МИНИСТРЛИК 1-4-КЛАССТАР ҮЧҮН ЖАҢЫ ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТТАР БОЮНЧА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КОМПЛЕКСТЕРДИН МАКЕТТЕРИН КАБЫЛ АЛА БАШТАЙТ

  • 24.02.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстары үчүн жаңы предметтик стандарттар боюнча окуу-методикалык комплекстердин макеттерин кабыл ала баштайт.

МИНИСТРЛИК 1-4-КЛАССТАР ҮЧҮН ЖАҢЫ ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТТАР БОЮНЧА ОКУУ-МЕТОДИКАЛЫК КОМПЛЕКСТЕРДИН МАКЕТТЕРИН КАБЫЛ АЛА БАШТАЙТ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 1257/1 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерине, окуу-методикалык комплекстерге жана окуу куралдарына экспертиза жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык министрлик документтердин топтомун (коштомо кат, техникалык критерийлерге (КМС 1303:2017) ылайык жасалгаланган окуу-методикалык комплекстин макети) келип түшкөн күнү кабыл алып, каттайт.

1-4-класстар үчүн жаңы предметтик стандарттар Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында (https://kao.kg/) жайгаштырылган.

Кошумча суроолор боюнча төмөнкү дарек: Бишкек ш., К. Тыныстанов көчөсү, 257, 3-кабат, 325-кабинет же 0312 62 36 60 телефон номери аркылуу кайрылса болот.

Бөлүшүү

Комментарийлер