МИНИСТРЛИК ЖАҢЫ ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТТАР БОЮНЧА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КОМПЛЕКСТЕРДИН МАКЕТТЕРИН КАБЫЛ АЛАТ

  • 10.02.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги жаңы предметтик стандарттар боюнча окуу-методикалык комплекстердин макеттерин кабыл ала баштайт. Алар 5-класс үчүн “Табият таануу”, 5-11-класстар үчүн “Адам жана коом”, 7-9-класстар үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы”.

МИНИСТРЛИК ЖАҢЫ ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТТАР БОЮНЧА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КОМПЛЕКСТЕРДИН МАКЕТТЕРИН КАБЫЛ АЛАТ

Окуу-методикалык комплекстердин макеттерин кабыл алуу 2023-жылдын 20-майына чейин жүрөт.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 1257/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерине, окуу-методикалык комплекстерге жана окуу куралдарына экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, министрлик документтердин топтомун (коштомо кат, техникалык критерийлерге (КМС 1303:2017) ылайык жасалгаланган окуу-методикалык комплекстин макети) келип түшкөн күнү кабыл алып, каттайт.

5-класс үчүн “Табият таануу”, 5-11-класстар үчүн “Адам жана коом”, 7-9-класстар үчүн “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметтик стандарттары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында (https://edu.gov.kg/) жана Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында (https://kao.kg/) жайгаштырылган.

Кошумча суроолор боюнча төмөнкү дарек: Бишкек ш., К. Тыныстанов көчөсү, 257, 3-кабат, 325-кабинет же 0312 62 36 60 телефон номери аркылуу кайрылса болот.

Бөлүшүү

Комментарийлер