МИНИСТР РОССИЯЛЫК ДЕЛЕГАЦИЯ МЕНЕН БИРГЕЛЕШКЕН МЕКТЕПТЕРДИ ТҮЗҮҮНҮ ТАЛКУУЛАДЫ

  • 30.03.2023
  • 0

30-мартта Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Россия Федерациясынын Президентинин Чет өлкөлөр менен аймактар ​​аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Антон Рыбаков баштаган Россия Федерациясынын делегациясы менен жолугушту.

МИНИСТР РОССИЯЛЫК ДЕЛЕГАЦИЯ МЕНЕН БИРГЕЛЕШКЕН МЕКТЕПТЕРДИ ТҮЗҮҮНҮ ТАЛКУУЛАДЫ

Тараптар орус тилинде билим берүүчү биргелешкен мектептерди түзүү жана иштетүү, эки өлкөнүн коомдук-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү, балдарды жана жаштарды маданий агартуу боюнча өз ара аракеттенүүнү жакшыртууну талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун милдеттери жана мөөнөттөрү бекитилди.

Маалымат үчүн:

29-мартта Бишкекте Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын XXIV кеңешмесинде КР Министрлер Кабинети менен РФ Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз Республикасында орус тилинде билим берүүчү биргелешкен жалпы билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана эксплуатациялоо шарттары жөнүндө макулдашуунун долбооруна кол коюлду. Келишимдин алкагында 9 кыргыз-орус мектеби курулат.

Бөлүшүү

Комментарийлер