МИНИСТР САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУГА БИРДЕЙ ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮКТҮ КАМСЫЗ КЫЛУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

  • 16.03.2023
  • 0

16-мартта билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев ЮНИСЕФтин балдардын жашоо жана өнүгүү маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Томоя Сонода, ЮНИСЕФтин консультанты Фарида Рыскулуева, билим берүү боюнча координатор Марлен Алишевдин катышуусунда өткөн жыйынга катышты.

МИНИСТР САПАТТУУ БИЛИМ АЛУУГА БИРДЕЙ ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮКТҮ КАМСЫЗ КЫЛУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Ошондой эле жыйынга министрдин орун басары Надира Джусупбекова дагы катышты.

Отурумдун жүрүшүндө ЮНИСЕФтин эл аралык кызматташтык боюнча эксперти Шухрат Мирзоев онлайн форматта “2023-2025-жылдарга өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу: Кыргыз Республикасында сапаттуу мектептик жана мектепке чейинки билим алууга жана окуу мүмкүнчүлүктөрүнө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жолунда” темасында презентация жасады.

“Коопсуз билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарын окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу” долбоору 2023-2027-жылдары ишке ашырылары пландалууда. Долбоордун жалпы наркы 75 миллион АКШ долларын түзөт. Анын 60 миллион доллары Ислам өнүктүрүү банкынын насыясы жана 15 миллион доллары Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн (Global Partnership for Education) гранты.

Бөлүшүү

Комментарийлер