МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ МУРАТБЕК КАСЫМАЛИЕВ TOFASты КОЛДОНУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮН ТАЛКУУЛАДЫ

  • 15.05.2024
  • 0

15-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев SPRIX эл аралык билим берүү компаниясынын өкүлү Хомма Юсуке менен Кыргыз Республикасында башталгыч класстын окуучулары үчүн математика жана программалоо боюнча санариптик билим берүү жана тестирлөө кызматтарын колдонуу маселесин талкуулады.

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ МУРАТБЕК КАСЫМАЛИЕВ TOFASты КОЛДОНУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮН ТАЛКУУЛАДЫ

Хомма Юсуке 44 өлкөдө жана Япониянын муниципалитеттеринин 10%дан ашыгы билимди баалоо, натыйжаларды талдоо жана натыйжалуу окутууну пландаштыруу үчүн колдонулган TOFAS онлайн тесттери жөнүндө маалымат берди.

Тараптар Билим берүү жана илим министрлиги менен SPRIX Inc. компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Бөлүшүү

Комментарийлер