МИГРАНТТАРДЫН БАЛДАРЫ КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮДӨ

  • 11.01.2024
  • 0

Москвадагы кыргыз жердештердин балдары эне тилин унутпашы үчүн 2020-жылдан бери «Келгиле кыргыз тилинде сүйлөйлү!» долбоору иш алып барат. Долбоор Москвадагы Нарын-Теңир Тоо аймактык коомдук уюмунун “МИРВАМ” окуу борборунун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Россиядагы Элчилиги, кыргыз диаспора кеңешинин колдоосу жана ыктыярчы мугалимдер тарабынан ишке ашырылууда.

МИГРАНТТАРДЫН БАЛДАРЫ КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮДӨ

“МИРВАМ” окуу борбору 2018-жылдан бери мигранттандын балдарына орус тилин бекер үйрөтүп, мектепке даярдап келген. 2020-жылдан бери этникалык кыргыздардын, Орусияда жашап, кыргыз тилин унутуп бара жаткан балдарга кыргыз тилин үйрөтүүдө.

Долбоор аркылуу үч жылдын ичинде жалпы 50гө жакын бала кыргыз тилин үйрөнүштү. Акысыз курста 7жаштан 14жашка чейинки балдар эс алуу күндөрү эки сааттан окушат. Апрель айынан сентябрга чейин балдарды мектепке даярдоо максатында орус тили, кыштан жазга чейин кыргыз тили окутулат.

Долбоордо Роза Адышова, Айжан Мамасадыкова, Жамал Сабаева, Дамира Казакпаева, Бүсайра Эшатова , Аида Иманалиева, Гулназ Опузбекова, Таалайкүл аттуу сегиз ыктыярчы эмгектенет. Алардын ар бири  багыттар боюнча темаларды бөлүп алып, ошонун негизинде сабак өтүшөт. Мисалы, жер жемиш, дене мүчөлөр, кыргыздын улуттук баалуулуктары, маданияты, көрүнүктүү жерлер, китепканаларга саякат ж.б. ушул сыяктуу сабактар бар.

МИГРАНТТАРДЫН БАЛДАРЫ КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮДӨ

Ыктыярчылардын бири  — Таалайкүл Токтобекова. Алты жылдан бери Москва шаарында жашайт. Эл аралык Ала-Тоо университетинин эл аралык экономикалык байланыштар  адистигинде, КРнын Илимдер Академиясында политология жана саясий илимдер бөлүмүндө  аспирантурда билим алган. 2020-жылы Россиядагы Синергия университетинде граждандык укук боюнча магистратурада окуп, юрист кесибине ээ болгон.  РФнын Президентинин иш башкармалыгында туризм багыты боюнча иштейт. Андан тышкары, англис, түрк, француз тилдеринен репетитор. «Келгиле кыргыз тилинде сүйлөйлү!»  долбоорунда кыргыз тилин үйрөткөн ыктыярчы мугалим катары 2018-жылдан бери акысыз сабак берип келет.

 

МИГРАНТТАРДЫН БАЛДАРЫ КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮДӨ

  • Жаңы сабак өтүп баштаганда кыргыз тилинин деңгээли ушунчалык төмөн деп ойлогон эмесмин. Жада калса, баш, кол, бут, дене, көрүү деген жөнөкөй сөздөрдү билбеген балдар бар экен. Анан бул курстун иегизинде күнүмдүк турмушта пайдаланган сөздөрдөн сырткары, Манас эпосу, символдор, атактуу инсандар, жети облустагы ажайып жерлер, кайсыл аймакта эмнелер өсөт деген сыяктуу маалыматтарды да айтып беребиз. Мисалы, Россиянын бир жогорку окуу жайында улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго арналган кабинет бар. Ошол жерге алып барабыз, эстелине гүлчамбар коёбуз, — дейт.

Окуу программасы окуу борбордун жетекчиси Роза Адышева тарабынан иштелип чыккан. Орус тили, кыргыз тили боюнча эң негизги күнүмдүк сөздөр, баштапкы түшүнүктөрдү камтыган темаларга басым жасалып, жөнөкөй тилде жеткирилип берилет. Учурда Россиянын башка шаарларында да ушул эле программа менен окутуу жүрүүдө.  Келечекте акысыз долбоорду Россиянын бардык аймактарында кенен жайылтууну көздөйт.

МИГРАНТТАРДЫН БАЛДАРЫ КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮДӨ

Таалайкүл Токтобекованын айтымында, долбоордун жардамы менен балдар аз да болсо кыргыз тили тууралуу түшүнүк алууда. Тилдин баалуулугун түшүнүп андан ары кыргыз тилине басым жасап, ал тургай атайын Кыргызстанга көчүп кеткен ата-энелер да бар. Тилекке каршы, мигрантттардын балдарынын кыргыз тилин билүүгө кызыгуусу өтө төмөн. Анткени көпчүлүк үй-бүлөлөр орус тилинде баарлашат. Айлана-чөйрөнүн баары башка тилге болгонго балдар да кыргыз тилин үйрөнүүгө көңүл кош мамиле жасашат.  Тилекке каршы, кээ бир ата-энелер үчүн бул нормалдуу көрүнүш.  Ал эми балдар башка тилди үйрөнүүгө башкача ынтызарлык менен келишет.

  • Кыргызстандагыдай эле Москва шаарында да тилдин абалы жүрөк өйүтөрлүк маселе. Кыргыздар кыргыздар менен орусча сүйлөшкөн учурлар көп кездешет. Жаш муун, өзгөчө мектеп курагындагы балдардын бардыгы эле орусча баарлашат. Бул азыркы гаджеттердин да таасири. Бала бакчага барбаган, үйдө отурган балдардын орус тилин жакшы өздөштүрүшүп, ошол тилде сүйлөгөнүнө ата-энелер түздөн-түз күнөөлүү деп эсептейм. Өздөрү балдары менен орусча сүйлөшүп жатышат. Мындан улам балада кызыгуу жок. Мисалы, мен англис, түрк жана француз тилдерин да үйрөтүп жүрөм. Кыргыз тилин бекер үйрөтүп, “келгиле” деп жатсак дагы каалоочулардын саны аз. Ошол эле учурда балдарды мектепте даярдап, акысыз орус тилин да окутабыз, ага суроо-талап көп. Ошентсе да долбоордун жардамында балдар кыскача ырларды үйрөнүп, күнүмдүк сөздөрдү пайдаланып, ойлорун кенен жеткирип, гимн ырдап, “Манас” айтып калган учурларыбыз көп, — дейт Таалайкүл Токтобекова.

 

МИГРАНТТАРДЫН БАЛДАРЫ КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮДӨ

Алты жылдан бери Москва шаарында жашаган Таалайкүл Токтобекова үч баланын энеси. Балдары менен жалаң кыргызча баарлашат. Себеби жолдошу экөө  балдарынын орус тилин үйрөнгөнүнө караганда кыргыз тилин  билишине көбүрөөк басым жасайт.

  • Балдарымдын кыргызча эркин сүйлөгөнү атасы экөөбүздүн аракетибиз. Чындыгында, каалоо болсо, бардык нерсени кылса болот. Россияга жаңы келгенде улуу балабыз мектеп курагына келип калган. Аны мектепке даярдап, орусча үйрөтөлү деген эмеспиз. “Орус тилин сырттан үйрөнөт” деген ой менен жалаң кыргызча сүйлөшүү ыкмасын колдондук. Экинчи балабыз Россияда төрөлдү. Кызыбыз төрөлгөндөн баштап эле кыргызча сүйлөшөбүз. Балдарым гаджеттерден алыс, китепке кызыгуусу чоң болуп, эне тилинде сүйлөгөнүнө сыймыктанам, — деди.

МИГРАНТТАРДЫН БАЛДАРЫ КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮДӨ

Таалайкүл Токтобекованы Россияда кыргызча китептердин жоктугу өкүндүргөнү менен бул кырдаалдан чыгуунун амалын тапкан. Тун уулу тамга таанып, окуп калгандан тартып, орусча, англисче, түркчө жомок китептерди кыргыз тилине которуп, китепче кылып жасап алган. Балдарына кичинесинен бешик ырларын ырдап, жатарда дайыма кыргызча жомокторду айтып берет. Биргеликте китеп окуйт.  Бул аракеттердин баары балдарынын кыргыз тилин жакшы билүүсүнө таасир этти дейт. Кээде жолдошу экөө балдар үчүн сыр каткан темаларды башка тилдерде сүйлөшүп калса, балдары «үйдө кыргызча сүйлөшөбүз» деп талап кыларын айтат.

  • Үч жаштагы кызым күнүмдүк турмушта көп колдонулбаган сөздөрдү, байламталарды кошуп сүйлөп калса, качан үйрөнүп алды деп күлөбүз. Ата-эне, өзгөчө эненин аракети болсо, баланын эне тилге кызыгуусу ойгонуп, эне тилин жакшы көрөрүн өз практикамдан улам айта алам. Тун балам Кыргызстанга, кыргыз тилине жан тартып, кыргыз экендигине сыймыктанат. Орусияда кыргызча сүйлөп жүрүп эле орус бала бакчага барды. Мектепте дагы орус тилинен кыйналбайт. Сабак окуп жатканда дагы ар бир терминдерди, тексттин маани-маңызын кыргызчага которуп, айтып берип турам. Айтылган сөздөрдүн жарымын эстеп калса дагы мага чоң жетишкендик,  — деди Таалайкүл Токтобекова.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер