МИНИСТРДИН ДЕМИЛГЕСИ ӨЗ ЖЕМИШИН БЕРҮҮДӨ

  • 15.02.2023
  • 0

Президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына ылайык өлкө мектептеринде бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жатат.

Билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакунов 2022-жылдын 1-декабрында Бишкек шаарынын 10 мектебинде волейбол ийримин ачуу тууралуу демилге көтөрүп чыкканы белгилүү. Жакында эле  министр машыктыруучуларга волейбол топторун тапшырды. Биз, журналисттер, жаштарды жаштайынан дени сак болуп жетилүүгө багыттаган бул демилгеден жеринде кабар алуу максатында борборубуздагы 10 пилоттук мектептердин бирине бардык.
Бишкек шаарындагы №68 Алыкул Осмонов атындагы окуу-тарбия комплекси — мына ошол жогоруда биз айтып өткөн пилоттук мектептердин бири.
Бизди мектеп-гимназиядан  тарбия иштери боюнча директордун орун басары Канат Ахметов тосуп алды. Кечки саат алты болгонуна карабай волейбол оюнчулары  машыгууга келип жатты.
Бизди мектептеги аткарылып жаткан иштер менен тааныштырган Канат Ахметов өзү жаш педагог. Буга чейин төрт жыл Аламүдүн районундагы Мраморное мектебинде иштептир. Бул жерде иштегенине үч айдын жүзү болгонун билдик. Азыр мектепте 14 агай  эмгектенет. «Мектептер агайларга муктаж» акциясына 3 минуталык ролик тартышкан.
Тарбия иштери боюнча директордун орун басары окуучуларга адеп-ахлактык, руханий тарбия берүүдө агайлардын орду баа жеткис деп эсептейт.

Мектепте руханий-адеп-ахлактык тарбия иштери кынтыксыз жүрүп жатканынан кабар алдык. Мисалы, окуу жылынын башында эле 1-11-класстарга ачык тарбия сааттар өтүлгөн. Билим уясы  Алыкул Осмоновдун ысмын алып жүргөндүктөн, улуу акындын мекенчилдиги, акындык таланты тууралуу тарбия сааттар бул жерде байма-бай уюштурулуп турат.

Мындан тышкары, окуучулар өткөн чейректе Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата улуу жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарып, мектеп сахнасына алып чыгышкан. Жыйынтыгы көрүүчүлөргө да, каармандардын образын жараткан окуучуларга да жакты. Бул мектептин мугалимдеринин окуучулардын руханий дүйнөсүн улуу жазуучунун өлбөс-өчпөс чыгармалары аркылуу байытуу аракети бизге Американын чартердик мектептеринин тажрыйбасын эске салды. Ал жакта болгонубузда америкалык педагогдор дүйнөлүк классикалык чыгармаларды сахналаштыруу аркылуу окуучулардын адеп-ахлактык тарбиясын калыпка салганына күбө болгонбуз.

Бишкектеги кыргыз тилдүү мектептердин башатында турган бул билим ордосунда ушундай аракеттер көрүлүп жатканына биз албетте кубандык.

Айта кетүүчү дагы бир жагдай, тарбиядагы руханий жактан өксүктөр көбүнчө коррупцияга малынган билим берүү системаларында учурайт. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө мындай маселени жалпы коомчулук бир пикирге келип, жыйнактуу эрежелер аркылуу жөнгө салып алышкан. Ошол эле Америкадагы Түндүк Каролинанын мектептеринде мектеп ичинде телефон көтөргөн мугалимди, ата-энени, окуучуну көрбөйсүң. Тескеринче, мектеп коридорунда «Ар бир окуучу жумасына эки адабий китеп окууга тийиш» деген эреже илинип турат.

Улуу акын Алыкул Осмоновдун ысмын алып жүргөн бул мектепте Америкадагыдай  эрежелер болбосо да, министрдин волейбол ийримдерин ачуу демилгесине улай окуучуларды кол телефондон алаксыткан кыймылдуу оюндарга тартуу аракеттери көрүлүүдө.

Угушубузда мектептеги жаш спортчулардын ийгилиги кубанарлык экен. Жакынкы күндөрү эле эркин күрөш, кыргыз күрөш ийриминин катышуучулары «Азия молл» соода борборунда өткөн мелдеште алдыңкы орундарды ээлешсе, мектептин дене тарбия мугалими Кенжебек агай жетектеген жаш футболчулар да таймаштарда жакшы көрсөткүчтөрдү жаратып жатат. Таэквондого катышкан окуучулардын саны күн сайын өсүүдө.

— Азыр окуучулардын көбү телефондун  зыяндуу жактарын түшүнүп калышты. Мектепте 30 га чукул ийримдер иштейт. Өспүрүмдөр негизинен кыймылдуу оюндарды жактырышат. Министрдин демилгеси менен волейбол ийрими ачылганда, каалоочулар абдан көп болду. Жогорку  класстардын окуучуларынан эки команда түздүк. Жумасына эки жолудан кыздар өзүнчө, балдар өзүнчө машыгып жатышат. Дене тарбия академиясынан келген студент машыктыруучулар үчүн зарыл шарттарды түзүп бердик, — дейт директордун тарбия иштери боюнча орун басары Канат Ахметов.

Уландардын волейбол командасын  Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясынын студенти Бактыбеков Рамазан машыктырып жатыптыр. Убакыттан пайдаланып биз аны кепке тарттык.

— Министрдин демилгесине биз жөн жерден катышып калган жокпуз. Окуудагы, спорттогу ийгиликтерине карап 22 студентти 10 мектепке машыктыруучу катары тандап алышты. Бул бизге, студенттерге, чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди десем жаңылышпайм. Келечекте мыкты машыктыруучу болсом деген кыялымды иш жүзүндө аткарып жатам. Балдардын кызыгуусу абдан жакшы. Машыгууга бир да күн калтырбай келип жатышат, — деди машыктыруучу.

Залдагы балдардын машыгуусуна көз салып, көптөгөн окуучулардын жашоосуна жаңылык алып келген министрдин демилгесине, жаш машыктыруучунун аракетине ичибизден «бали!» дедик. Баятан эле бизди көрүп, интервью алсаңар мен сүйлөп берем деген тайманбас окуучуга суроо узаттык. Көрсө ал жаштайынан волейбол оюнун жанындай сүйөт экен. Команда түзүлөрүн укканда дароо мында келгенин айтты.

— Апрель айында он команда беттешкен зор мелдеш болот. Ошондо сөзсүз жеңишке жетебиз, — дейт 11-класстын окуучусу, уландар волейбол командасынын чабуулчусу Тиленов Бактыбек.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер