ПАНДЕМИЯ ШАРТЫНДА МЕКТЕПТЕРДЕ ОКУУ ПРОЦЕССИН УЮШТУРУУ ЖӨНҮНДӨ НУСКАМА

  • 20.08.2020
  • 0

2020-2021-жаңы окуу жылында пандемия шартында жалпы билим берүү уюмдарында окуу процессин уюштуруу боюнча нускама

 

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жана балдардын, педагогдордун, ата-энелердин ден соолугуна кооптуу кырдаал жаратпоо максатында эпидемиологиялык абал турукташканга чейин, 2020-2021-окуу жылынын биринчи чейрегинде менчик формасына карабастан, республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 2-11-класстарда окутуу дистанттык түрдѳ ѳтѳт.

Ошону менен бирге, 1-класстын окуучуларынын окуу көндүмдөрү калыптандырылбагандыгын эске алып, 2020-2021-окуу жылынын биринчи чейрегинде менчик формасына карабастан, республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу менен 1-класстарда окутуу салттуу түрдө жүргүзүлөт.

 

1-класстарда окуу процессин салттуу түрдѳ ѳткѳрүүдѳ райондук/шаардык билим берүү бѳлүмдѳрүнүн/башкармалыктарынын, мектеп администрациясынын жана мугалимдердин милдеттери:

 

  1. 2020-жылдын 1-сентябрында менчик формасына карабастан, республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 1-класстар үчүн төмөнкү иш чараларды өткөрүү:
  • Билим күнүн салттуу түрдө ийкемдүү графикке ылайык өткөрүү (массалык иш-чараларды өткөргөнгө тыюу салынат),
  • “Сүйүктүү Кыргызстаным” аттуу 1-сабак өткөрүү,
  • экскурсия жүргүзүү.
  1. Телеканалдардан көрсөтүүлүчү видеосабактардын темаларын эске алуу менен:
  • жылдык календардык — тематикалык планды иштеп чыгуу,
  • мектептин ички тартибин иштеп чыгуу,
  • сабактардын ийкемдүү жадыбалын жана аралыкты сактоо үчүн ар бир класстын танаписинин жадыбалын иштеп чыгуу.
  1. Мектеп администрациянын чечими менен зарыл болгон учурда 1-класстын мугалимдерине жардам берүү үчүн жогорку класстардын дене тарбия, музыка, сүрѳт мугалимдерин, лаборанттарды, китепканачыларды бекитүү.
  2. Балдарды 1-класска кабыл алууну тездетүү жана тизмесин тактоо.
  3. Ата-энелер менен келишим түзүү (мектептин жана ата-энелердин милдеттери так жазылышы керек), алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
  4. Санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо үчүн шарттарды түзүү:

 

  • мектепте дезинфекция иштерин жүргүзүү,
  • ички ажатканаларды иштетүү,
  • кол жуугуч, тепловизор, мектептин кире беришине хлордонгон килемче менен камсыздоо,
  • гигиеналык жана антисептикалык каражаттар менен камсыздоо.
  1. Ар бир классты өзүнчө окуу бөлмө менен камсыздоо.
  2. Окуучулардын топтолуш мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу үчүн кошумча кирүү жана чыгуу эшиктерин колдонууну камсыздоо.
  3. Күнүгө сабактар бүткөндөн кийин мектепти, окуучулардын ордун дезинфекциялоо.
  4. Санитардык талаптарды аткаруу менен ысык тамак уюштуруу: ашканаларды, идиш аяктарды дезинфекциялоого, аралыкты сактоого шарттарды түзүү.
  5. Ата-энелерден балдарына бирдиктүү мектеп формасын алып берүүнү талап кылбоо.
  6. Күнүгө бардык окуучулардын, мектеп кызматкерлеринин дене табын текшерип туруу, атайын журналга каттоо.
  7. Мектепке мугалимдер жамаатынан жана окуучулардан тышкары башка адамдарды киргизүүнү чектөө.
  8. Мектепке кирип-чыккан адамдарды каттоого алуу.
  9. Психологиялык кызматты жана “ыкчам байланышты” уюштуруу.
  10. Мектеп администрациясы жана мугалимдер ар дайым санитардык — эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳнүн, жергиликтүү бийлик органдары жана ата-энелер менен тыгыз байланышта иш алып баруу.
  11. Мектептеги кырдаал боюнча министрликке жана тиешелүү органдарга маалыматтарды ѳз учурунда берип туруу.

 

Окуу процессин уюштуруу боюнча:

Эпидемиологиялык абал курч аймактарда жана окуучулардын саны кѳп мектептерде:

  1. 1 — класстарда окуучулардын санына жараша окуучуларды кичигруппаларга бѳлүп, (ар бир кичигруппада окуучулардын саны 20дан ашпашы керек), ийкемдүү жүгүртмөгө ылайык окутуу, мисалы:

— 1 — топ — дүйшѳмбү, шаршемби күндѳрү;

— 2 — топ — шейшемби, бейшемби күндѳрү.

  1. Сабак учурунда аралыкты сактоо.
  2. Жума күндѳрү мугалимдер окуучулар менен кайтарым байланышка чыгуу жана сабакка даярдануу.
  3. Айрым сабактарды таза абада ѳткѳрүү сунушталат.

Эпидемиологиялык абал туруктуу аймактарда жана окуучулардын саны аз мектептерде:

  1. Класстарда окуучулардын саны 20га чейин болсо, кичи группаларга бѳлүнбѳйт.
  2. Ийкемдүү жүгүртмөгө ылайык окутуу чечими ар бир мектептин мүмкүчүлүгүнѳ жараша кабыл алынат.

 

Уюштуруу иштер

  1. Окуучу мектепке келгенде дене табынын көрсөткүчүн ѳлчѳѳ, атайын журналга жазуу.
  2. Окуучуларды аралыкты сактоо менен окуу кабинетине коштоо, (1,5-2 метр) шахмат түрдѳ отургузуу.
  3. Окуучуларга танапис учурунда сакталуучу эрежелер тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
  4. Аралыкты сактоо.
  5. Танапис учурунда кабинеттерди желдетүү.

 

Окутуу салттуу түрдѳ жүргүзүүдѳ ата-энелердин милдеттери:

  1. Мектеп менен келишим түзүү.
  2. Баланын ден соолуугу боюнча мугалимге күнүгө маалымат берип туруу.
  3. Баланы санитардык-гигиеналык каражаттар менен камсыздоо.
  4. Окуучулардын ѳздүк гигиенасын сактоону камсыздоо.
  5. Баланы мектепке убагында алып келүүнү жана алып кетүүнү камсыздоо.

 

2-11-класстарда окуу процессин дистанттык түрдѳ ѳткѳрүүдѳ райондук/шаардык билим берүү бѳлүмдѳрүнүн/башкармалыктарынын башчыларынын, мектеп администрациясынын жана мугалимдердин милдеттери:

 

  1. 2020-жылдын 1-сентябрында Билим күнүн дистанттык түрдѳ өткөрүү.
  2. Билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу.
  3. Окуучулардын окуу программаларын дистанттык билим берүү технологиялары (маалыматтык жана телекоммуникациялык) аркылуу өздөштүрүүсүн камсыздоо.
  4. Дистанттык түрдѳ билим алуу үчүн окуучулардын мүмкүнчүлүгүн текшерүү жана шарт түзүү үчүн (ѳзгѳчѳ аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳрдүн балдарын) мониторинг жүргүзүү.
  5. Дистанттык түрдѳ билим алуу үчүн аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳрдүн балдарын телевизор же уюлдук телефон менен камсыздоо боюнча жергиликтүү органдары жана демѳѳрчүлѳр менен иш алып баруу.
  6. Болгон билим берүү платформаларын пайдалануу аркылуу жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын аткарууну жана кайтарым байланышты камсыздоо.
  7. Окуучулардын окуу программаларын дистанттык билим берүү технологиялары (маалыматтык жана телекоммуникациялык) аркылуу өздөштүрүүсүн камсыздоо боюнча мугалимдер үчүн вебинарларды өткөрүү.
  8. «Баластан» коомдук телерадио компаниясы, «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы жана башка каналдары аркылуу кѳрсѳтүүлүчү видеосабактарды жана мектеп окуучуларына арналган телекѳрсѳтүүлѳрдү кѳрүүнү камсыздоо.
  9. Үй шартында дистанттык түрдө билим алуу боюнча ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
  10. Психологиялык кызматтарды жана “ыкчам байланышты” уюштуруу.

 

Окутуу дистанттуу түрдѳ жүргүзүүдѳ ата-энелердин милдеттери:

  1. Балага дистанттык түрдѳ билим алуусуна шарттарды түзүү.
  2. Балага билим алуусуна, окуу программаны өздөштүрүүсүнө кѳмѳк кѳрсѳтүү.

3.Телеканалдардан кѳрсѳтүлүүчү видеосабактарды жана окутуучу телекѳрсѳтүүлѳрдү кѳрүү үчүн балдарга шарт түзүү.

  1. Мугалим менен белгилеген мөөнөттө жана убакытта кайтарым байланышка чыгуусун камсыздоо.
Бөлүшүү

Комментарийлер