ЖОЖДОР ӨЛКӨДӨГҮ МЕГА ДОЛБООРЛОРГО АКТИВДҮҮ КАТЫШАТ
- 17.01.2025
- 0
16-январда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Абазбек уулу Расул мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушту.
Жолугушууда министрдин орун басары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети койгон талаптар, Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор тууралуу кеп салып, ата-мекендик ЖОЖдор эмгек рыногунда чоң суроо-талап жараткан адистерди даярдап чыгарышы керектигин баса белгиледи.
«Ири долбоорлордун бири болуп саналган «Үч чоку» тоо-лыжа комплекси Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагында курулат. “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилген “3 чоку” тоо-лыжа комплекси ишке кирсе, 4800гө жакын жаңы жумуш орду түзүлөт. Демек, туризм тармагы үчүн гид, куткаруучу, ашпозчу ж.б.у.с. адистерди даярдаган ЖОЖдор кошумча адистиктерди ачууга азыртадан аракет кылышы зарыл”, – деди Абазбек уулу Расул.
Министрдин орун басары Кыргызстандын техникалык багыттагы ЖОЖдору Кытайдын “Бир алкак – бир жол” платформасынын алкагында Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолунун курулушуна керектелүүчү адистерди даярдоо боюнча активдүү иш алып барып жатканын белгиледи.
“Быйылкы жылдан тарта өзгөчө макамга ээ болгон 11 ЖОЖ мындан ары ижара акысынан түшкөн каражаттарды өз казынасында калтырат. Бирок окуу имараттарды туш келди ижарага берилбей, биринчи кезекте билим берүүнүн сапатына көңүл бурулушу керек”, — деп билдирди Абазбек уулу Расул.
Жолугушуунун соңунда министрдин орун басары ар бир ЖОЖдун базасында студенттердин окуу процессине катышуусуна байкоо жүргүзүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында көзөмөл системасын (face ID) орнотууну сунуштап, бул чара коррупциялык схемалардын алдын алууга мүмкүндүк берерин айтты. Ошондой эле окуу жайлардын жетекчилерин мүмкүнчүлүгү чектелген абитуренттерге бардык шарттарды түзүүгө чакырды.
Белгилей кетсек, былтыр Министрлер Кабинети тарабынан ЖОЖдорго 10 000 гранттык орун бөлүнгөн.
Ушул тапта Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты кайрадан жаңыртылып, экспертизадан өтүп жатат.
Комментарийлер