МИНИСТР МЕНЕН ТИЛЕКТЕШ БОЛГОНУНА КУБАНГАН ТИЛЕК

  • 23.03.2023
  • 0

“Мен министр менен жолугушууга атайын келип аңгемелешип олтуруп, аны менен тилектеш экенибизди түшүнүп, аябай кубандым” — дейт Панфилов районунан келген Тилек Осмоналиев. Ал билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин депутаттар алдында сүйлөгөн сөзүнө шыктанып, өзү негиздеген балдарга кошумча билим берүү борборун жергиликтүү бийликтин карамагына өткөрүп берүү сунушу менен келген.

МИНИСТР МЕНЕН ТИЛЕКТЕШ БОЛГОНУНА КУБАНГАН ТИЛЕК

Панфилов районундагы Чалдовар айылынын тургуну Тилек Осмоналиев -кесиби боюнча философ. Бирок кесиби менен иштеп жан багууга мүмкүн болбой, бир топ жыл Россияда эмгек мигранты болуп иштеп келди. Ал ортодо жумушу жок да калган учурлары болду. Ошондой күндөрдүн биринде Кара-Балта шаарындагы компьютерди оңдоо сервисинде иштеген теңтушу Саматтан компьютер оңдогонду үйрөнүп, ушул жакка кантип биротоло тартылып кеткенин өзү да байкабай калды.

— Досум Самат Закиров экөөбүз Кара-Балта шаарында «Сонун» билим берүү борборун негиздегенбиз. Ал адегенде компьютер оңдогон сервис борбору болчу. Мен ошол жерден компьютер оңдоону үйрөнгөн соң, өзүмө окшогон жаштарга компьютерде иштөөнү жана оңдоону үйрөтүүчү курс ачууну чечкенбиз. Анткени Кара-Балтадагы мамлекеттик мекеме-ишканаларда иштегендердин жана колледж, мектептерде окугандардын дээрлик баары компьютер оңдогонду тургай, компьютерде иштегенди билчү эмес. Балдарга компьютер, телефон оңдогонду, кыздарга компьютердик сабаттуулукту үйрөтө баштадык. Анткени беш жыл жогорку окуу жайларда окуп, компьютерди көрбөгөн балдар иш жүзүндө тез эле үйрөнүп, иш таап кетишти, — дейт Тилек.

Тилек өзү жумушу жок жүргөндө КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемесинде бекер окуп билим алган. Ал кезде мекемелер электрондук лампа монитору бар, Пентиум 3 жана 4 деген сыяктуу эски муундагы компьютерлер менен иштечү. 2000-жылдары чынында эле аны оңдогонду эмес, иштегенди билген адистерди табуу кыйын болчу.

— Бул менин кошоматчылыгым эмес, бирок Садыр Жапаров Президент болгондон бери мамлекетте өнүгүү жүрүп жатат. Башкасын билбейм, бирок биздин райондо 30 жылдан бери алмаштырылбаган техникалардын баары жаңыртылды. Аларды көрүп менде “Иштесе болот экен да” деген ишеним пайда болду. Анан өткөндө Каныбек Иманалиевдин депутаттардын алдында сүйлөгөн сөзүнө аябай муюдум. Мага айрыкча мамлекетибизди биргелешип өнүктүрүшүбүз керек дегени жакты. Ал мектептерден баштап жогорку окуу жайларына чейин робототехникага үйрөтүшүбүз керектигин, жаштарга робототехника багытында билим берүү, IT адистерин даярдоо боюнча жакшы сунуштарын айтты.

Азыр коом өтө тез өзгөрүлүп жатат, кол эмгегин роботтор алмаштырууда. Министр айткандай, балдарыбызга техниканын сырын үйрөтүшүбүз керек. Кой багып, башка мамлекеттерге эт, сүт даярдаган гана өлкө болуп калбаш үчүн чукул арада балдарыбызга дүйнөлүк тенденцияга теңей турган билим берүүгө тийишпиз. Министр накта профессионал экен, анын сөзү мени жакшы ойго жетеледи. Ал эми Президенттин аткарып жаткан иштери менде зор ишенимди пайда кылды. Так ошол себептен мен “Сонун” билим берүү борборун жергиликтүү бийлик органына өткөрүп берейин деген чечимге келдим. Борборду иштетип, элет жериндеги балдар илим-билимге көбүрөөк тартылсын, — дейт Тилек көздөрү жанып.

“Мамлекет мага эмне кылып берди дебей, мен мамлекетимдин өнүгүшү үчүн кандай салым кошо алам” деген ойлор тынчын алган Тилек Осмоналиев жашаган Чалдовар аймагында өспүрүм балдар үчүн кошумча окутуу мекеме-уюмдары дээрлик жок. Кандайдыр бир курстарга окугусу келген балдарга 30 километр алыс жайгашкан райондун борборуна барууга туура келет. Панфилов районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин депутаты Нурдин Жусуповдун айтымында, Тилектин бул изги тилегин айыл өкмөт башчысы Эрназар Нурмухамедов да колдоп, балдарды окутканга ылайыктуу бөлмөнү бекер берип, тиешелүү эмеректер менен жабдып берген.

— Мен Тилектин аткарып келаткан иштери менен жакындан таанышмын. Эки жылдан бери колумдан келген жардамымды берип келатамын. Былтыр долбоор жазып “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” мекемесинен 290 миң сомдук техника утуп алган. Балдарга кошумча билим берүү багытында дагы жаштар кызыккан курстарды ачсам дейт. Ошол максатта “Сонун” билим берүү борборунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, жергиликтүү бийликтин балансына өткөрүп берип жатат, — деди айылдык кеңештин депутаты Нурдин Жунусов.

Панфилов районунда бир мезгилде кабель, кант чыгарган заводдор дүркүрөп иштеп, батыштан чыгышка, чыгыштан батышка байма-бай кыймыл үзүлбөгөн бак-шактуу бараандуу өрөөн эле. Азыр деле ары жагы Талас, бери жагы Жумгал тараптан келген ички миграциянын эсебинен жергиликтүү калктын саны кыйла көбөйгөн. Жаштар арасында кыска мөөнөттүү курстардан билим алып, иш таап оокат тиричилик кылайын деген жаштар да арбып баратканын байкаганын айткан Тилек, өзүнүн чечими туура экенинен шек санабайт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер