МЕЗГИЛ МЕНЕН ЖАРЫШЫП, МЕКЕН ЖҮГҮН АРКАЛАП…
- 20.09.2024
- 0
Жарым кылымга жакын мезгил бою мугалим болуп талыкпай иштеген, билим берүүгө эмгеги өткөн жогорку кесипкөй педагог Кайырбүбү Малдыбаева 70 жашка толду. Бишкектеги №53 мектептин алдыңкы мугалими өзүнүн куттуу мааракесин үй-бүлөсү, кесиптештери жана сүйүктүү окуучулары менен бирге сый-урматка бөлөнүп белгилеп жаткан убагы.
Кайырбүбү Малдыбаева атактуу Тыныбек манасчы, Көкөтөй чечен чыккан, Теңир-Тоодогу таланттардын алтын бешиги болгон Миң-Булак айылында 1954-жылы жарык дүйнөгө келген.
Ушул айылдагы Куйбышев атындагы орто мектебин аяктаган соң, Каракол педагогикалык институтунун педагогика факультетинде жогорку билим алган. Анын мугалимдик ардактуу эмгек жолу 1978-жылы Нарын шаарындагы Т.Жукеев атындагы мектеп-лицейинде башталган. 1979-1983-жылдары Куйбышев жана Миң-Булак айылындагы мектептерде башталгыч класстын мугалими болуп иштеди. 1983-1992-жылдары Эчки-Башы айылындагы мектепте, 1992-2020-жылдары Нарын шаарындагы №10 орто мектепте башталгыч класстын мугалими, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп талыкпай эмгектенди. Соңку төрт жылдан бери Бишкек шаарындагы №53 мектептин алдыңкы мугалими болуп ишин улантып, окуучулары менен кесиптештеринин урмат-сыйына бөлөнүп келатат.
Мына ушундай бир караганда эң жөнөкөй көрүнгөн сандардын, жылдардын арасында мугалимдин көзгө көп илешпеген, бирок ошол эле учурда эң жооптуу, эң баалуу эмгеги – балдарга берген билим-тарбиясы жатат эмеспи. Айрыкча башталгыч класстын мугалими болуш чын эле өтө кыйын. Балдарга жумшак тил менен “алдап-соолап” түшүндүрүп жүрүп, алар өздөрү да жаш баладай болуп калаарын байкабай калышса керек. Аппак кагазга түшкөн алгачкы тамгадай же болбосо алгачкы жааган кардай таза бөбөктөрдүн жан дүйнөсүн ачып, ошол дүйнөдө жашап, алар менен кошо ыйлап, ырдап, бийлеп, алар таарынса таарынып, таарынчаак да болуп калышканын көрүп, аргасыз жылмаясың.
Мугалим болуп иштеп жүрүп, коомдук иштерге катышпай коюу эч мүмкүн эместигин жакшы билебиз го. Кайырбүбү эжей да мектептин, айылдын көйгөйлөрүнө кайдигер карап тура алчу эмес. Нарын шаарындагы №10 орто мектепте окуу бөлмөлөрү жетпей жатканда кошумча корпус куруу демилгесин көтөрүп, коомчулук менен байланышып, мектептин жаңы корпусунун курулушуна чуркады. Жаңы корпус курулуп бүткөндө класс-кабинеттер менен залдарды предметтик талаптарга ылайык жасалгалаганга бардык эмгегин жумшады.
Ошондой эле НМУнун алдындагы мугалимдердин билимин жогорулатуу борбору менен биргелешип, облустун ар кайсы аймактарынан келген мугалимдерге семинарларды байма-бай өткөргөндүгү менен да оозго алынды.
Мугалим эле эмес, кайсы кесип болбосун, бир жерде тура берсе, эч качан өсүш болбойт эмеспи. Азыркы санарип технология күчөп, муундар алмашып, нарк-дөөлөттөр жаңырып жаткан жогорку өзгөрүүлөрдүн убагында мугалим замандын шарынан калбай, билимин өркүндөтүп турушу биринчи кезекте маанилүү милдет болуп жатпайбы. Бул жагынан Кайырбүбү эжей дагы алдыңкы сапта келатат.
2000-2001-жылдары билим жана тарбия берүүнүн сапатын бекемдөө үчүн Сорос фондунун «Алга кадам» программасы менен иш алып барып, кайрадан кабинеттерди түп-тамырынан бери оңдоп-түзөгөнгө жетишти. Ошол эле жылдары Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги жана Даниянын «Спасите детей» уюмдары уюштурган окуулардан топтогон билим-тажрыйбасын өзү иштеген мектептин ишин алга жылдырууга колдонду.
Эсиңиздерде болсо керек, ошол 2000-жылдары чет элдик фонддор мектептеги билим берүүгө көңүл буруп, окуу программаларын тез-тез уюштуруп турар эле. 2001-жылдын октябрь, ноябрь айларында БУУ менен Улуу Британиянын колдоосундагы «CHILDREN», «Сабакка барбаган балдар» программасына катышып, анын натыйжасында азыркы социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө машыкты. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип, мектепке барбай калган балдарга жакындан жардам берген долбоорлорго активдүү катышты.
Ошол эле жылдын декабрь айында БУУнун ЮНИСЕФ балдар фонду менен биргеликте БИМ жана КРнын билим берүү институту уюштурган «Өзгөрүлүп жаткан коомдогу мектеп» программасын ишке ашырууда алдыңкы сапта жүрдү.
2004-жылы Каунтерпарт Интернейшнл уюштурган “Коомчулуктун муктаждыктары жөнүндө жалпы билим” тренингинен окуп такшалып, ата-эне менен мектептин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги менен ата-эненин ортосундагы байланышты бекемдеген иш-чараларды уюштурууга жигердүү катышты.
– Артка кылчайып карасам, билим берүү тармагына кол сунган эл аралык уюмдар, фонддор байма-бай уюштуруп турган окуулардын биринен сала бирине катышканга аракеттенчү экенмин. Эл аралык программалардын жакшы тажрыйбасы бар, алар өзүнчө бир топту окутат, ал топто окугандар өзү иштеген мектепке барып, билгендери менен бөлүшөт. Мен да 2005-жылы USAID уюштурган “Мектепти жакшыртуу” программасын окуп келип, PEAKS программасы боюнча мугалимдерди толук маалымат менен камсыз кылганга аракеттендим. Кийинки жылы “Көп тилдүү билим берүү”, “Интерактивдүү тил методологиясы”, “Балага багытталган методология” деген аталыштагы курстардан окуп, билим казынамды дагы бир топ байыттым десем болот. 2010-жылы “Эм-Эс-Ди-Пи-Кей Джи” билим берүү программасы боюнча окутуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу программасын ОшМУдан окуп келдим. Ал жерден үйрөнүп келгендерим жеке өзүмө эле эмес, кесиптештериме да пайдалуу болду деп ойлойм, — дейт такшалган педагог.
Эл аралык уюмдар менен кызматташуу тажрыйбасын улантып, акыркы жылдары Ага-Хан фондунун «Мектепке даярдоо», «Башталгыч билим берүү» программалары менен иш алып барып жүрдү. Жыл сайын болбосо да, мүмкүнчүлүктөр пайда болгонго жараша эл аралык окуу программаларына катышууну калтырган жок. 2014-жылы “СAL Consulting” долбоору боюнча “Башталгыч класстар үчүн стандарттар” аттуу модулдук окуудан өткөнүн да анын ийгилиги, жетишкендиги катары баалоого болот.
Дал ушундай жигердүү иш тажрыйбасынын негизинде «Жылдын мыкты мугалими», «Жылдын мыкты завучу» деген кароо сынактарга катышып алдыңкы орундарды ээледи.
2020-жылы үй-бүлөлүк шартына байланыштуу борборго көчүп келди. Эми региондо топтогон бай тажрыйбасы менен баш калаадагы мектепте да алдыңкы мугалим болуп таанылды.
– Мектептин турмушун кадимки эле чоң турмуштун чакан макети деп элестетсе болот деп ойлойм. Анткени баланын билими, тарбиясы, өнөрү, керек болсо, мүнөзү да дал мектептен түптөлүп, өөрчүп-өнүгөт. Балага биз билим менен кошо улуттук баалуулуктарды кошо сиңирип, үйрөтүп, кийинки жашоосунда аздектеп колдонушуна жетишибиз керек. Азыркы учурда окуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер эмес, кыргыз эле мектептерде окуучуларга ошол кылымдан бери үзүлбөй, төгүлбөй-чачылбай келаткан улуттук колоритибизди улантып жеткирүү кыйынга туруп калды. Балдар сөзсүз түрдө окуп билүүгө тийиш болгон каада-салттарыбызды, улуттук нарк-насилибизди тынбай айтып, балдардын кулагына куюп турушубуз керек. Азыр балдардын баары, балдар эле эмес, улуу-кичүүлөрдүн баары интернет дүйнөсүндө жашап калды. Демек, биз да балдарды окутуп-тарбиялоо ишинде аны активдүү колдоно билишибиз керек. Мен интернет айдыңынан көбүнчө
Сүйүнбек Касмамбетовдун “Нарк куржуну” баянын укканды жакшы көрөм. Анын ушунча жөнөкөй, жеткиликтүү тил менен айткандары аудиторияга чогултуп алып акыл үйрөткөнгө караганда, кыйла таасирдүү, — дейт алдыңкы педагог.
Кайырбүбү эжей өзү демилге көтөрүп окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн уюштурган «Манас таануу» ийрими окуучулардын атуулдук сезимин ойготконго, алардын көкүрөгүнө аз да болсо улуттук баалуулуктардын үрөнүн себелегенге жетише алгандыгында шек жок.
Кайырбүбү Малдыбаева жергиликтүү бийлик органдарынан, билим берүүнү башкаруу органдарынан, коомдук уюмдардан көптөгөн сыйлыктарды алды. Анын ичинде “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, Билим берүү жана илим министрлигинин, мугалимдердин билимин өркүндөтүү борборунун, профсоюз уюмунун, улуттук
Манас театрынын Ардак грамоталарын атай кетсек жетиштүү. Коомдук иштерге катышкан активдүүлүгү үчүн «Теңир-Тоо» айымдар конгрессинин «Ардактуу айым» төш белгисин, Кыргыз Республикасынын ардагерлер коомунун «Ардактуу мугалим» төш белгисин төшүнө тагынды.
Бирок жарым кылымга чукул мезгил мугалимдик кесипте талыкпай иштеген чыгаан мугалимге мамлекеттик жогорку ардактуу наам берилсе эң акыйкат иш болмок. Балдарга билим-тарбия берүү майданында өз милдетин кынтыксыз так аткарып, мамлекетке жана элге кызматы өткөн, эч качан атак-наам үчүн жүгүрбөгөн жупуну мүнөз Кайырбүбү эжей өңдүү мугалимдин эмгегин мамлекеттик уюмдар татыктуу баалап, тийиштүү деңгээлде сый-урмат көрсөтсө, эч качан кеч болбойт.
Комментарийлер