын тез жардам кызматында иштейт.

— Мирбек, жаштарга кандай каалоо-тилегиң бар?

— Жаштар убакытты текке кетирбей, билимге умтулуп, өзүнүн кызыккан тармагына, дегеле адамзатка кандай салым кошом деп азыртан ойлоно жүрүшү зарыл.

  Ишкер адамдарда мекенчилдик сезим кандай болот?

— Сөзсүз мекенчил болушу керек. Ишкер – бул жаратуучу, түзүүчү кесиптин ээси. Ансыз мамлекет курулбайт, түптөлбөйт.

Сен үчүн Кыргызстан …?

— Алыс кетсем, кайра кайтып келчү жер.

 

Алимжан АЛИБЕКОВ, “Кут Билим”, АКСЕЛСтин “Жамааттар байланышы” программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010), Ж.Бөкөнбаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты (2017)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер