МИНИСТР “АЛТЫН КАЗЫК” НОУТБУГУНУН САПАТЫН ТЕКШЕРДИ

  • 20.01.2025
  • 0

20-январда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдер үчүн бериле турган “Алтын Казык” ноутбуктарынын сапатын жана  жүктөлгөн программаларын текшерип чыкты.

МИНИСТР “АЛТЫН КАЗЫК” НОУТБУГУНУН САПАТЫН ТЕКШЕРДИ

Белгилей кетсек, “Алтын Казык” ноутбуктарына “Санарип кампа” санариптик билим берүү платформасы жүктөлгөн. Анда STEM предметтери боюнча кошумча окуу материалдары камтылган.

Платформа мугалимдерге жана окуучуларга сапаттуу, жеткиликтүү, интерактивдүү жана заманбап билим берүү материалдарын кыргыз жана орус тилдеринде берүү максатында иштелип чыккан.

МИНИСТР “АЛТЫН КАЗЫК” НОУТБУГУНУН САПАТЫН ТЕКШЕРДИ

Платформада видеосабактар, презентациялар, интерактивдүү симуляторлор, инфографика, 3D-моделдер, тесттик көнүгүүлөр бар. Ошондой эле жаңыдан иштелип чыккан «Э-күндөлүк» – окууну башкаруу системасы «Санарип кампанын» бир тутуму катары иштейт.

МИНИСТР “АЛТЫН КАЗЫК” НОУТБУГУНУН САПАТЫН ТЕКШЕРДИ

Бөлүшүү

Комментарийлер