МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

  • 28.12.2023
  • 0

Бүгүн, 28-декабрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жарандарды кабыл алуу графигине ылайык “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.

МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Жарандар билим берүү мекемелеринде орун алган ар түрдүү маселелер боюнча кайрылышты. Министр арыздануу жана даттануулар боюнча жеринде териштирүү үчүн комиссия түзүлүп, ар бир кайрылуу мыйзам чегинде караларын билдирди.

Белгилей кетсек, министр ар жуманын бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат. Коомдук кабылдаманын телефону: +996 (312) 62-05-19.

МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер