МИНКАБ ТӨРАГАСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ УЛУТТУК ОНЛАЙН САБАК ӨТТҮ

  • 05.03.2024
  • 0

МИНКАБ ТӨРАГАСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ УЛУТТУК ОНЛАЙН САБАК ӨТТҮ

5-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров өлкөбүздөгү 217 орто мектептин 4 миңге жакын окуучуга “Интернет коопсуздук” деген темада алгачкы улуттук онлайн сабак өттү.

Сабак интернеттен билим алуунун мүмкүнчүлүктөрү жана интернеттин коопсуздук эрежелерине арналды. Ошондой эле 5-6-класстын окуучулары zoom-конференция аркылуу кошулду.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева алгач сабактын максаты тууралуу айтып, онлайн сабакка катышып жаткан Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго жана Кыргыз Республикасындагы Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Года Хидэкиге 100 мектепке  бирден класска компьютер белек кылганы үчүн да ыраазычылыгын билдирип, учурдагы интернетти колдонуудагы коопсуздуктар жөнүндө сөз болоорун айтты.

“Баарыбыз интернет океанында чабак уруп жүрөбүз. Кааласак да, каалабасак дагы биз анын пайдалануучулары болуп саналабыз. Бирок, бул жолу интернеттин коопсуздугу тууралуу сөз болмокчу. Акыркы мезгилде интернет айдыңында балдарды шылдыңдаган, басмырлаган, бири-бирине болгон аргессивдүү жана заар тасмаларды тартып, жүктөп, ошонун аркасынан көптөгөн балдар азап тартып, сабакка баргысы келбей калган кырдаалдар жаралып жатат. Биз ошондой жагдайларды болтурбоо үчүн аракеттерди жасайбыз. Интернетти пайдалануу үчүн абдан жакшы шарттар түзүлүп жатат,-деди Догдуркүл Кендирбаева .

Акылбек  Жапаров өз сөзүндө интернеттен жакшы маалыматтарды, илим-билимдин жетишкендиктерин жеткирүүгө, жаңылыктарын алууга, алдыңкы мамлекеттердин, анын ичинде Жапониянын үлгүлүү, сапаттуу билим берүү жөндөмдөрүн үйрөтүү боюнча интернет аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн  мамлекет бардык шарттарды түзүүгө аракет кылып жатканын, өлкөдөгү жети миллион жарандын 40 пайызын  18 жашка чейинки жаштар түзөрүн, заманбап билим алуунун зарылдыгын, учурда өнөрдүн эң чоң булагы, педагогдун ордуна мугалим, китептин ордуна китеп  боло турган тармак интернет экенин баса белгиледи.

-Интернет аркылуу көз караштарыңыздарды калыптандырууда, мүмкүнчүлүктөрүңүздөрдү кеңейтүүдө, жөндөмдөрдү үйрөнүүгө, кийин 18 жаштан ашканда үй-бүлө куруп, жашоодо турмуш жолун, кесип тандап жатканда, турмушта жардамчы боло турган тармак-интернет. Ошондуктан биздин жаш муундарга дүйнө жүзүндөгү эң алдыңкы жетишкендиктерди, Кембриждин алдыңкы математика, биология, химия, география боюнча китептерин тартуулаганы турабыз. Алгач булар электрондук форматта билим берүү министрлигинин бардык китепканаларында болот. Андан кийин китеп кылып басып чыгарып, бардык мектептерге таратабыз. Биз коңшу мамлекеттер менен саныбыз менен теңтайлашпасак дагы сапатыбыз менен теңтайлашсак болот. Ал үчүн балдардын ден соолугу бекем, билими күчтүү, терең болсо, керектүү адистин ээси болуп, турмушка жөндөмдүү болгон учурда гана коңшулар менен теңтайлаша алабыз. Атаандаштыкта кимдин ден соолугу бекем, акыл-эстүү, билими терең, жөндөмү жогору болсо, алдыга озуп чыгат. Ошондуктан сиздерге шарт түзүүгө Министрлер кабинети аракет кылып жатат. Сиздер сөзсүз түрдө 4 тилди билишиңиздер керек, -деди Акылбек Жапаров.

Алар: Кыргызстандын мамлекеттик тили, расмий орус тили, илимдердеги ачылыштардын 90 пайызын түзгөн англис тили жана дүйнө жүзүнө керектүү болгон ички дүң продукциянын 26 пайызын берип жаткан коңшу кытай элинин тили экенин баса белгилеп, аны дагы үйрөнүү керектигин, учурда көп тил билгендердин келечеги кең болоорун, ал үчүн интернетти колдонууну мыкты билүүнүн зарылдыгын, жаштар кыргыз мамлекетинин келечегин түзөрүн баса белгиледи.

-Сууда чабак урганды билгендер жакшы, ишенимдүү сүзүп кете беришет. Чабак урганды билбегендер чөгүп кетүүсү мүмкүн. Ошондуктан сиздерге туура, керектүү маалыматтарды, илим-билим алыш үчүн интернет деген деңиздей, океандай  зор мүмкүнчүлүк пайда болду. Муну дагы акыл-эс менен пайдалуу гана жактарын алганды үйрөнүшүңүздөр керек. Отту туура колдонуп, ага мамиле кылгандай  интернетке да абайлап мамиле кылып, керектүү нерселерди гана пайдаланганды билгиле. Анын жакшы жактары абдан көп, бирок жаман жактары да арбын. Жаман жактарына алаксыбай, ал үчүн биздин мугалимдер, адистер, ата-энелер да жакшы-жаман экенин айтып, кеңеш берип турушу зарыл. Баарынан кымбат убакыт экен. Бекерге өткөн убакыт кайрылып келбейт, ошондуктан убакытты текке кетирбей, терең билим алууга умтулгула. Биз шарт түзүүгө аракет кылып жатабыз. Билим алууга өлкө боюнча бардык жерде, аймактарда шарттарын бирдей кылабыз. Учурда курулуп жаткан мектептерибиз да Европанын стандарттарынан кем эмес. Былтыр 100 мектеп курууну максат кылсак, быйыл 200дөн ашуун мектеп куруу алдыда турат. Эмдиги жылы андан да көп мектеп курулат. Сиздерге билим берип жаткан мугалимдерди канчалык деңгээлде сыйлап, урмат көрсөтсөңүздөр алар жан-дили менен билим берип, тажрыйбасын үйрөтөт. Мектептеги билим сиздер үчүн өмүрүңөрдүн пайдубалы болот. Сиздер кийин каалагандай үй куруп алгандай, келечегиңиздерди түзө аласыздар. Мугалимдериңиздердин жана ата-энелердин сыймыгы болуп, жакшы окуңуздар. Билим берүү тармагына колдоо көрсөтүп жаткан жапон өкмөтүнө жана элчилигине ыраазычылык билдирем,-деди Акылбек Жапаров.

Догдуркүл Кендирбаева  Акылбек Жапаровго алгачкы улуттук онлайн сабакка катышканы үчүн ыраазылык билдирип, мындан ары дагы башка министрлер, жетекчилер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер менен дагы онлайн сабактар өткөрүлүп тураарын айтты.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Юрий Гагарин атындагы орто мектептин директору Гүлмира Кундузованын пикиринде Министрлер Кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров менен болгон алгачкы улуттук онлайн сабак  окуучуларга абдан жакшы таасир калтырды.

-Интернет коопсуздук” деген темадагы алгачкы сабак балдарга жакты. Биздин мектептен 5-6-класстарда эң жакшы бааларга окуган 17 окуучу катышты.  Убактысы гана бир аз болуп калды окшойт. Өкмөт башчысынын акыл-насааттарын, кеп-кеңештерин балдар кунт коюп угушту. Онлайн сабактан кийин интернеттин пайда жана зыяны боюнча талкуу уюштуруп, балдар өз пикирлерин дагы айтышты. “Биз жакшы окуп, терең билим алышыбыз керек. Ал үчүн интернеттеги пайдалуу гана нерселерди окуп, билим алуу үчүн гана колдонушубуз зарыл”,-деген пикирлерин билдиришти. Мындан тышкары экономика, маданият жана башка министрлер, жетекчилер менен дагы онлайн сабактар өткөрүлүп, окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорду да берип, жоопторду алса жакшы болот эле, -деди Гүлмира Кундузова.

Талас районундагы Жон-Арык айылындагы А.Нуржанов атындагы орто мектебинин 6-классынын окуучусу Аймира Мадалбекованын пикири:

-Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбекович менен болгон онлайн сабакта бизге абдан таасирдүү сөздөрдү айтты. “Келечек жаштардын колунда”- деди. Ал үчүн чет тилдерин үйрөнүүбүз зарыл. Терең билим алуу үчүн интернетти туура пайдаланып, жакшы нерселерине гана басым жасап, жаман таасир бере турган маалыматтардан оолак болушубуз керек экен. Келечекте өлкөбүзгө салым кошуу үчүн терең билим алып, чет тилдерди да үйрөнүүбүз зарыл. Санарип баарлашуу мага абдан жакты, -деди Аймира.

-Биринчиден, билим берүү министрлиги жаңы форматта иштеп жатканы абдан кубандырды. Бул абдан жакшы жаңылык, колдой турган саамалык. Министрлер Кабинетинин төрагасы менен өлкө аймагындагы мектептерди жана жөнөкөй окуучуларды түз байланыштырышы өтө чоң жаңылык. Мындай жагдай мурда эч убакта болгон эмес. Жаңы көз караштар, жакшы пикирлер пайда болду. Экинчиден, окуучуларга да абдан жакты. Окуучуларга мугалимдердин, ата-энелердин айтканына караганда, Акылбек Үсөнбековичтин айткан акыл-насааттары аябай зор таасир берди. Себеби окуучулар кыт куйгандай тынч отуруп угушту. “Эртең менен турганда дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, ден соолугуңарга көңүл бургула, эртең менен тамак ичкиле, мектепке ачка барбагыла, терең билим алуу үчүн интернетти туура пайдалангыла, көп тил үйрөнгүлө, санариптик технологияны туура колдоно билгиле, өлкөнүн келечеги сиздердин колуңарда” деген сөздөрү балдарга абдан таасир берди. Окуучулар бул алгачкы онлайн сабакка даярданып күткөн эле. Балдардын духу, руху аябай көтөрүлүп, өздөрүн Кыргызстандын бир бөлүгү экенбиз деген мекенчилдик сезими жогорулап, толкундоо менен кабыл алышты. Билим берүү жана илим министрибиз белгилеп кеткендей мындан ары дагы бөлөк министрлер, жетекчилер менен онлайн сабактар өтүлүп турса, балдарга да жугумдуу болот эле. “Мамлекет башчылары, биздин жетекчилер дайыма силерди ойлоп, камкордук көрөт, ошол үчүн силер дагы алардын ишеничин актап, терең билим алган балдар болгула”- деп айтканыбызга балдар дагы ынанат деп ойлойм, — деди Кара-Балта шаарындагы А.Макаренко атындагы 10-инновациялык гимназия мектебинин директору Эмилбек Бердибаев.

Өкмөт башчы менен болгон алгачкы улуттук онлайн сабак окуучуларга абдан жакшы таасир калтырды.

Кабыл Макешов,“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер