МЕЗГИЛ ПСИХОЛОГИЗМИ

  • 20.01.2023
  • 0

Ар бир чыгармачыл адам өмүрүндө өзү жашаган доордун элесин сактап, анын көзгө дароо урунган сырткы көрүнүштөрүн, жалпы контурларын гана сыпаттабастан, ал мезгилдин ички драматизмин, психологизмин терең көркөм-эстетикалык изилдөөгө алуусу сейрек көрүнүш. Биздин ишенимибизде ошондой сейрек сүрөткерлердин бири – Казат Акматов.

МЕЗГИЛ ПСИХОЛОГИЗМИ

Сүрөткер 1941-жылдын 23-декабрында жарык дүйнөгө келип, ымыркай кези каардуу согуш жылдары менен айкаша өттү. Айтканга оңой болгону менен согуштун каары, балалык жүрөгү аркылуу турмуш чындыгы катары кабылдаган андагы ый-муң, каатчылык ага турмуш көрүнүшү катары гана таасир калтырбастан, сүрөткердик сезим-туюмду да калыптандыргандыгын көрүүгө болот. Ырас, коомдук-социалдык багытта анын баскан жолу советтик идеология менен камыр-жумур аралашып, мезгилдүү басма сөздө журналист, саясий ишмер катары иштөөгө шарт түзсө, балалыгынан бери көрүп-билген реалдуу турмуштагы кыйынчылыктар, каардуу саясий кысым, адамдардын ага каршы тура албаган алсыздыгы, эл тирилигинин мындай эки башка ажырымга ээ болгон күнүмдүк тиричилиги анын адабий-эстетикалык көз карашынын калыптануусуна, дүйнөнү өз алдынча көрө билүүсүнө негиз болуп бере алган.

К.Акматовго таандык андай экилтик көз караш анын өмүр жолун толугу менен камтыды. Тактап айтканда, ал советтик билим-тарбия алган замандаштарынан айырмаланбай элине кызмат кылды. Партия тапшырган бардык иштерди аткарып, жөнөкөй шофёр-механизатордон тартып, комсомолдук кызматтарда эмгектенди. Комсомолдун Ысык-Көл райондук комитетинде инструктор, бөлүм башчы, райондук комсомол комитетинин 1-катчысы кызматтарын аркалады. Андан соң “Кыргызстан” басмасында улук редактор, башкы редактордун орун басары да болуп эмгектенди. Бул багыттагы көз караштары автордун публицистикаларында толугу менен орун алды. Ырас, публицистикалык эмгектери өзүнчө сөзгө арзыйт.

Дал ушул жылдары анын саясий көз карашы менен турмушту адабий-эстетикалык жактан кабылдоосунун ортосундагы айырмачылык даана көрүнө баштады. Маселен, мезгилдүү басма сөздө жарыяланган бирин-экин макалаларында ал өз дооруна таандык саясий-идеологиялык концепцияны жактаганы менен кара сөз түрүндөгү майда жанрдагы чыгармаларында дал ошол турмуштун өзүндө оор кыйынчылыктарды кездештирген жөнөкөй адамдын пендечилиги менен көз карашындагы татаал көрүнүштөр орун ала баштады. Аны биз жаш калемгер К.Акматовдун окурмандардын колуна тийген биринчи жыйнагы “Боз уланга” кирген аңгеме, повесттеринен эле байкайбыз. Ырас, аталган жыйнактагы алгачкы чыгармаларында эл арасында кездешкен, бирок саясий талаптардан улам жарыкка чыгарууга мүмкүн эмес болгон турмуш чындыгын сүрөттөө негизги орунга чыкпаса да, тымызын орун ала баштаганы сезилет. Көз менен көргөн турмуштун чындыгы, адамдардын жан дүйнөсүндөгү карама-каршылыктар, татаал кырдаалдар, аныкталбаган пендечиликтеги мамилелер, кубулма саясий оюндар толугу менен анын чыгармалары — “Алиса”, “Ала-Тоонун ак кары”, “Газик”, “Токчулуктун балдары”, “Мунабия” ж.б. аңгемелеринде орун ала баштады.

“Боз улан” аңгемелер жана повесттер жыйнагынын кредосун түзгөн мына ушул сыяктуу “майда көрүнүштөр” К.Акматовдун көркөм ой жүгүртүүсүндө белгилүү бир өлчөмдө жаңыланып, көп кырдуу адам турмушунда анча маани берилбей келген пендечиликтин мазмуну менен ачыла турган эстетикалык баалуулукка айланат. Ал ар бир адамдын жан дүйнөсү кайталангыс экендигин туюндурган адабий-эстетикалык концепция анын ушул алгачкы чыгармаларынан тартып көзгө даана көрүнүү менен бирге адабиятта мындай багытты тандап алган анын замандаш калемгерден да айырмаланып, өзгөчө сапатка ээ болуу процесси да мына ушул 1974-жылы жарык көргөн “Боз улан” аңгемелер жана повесттер жыйнагында байкалды.

Бул жылдарда кыргыз адабиятында Ч.Айтматовдун “Ак кеме” повести жарык көрүп, ал аркылуу турмуш чындыгына карата жаңыча адабий- эстетикалык мамиле түзүлүп, көркөм аңдаштырууда новатордук ойлоо жөндөмдүүлүк пайда болуп, ал эми чыгарма жаратуучулар үчүн талап өзгөчө артып, көркөм бийиктикти багындыруу бир кыйла татаалдашкан. Ч.Айтматовдун аталган жана башка чыгармалары аркылуу жалпы союздук эле эмес, дүйнөлүк адабий коомчулукка белгилүү бир жаңылык киргизилип, Бала, Орозкул, Момун, Бекей сыяктуу образдар менен адамдын жаңы сапаттык белгилери ачылып, аны менен совет адабиятына мүнөздүү болбогон касиеттер окурмандарга тартууланып жаткан маалды эске түшүрсөк, жаңыдан калем кармап, чыгармаларын окурман журтка тартуулап жаткан К.Акматов сыяктууларга өз жолун табуу кыйла оорчулукка тургандыгы талашсыз эле.

Бир караганда баары жазылып калгандай көрүнгөн кыргыз адабиятында деле жазыла элек темалар бар экендигин, баары ачыкка чыгып калган сыяктанган көркөм образдардын арасында да иштелип бүтө элек кыргыздын мүнөзү бардыгын К.Акматов “Мезгил” романында туура баамдайт. Аны кадимки эл арасындагы турмуш-тиричиликтен эле “таап”, республикалык масштабда адабий-эстетикалык мазмунга көтөрүп чыгууга аракеттенет. Тактап айтканда, кыргыздын тың чыкма акын-жазуучулары ХХ кылымдын 30-жылдарынан бери жазып, адабияттын тарыхында белгилүү бир ордун таап калган коллективдештирүү процессиндеги эл турмушу улуттук ангемелерден тартып, “Кең-Суу” сыяктуу классикалык орунга ээ болуп калган романдарга чейинки чыгармалардын сюжетин ээлеп, бул багытта окурмандардын даяр көз карашы калыптанып калса, таланттуу жаш талапкер К.Акматов ошол иштелип бүткөн, даяр көз карашка таптакыр башкача мамиле кылат. Эгерде бул мезгилди сүрөттөгөн алгачкы аңгеме, повесть жана романдарда адабий коомчулукка белгилүү болгондой партиянын коллективдештирүү саясатын баары кош колдоп, шатыра-шатман ураалап тозуп алган болсо, К.Акматов “Мезгил” романында турмуш чындыгын өзүнчө көрө билүүгө шыгы бар экендигин ачыкка чыгарып, “Прогресс” асыл тукум жылкы заводунун, аны түптөгөн Кошой Аламановдун образына өз алдынча баам салат. Тактап айтканда, окурмандардын колуна тийген күндөн тартып эле К.Акматовдун “Мезгил” романына карай эки ача көз караш пайда болду. Албетте, романчынын мындай көз карашы кыргыз адабиятында алгачкы чыгармалардан тартып калыптанган, б.а. советтик идеологияны ураалап тосуп алган эмгекчи элдин турмушун чагылдырган көркөм аңдаштыруусуна туура келбеди. Кыргыз адабиятынын классикасына айланган алгачкы чыгармаларда окурмандардын жан дүйнөсүнө башкача таасир этүүчү революциялык иштерди жан дили менен колдогон ураанчыл каармандардан айырмаланып, К.Акматовдун Кошою бирде совет бийлигинин идеологиялык талаптарына кошулса, пендечилигиндеги айрым кырдаалдарга карата ага каршы чыгат. “Мезгил” романы аркылуу кирген чыныгы көркөм табылга эл турмушун кеңири чагылдырууга аракеттенгендиги, б.а. кылымдап улуттук аң-сезимге байырлап келген өткөн турмуштун жаңыча ой жүгүртүүгө ээ болгон революциялык турмуш менен бардык эле учурда жуурулушуп кетпегендигин, карама-каршылыктар болгондугун ошол эле мезгилде партия сунуштаган бардык идеялар карапайым калк тарабынан жактырылып кабыл алына бербегендигин туура баамдап, тарыхый чындыкка ээ болгон ошол окуялардын көркөм элестерин түзүүдө ар бир каармандын жан дүйнөсүндө болуп келген карама-каршылыктар, ички келишпестиктер аркылуу чебер чагылдырып бере алган. Андагы мындай ички жана тышкы драматизмдер Кошой Аламанов, Емельян Красин, Шатман ажы, Кызтуубас кемпир, Шеркул жылкычы, Айжамал, ж.б. көркөм образы менен ачылып берилет.

Өзгөчө бул романда каармандардын ички карама-каршылыгы менен кадимки турмуштук каршылаштыктар — эски менен жаңынын келишпестиги “Прогресс” асыл тукум жылкы заводундагы жылкылардын турмушуна айкалыштырылып берилди. Жазуучунун чеберчилиги мына ушунда турат, элдин жайчылык турмушун, андагы ар кандай окуяларды асыл тукум жылкыларга байланыштырып сүрөттөө аркылуу совет бийлиги басып өткөн татаал жолду, ал аркылуу эл арасына келип кирген улуттук ассимилияны ачып берүүгө жетишет. Романда ал улутка мүнөздүү жаңылык же кемчилдик катары автор тарабынан өз алдынча сүрөттөлбөгөнү менен совет бийлигинин негизинде пайда болгон жаңы маданияттын пайда болуш себептерин, анын башаты кандай кырдаалда кантип жаралганын дал ушул жылкылардын турмушун сүрөттөө, андагы ассимилиянын кандай жана кантип жүргөндүгүнө салыштырып, кадимки адамдардын турмушун баамдоого мүмкүндүк түзөт.

Кыргыз адабиятында профессионал прозалык жанрлардын өнүгүшүнө өз салымын кошо алган “Мезгил” романындагы идеялык подтекст К.Акматовдун “Күндү айланган жылдар” романында бир кыйла тереңдейт, б.а. сырттан келген саясий ой жүгүртүүгө гана эмес, анын таасиринде калыптануучу рухий маданиятка, аны жан дүйнөсүндө бекем сактап жүргөн улуттук кабылдоого да оң жана терс таасирин тийгизе тургандыгын ал ушул романында ачыкка чыгарат.

Каармандардын коомдогу орду, коом үчүн эмгек кылып, ага алган атак-даңкы, ал аркылуу калыптанган саясий-социалдык көз карашы, жетишкен ийгилиги бардык учурда эле эл үчүн, улут үчүн ийгилик алып келе бербей тургандыгын К.Акматов “Күндү айланган жылдар” романында академик Элебай Сатаровдун үй-бүлөсү, алардын ар бирине таандык саясий жана пендечилик көз караштары аркылуу ачып көрсөтөт. Ал идея эки кылымга тиешелүү болгон жез таңдайлардын тукумунун турмушун, алардын эл үчүн кылган кызматын, бир уруунун урпактарынын коомчулукта аткарган идеялык-эстетикалык ордун, чыныгы адам кандай болушу керектигин айкындаган позициясына карай аныкталат.

Эгерде “Мезгил” романында автор кыргыз турмушунда болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн жакшы менен жаманын жылкылардын турмушу, алардын адам үчүн байкала бербеген аргындашуусуна басым коюу аркылуу окурманга түшүндүргөн болсо, “Күндү айланган жылдар” романында ошол эле идеяны жез таңдай акындардын турмушун көркөм анализге алуу менен элге жеткирет. Тактап айтканда, таланттуу жазуучу К.Акматов эки романында тең жер үстүндө жашаган ар бир элдин өзгөчөлүгү өзүнүн улуттук сапаты менен баамга уруна тургандыгын көрсөтөт. Автордун жеке баамында адам кандай заманда жашабасын, ал ким болбосун улуттук касиетин жоготкон болсо, анда анын адам катары чыныгы жүзү жоголот, ал буту менен эмес, башы менен жерге турган “Эл Сатаровдун эстелигиндей” (өз уулу Адылбек тургузгандай) сапатка айланат.

Мындай идея анын ушул эки чыгармасынын гана идеялык мазмунун, көркөм аңдаштыруу философиясын түзбөстөн, ар кыл жанрга кирген чыгармаларында – “Мунабия” башында турган аңгемелеринде, “Ажырашуу түнү”, “Азаттыгым арманым” драмаларында жаңыча мазмунга ээ болуу менен баяндалат.

Кыргыз жергесинде болгон окуяларды типтештирүү аркылуу көркөм жана реалдуу сүрөттөөдө К.Акматовдун дүйнө кабылдоосунун ролу өзгөчө экендигин белгилеп кетүү жазуучунун адабий чыгармаларына терең урматтоо көрсөткөндүк болуп эсептелет.

Ал эми мистикалык ой жорум менен көркөм кыялданууну айкалыштыра берүүгө аракеттенген “Архат” романы жарык көргөн алгачкы күндөн тартып окурмандар арасында кызыгууну пайда кылгандыгы ал жөнүндөгү мезгилдүү басма сөздөгү ой-пикирлер ырастап турат. Аларда айтылган көз караштарды бул жерде кайталоонун зарылдыгы жок, болгону айта кетүүчү сөз кыргыз адабиятында анча маани берилбеген мистикалык ой жүгүртүүнүн тегерегинде өз күчүн сынап көрүүгө аракеттенип, азыркы адабий процесске жаңыдан кирип жаткан көркөм аңдаштыруу кырдаалдарына токтолгонун эскере кетели. Ал өзүнүн чыгармачылыгын бардык тарабынан өнүктүрүүгө аракет кылган сүрөткер экендиги анын “Эрика Клаустун он үчүнчү кадамы” романы менен “Шахидка” повестинен да көрүнөт. Мындай көрүнүш чебер сүрөткер К.Акматовдун коомдун күрөө тамырында турган көйгөйлөргө кайрылып, аны көркөм-эстетикалык аңдаштыруу аркылуу окурман менен ой бөлүшүүгө умтулганын күбөлөйт.

Абдылда Мусаев,

К.Карасаев атындагы БМУнун ректору, профессор

Бөлүшүү

Комментарийлер