МИНИСТР ОШМУНУН МЕДИЦИНАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНИН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 24.12.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапары менен Ош мамлекеттик университетинде болду.

МИНИСТР ОШМУНУН МЕДИЦИНАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИНИН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Министр окуу жайдын Ак-Буура кампусунда жайгашкан медициналык клиникасы, эл аралык медицина, медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпустары менен жеринде таанышты. Факультеттерде дарылоо жана практикалык сабактарды өткөрүү кааналары жана жаңы жабдуулар менен камтылган виртуалдык лабораторияга кирип, студенттердин  хирургия, педиатрия, урология, акушердик гинекология жана башка медициналык багыттар боюнча сабактарды өтө турган шарттарын карап чыкты.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков пандемия шартында университетте окуу процессин дистанттык технологияларды колдонуу менен үзгүлтүккө учуратпай жүргүзүүнүн түрдүү чаралары иштелип чыккандыгын белгиледи. Өзгөчө медицина багытында билим алып жаткан чет элдик студенттердин айрымдары Ош шаарында калып билимин улантып жатышкандыгын, алар менен жетекчилик, окутуучулар тынымсыз байланышып, кабардар болуп, сабактар үзгүлтүксүз берилип жаткандыгын кошумчалады.

Жолугушуунун алкагында министр онлайн сабактардын жүрүшүнө  катышып, чет элдик студенттерге болгон билим берүү тууралуу маалымат алып, англис тилинде сабак берген окутуучулар менен жакындан баарлашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер