АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШМУНУН КЛИНИКАСЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 17.01.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинде да болуп, окуу жайдын “Ак-Буура” кампусундагы медициналык клиниканын ишмердүүлүгү жана медицина факультеттеринин материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШМУНУН  КЛИНИКАСЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков “Ак-Буура” кампусундагы медициналык клиника жана Ош шаарынын эски аймагындагы ОшМУнун медицина клиникасынын курулуш долбоору боюнча маалыматтар менен тааныштырды.

  • Биз туруктуу өнүгүүнүн максаттарын алдыңкы планга коюп, эл аралык таанууга ээ болуу үчүн негизги талаптарды аткарып, жаңы илимий технологиялардын жетишкендиктеринин негизинде студенттердин билим сапатын көтөрүп, билим берүүчүлүк-илимий-инновациялык комплекс катары университеттин туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу менен жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүүгө багыт алуудабыз. Президентинин Жарлыгы менен өлкөдөгү алдыңкы 5 окуу жайга өзгөчө статус берилди. Анын катарында Ош мамлекеттик университети да бар. Өзгөчө статус берүү менен мамлекет бизге мындан да бийик талаптарды, тапшырмаларды койду. Аларды белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашыруу үчүн «Ош мамлекеттик университетинин 2023-2026-жылдарга туруктуу өнүгүү модели» стратегиялык программасы иштелип чыкты, -деп, окуу жайдагы жетишкендиктер жана алдыдагы максаттар тууралуу баяндады.

 

Иш сапардын алкагында клиниканын ичиндеги амбулатордук-диагностикалык, терапия бөлүмдөрүндө болду. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусунда клиниканын хирургия бөлүмү жана операциялык блогу ачылды. Окуу жайдын медициналык клиникасынын операциялык блогунда мындан ары операциялардын бардык түрү жасалат. 2022-жылдын декабрында клиника үчүн окуу жай  тез жардам унаасын да сатып берген.

АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ОШМУНУН  КЛИНИКАСЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

ОшМУнун  медициналык клиникасында  төрт бөлүм кызмат көрсөтөт. Амбулатордук диагностикалык бөлүмдө 2021-жылы 13292 бейтап кароодон өткөн болсо, 2022-жылы  29 000ге жакын  мугалим, студенттер жана бейтаптар, медициналык кароодон өттү. Терапия бөлүмүндө 10 күндүк стационардык дарылануудан 1500 бейтап дарылаган. 2022-жылдын октябрь айында ачылган стоматология бөлүмүнө 512 бейтап кайрылган.  Учурда клиникада хирургия бөлүмү иштеп баштады.

Ушул эле жолугушуунун алкагында окуу жайдын эл аралык медицина факультетиндеги DIMEDUS виртуалдык клииникасы, морфологиялык корпусу, анатомиялык илимий  музейи жана лекциялык залдары менен таанышты. Эл аралык медицина факультетинин фаесинде ишке ашкан илимий долбоорлордун көргөзмөсү, санарип платформанын университетте ишке ашуусу, ОшМУнун “Жаштар бизнес паркынын”  стартап долбоорун көрдү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы иш сапарынын соңунда ОшМУнун Окумуштуулар кеңеши менен жолугушат.

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер