МЕКТЕПТИК ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТЫНЫН ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 14.05.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинде Кыргыз Республикасынын Мектептик жалпы билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоору талкууланды.

МЕКТЕПТИК ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТЫНЫН ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде мамлекеттик билим берүү стандарттары белгиленүүдө. Мамлекеттик билим берүү стандарттарын кайра карап чыгуу жана жаңылоо беш жылда кеминде бир жолу жүргүзүлүүдө.

МЕКТЕПТИК ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТЫНЫН ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Талкууда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова Мамлекеттик стандартты кайра карап чыгуунун маанилүүлүгүн жана өз убагында болуп жаткандыгын белгилеп, бул документтин максаттарына, милдеттерине жана мектептик билим берүү системасындагы ролуна катышуучулардын көңүлүн бурду.

МЕКТЕПТИК ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТЫНЫН ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов билим берүү системасынын өкүлдөрүн Мамлекеттик стандарттын долбоору менен тааныштырды. Өзүнүн презентациясында ал төмөнкүлөрдү баса белгиледи: «Ушул кезде колдонулуп жаткан стандарт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен кабыл алынган. Бул мезгилде документте көрсөтүү зарыл болгон билим берүү системасына коюлуучу талаптар өзгөрүп кетти. Мисалы, Мамлекеттик стандарттын долбоорунда билим берүүнүн милдеттери жаңыланды: Мамлекеттик стандарттын долбоорунда көрсөтүлгөн билим берүүнүн милдеттерине ар бир окуучунун чыгармачыл жөндөмдүүлүктөрүн айкындоо жана өнүктүрүү, аларды эмгекти сүйүүгө, бийик адеп-ахлактык принциптерди карманууга тарбиялоо, инсандын өзүн өркүндөтүүсү, өзүн таанып-билүү көндүмдөрүн калыптандыруусу үчүн эң жогорку жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле билим берүү системасындагы тарбиянын салттуу маданий, руханий-адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга ылайык келүүсүн камсыздоо, балдардын физикалык, психикалык, социалдык, руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү үчүн шарттар да киргизилди».

МЕКТЕПТИК ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТЫНЫН ДОЛБООРУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Талкуунун катышуучулары документтин долбооруна киргизилген өздөрүнүн каалоолорун жана конкреттүү сунуштарын айтышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер