МЕНЧИК МЕКТЕПТЕРДЕГИ БИЛИМ САПАТЫ ЖАНА ОКУУ АКЫСЫ

  • 06.08.2019
  • 0

Учурда Кыргызстанда мамлекеттик делген 2236 билим берүү мекемеси жана өзүн-өзү каржылаган 248 менчик мектеп бар. Быйылкы ЖРТда эң жогорку 238 упай топтоп, Президенттин колунан Алтын сертификат алган Элдияр Чормонов да  өлкөбүздөгү менчик мектептердин флагманы  – эл аралык «Сапат» билим берүү мекемелеринин аймактык лицейинин бүтүрүүчүсү болуп саналат.

МЕНЧИК МЕКТЕПТЕРДЕГИ БИЛИМ САПАТЫ ЖАНА ОКУУ АКЫСЫ

Кыргыз-түрк лицейлери  — мыкты саяпкерлер мектеби

Кыргызстандагы менчик мектептердин арасында  эл аралык «Сапат» билим берүү мекемелерине таандык лицейлер  эң алдыңкы сапта турушат. Эгемендүүлүктүн башатында, тагыраак айтканда, 1992-жылы «Себат» деген аталышта пайда болгон бул билим берүү мекемеси мезгил сынагынан татыктуу өтүп, ушу  азыр да улам жаңыланып, изденип, заман нугунан калбай иштеп келе жатат.

«Сапатты» «Сапат» кылган дүйнөнүн эң атактуу университеттеринен билим алып, ааламдын көрүнүктүү компанияларында эмгектенип жатышкан «Сапаттын» мурунку бүтүрүүчүлөрү  менен республикалык дейбизби, дүйнөлүк дейбизби, предметтик олимпиадалардын баарында алтын, күмүш, коло медалдарга ээ болуп жатышкан  ушу күндөгү жылдыздуу окуучулары десек туура болчудай.

Өткөн жылкы ЖРТда «Сапаттан» 14 бүтүрүүчү Президенттин  колунан Алтын сертификат алышса, быйылкы жылы 18 окуучу ушундай өзгөчөлөнгөн сертификатка татыктуу болушту. Кайсы бир жылдары ЖРТда эң көп балл алгандардын басымдуу бөлүгү «Сапат» лицейлеринин тарбиялануучулары болушканы эсибизде.  Мына азыр да кыргыз-түрк лицейлеринин окуучулары билим таймашындагы албан ийгиликтери менен көпчүлүктү кубандырып келүүдө. Мисалы, 2018-жылы АКШда өткөн «Genius» олимпиадасында 73 өлкөдөн келишкен окуучулардын арасынан «Сапат» өкүлдөрү 5 алтын, 16 күмүш, 11 коло медалга жана 28 кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болуп кайтышкан.

Бул ийгиликтердин артында албетте, мындагы мугалимдердин кажыбас кайрат менен ширелген ак ниет эмгеги турат.  «Сапат» лицейлеринде өз ишин сүйгөн, өз предметин башкалардан өйдөрөөк билген, башкысы өз окуучуларын жаңыны таанып-билүүгө шыктандыра алган алдыңкы мугалимдер эмгектенишет. Ошондой мугалимдерге зээндүү окуучулардан куралган олимпиада топторуна саяпкерлик кылуу ишенип берилет.

Кыргыз-түрк лицейлеринин окуучулары дүйнөдөгү эң мыкты окуу программаларына таянып түзүлгөн окуу китептери аркылуу табигый-математикалык багыттагы предметтерди англис тилинде окуп-үйрөнүшөт. Демейки сабактар төрт тилде: кыргыз, орус, түрк жана англис тилинде жүргүзүлөт. Бул жердеги көп тилдүү билим берүү практикасы балдардын ой-өрүшүнүн өсүшүнө, жаңыны бат таанып-билүүсүнө сөзсүз таасир этпей койбойт.

Ата-энелер башкысы, мындагы билим сапатына маани беришкени менен, арасында өз уул-кыздарынын татыктуу таалим алуусуна кызыкдар болгондору жок эмес. Бирок жалгыз талап – окуучу алдын  предметтик сынактан өтүшү керек. Сынакта өзгөчөлөнгөндөргө «Жөндөмдүү балдар» программасынын алкагында бюджеттик орундар бөлүнүп, гранттык колдоолор берилет.

 

Окуучуларды Билим олимпине баштаган

«Билимкана» менен «Илим» мектептери

МЕНЧИК МЕКТЕПТЕРДЕГИ БИЛИМ САПАТЫ ЖАНА ОКУУ АКЫСЫ

«Илим» билим берүү комплекси —  эгемендүү өлкөбүздүн эң алгачкы менчик мектептеринин бири. Азыр ал ЮНЕСКОнун ассоцоцияланган мектептеринин катарына кирет. «Илим» билим берүү комплекси англис тилин тереңдетип үйрөтүүчү мектептен жана күнү бою иштөөчү бала бакчадан турат. Ош шаарында да «Илимдин» мектеби бар. Өткөн окуу жылында «Илим» «Аракет» фондунун көмөгү менен Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүүчү орто мектептердин 4-11-класстардын окуучулары үчүн үч турдан турган  математика, кыргыз  жана англис тилдери боюнча I Республикалык олимпиада уюштурду.

Олимпиада демекчи, бул идея менчик мектептер арасында жаңылык эмес. Анткени «Билимкана»  бул ишти 2017-жылдан бери колго алып келүүдө. «Билимкана» фонду тарабынан уюштурулган предметтик олимпиадаларда балдардын эмгеги калыс , адилет бааланып, коомчулуктун алкоосуна татыды. Бир жагы предметтик олимпиаданы ачык өткөрүү менен «Билимкана» өзүнүн атын таанытып  жатат. Аз гана убакытта «Билимкана» мектептеринин саны 15ке жетти. Анын бир мектеби – Казакстандын Алма-Ата шаарында.

Башында жер-жерлерде жалаң англис тилин тереңдетип үйрөтүүгө басым жасаган «Билимкана» мектептери ачылса, учурда жапон, кытай тилин үйрөтүүчү, атактуу Монтессори методу менен жаш балдарды тарбиялаган «Билимкана» мектептери пайда болду. Бул албетте, жакшы көрүнүш.

Мен үч-төрт жыл илгери Талас шаарындагы «Билимкана» мектебине барганымда, кадимки Америка мектебине киргендей болгом. Анткени,  ал  жердеги мугалимдер менен окуучулардын маанайы, мектептеги атмосфера ошондой болчу. Директору дагы биздегидей кабыл алуу бөлмөсү менен башкалардан бөлүнүп олтурбай, окуучулар менен окуучу болуп, олтургуч ташып жүрүптүр. Мындайга биз көнүшүбүз керек…

 

Жалаң кыздарга билим берген «Давха» мектеби жана

эркек балдарга үлгү болгон «Кут Билим»

Сокулук районундагы «Давха-Сокулук» жалпы билим берүүчү мектеби жалаң кыздардын билим-тарбия алуусуна багытталып ачылган менчик мектеп болуп саналат. Мектеп чет элдик  уюмдар тарабынан колдоо алгандыктан, жыл сайын ата-энесиз бир топ кыздар акысыз билим алып, жатакана менен камсыз болушат. Окуучулардын басымдуу бөлүгү билим алуу үчүн акы төлөшөт. Ата-энелер кыздарды үйдөн мектепке, мектептен үйгө ташыганы үчүн да транспорттук чыгымдарга 200 доллардан төлөшөт. Кыздарга эки маал ысык тамак берилет.

«Давха-Сокулуктан» айырмаланып, Ысык-Көлдө, Чүйдө ачылган «Кут билим» мектептери эркек балдарга татыктуу тарбия берүүгө багытталган. Мектеп педагогдору балдарга таалим-тарбия берүүдө кыргыздын тарбия жаатындагы нарк-насилине жана ислам дининдеги алдыңкы жашоо үлгүлөрүнө таянышат. Балдар эки маал намаз окушканы менен, «Кут билим» мектептеринде кадимки мектептердеги предметтер өтүлөт.

Менчик мектептер тууралуу сөз кылып жатып, жакынкы эле жылдары ачылып, бирок ийгиликтүү  иштей баштаган Бишкек шаарындагы «Креатив Таалим» билим берүү комплексин көз жаздымында калтырууга болбойт.  Аталган менчик мектепти Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гүлнара Дайырбекова жетектейт.

— Биз Жалпы республикалык тестирлөөгө химия, физика, математика, тарых жана англис тилинен бүтүрүүчү класстардын окуучуларын даярдоону колго алдык. Кошумча сабак алган окуучуларыбыз ЖРТда эң көп балл топтоп, ата-энелерин жана мугалимдерин кубанычка бөлөп жатышат, — дейт дасыккан педагог.

 

Менчик мектептерде окуу акысы текши эмес

МЕНЧИК МЕКТЕПТЕРДЕГИ БИЛИМ САПАТЫ ЖАНА ОКУУ АКЫСЫ

Менчик мектепте билим алууга акча төлөнөт. Ансыз мүмкүн эмес. Окуу акысы окуу эмеректерин,  жабдыктарын, принтер, компьютер, интерактивдүү тактай  сатып алууга,чет элдик жана жергиликтүү мугалим-тарбиячылардын айлык маянасын төлөөгө жана башка мектептин ички чыгымдарына жумшалат.

Бишкекте эле эмес, бүтүндөй Кыргызстанда окуу акысы эң кымбат менчик мектеп – борборубуздагы QSI эл аралык мектеби. Эгерде уул-кызыңызды мында окуткуңуз келсе, жылына 23.800 доллар төлөшүңүз керек. Кирүү акысы – 300 доллар. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө АКШ үлгүсүндөгү аттестат ыйгарылат. Мектепте балдар эртен мененки саат 8ден түштөн кийинки саат төрткө чейин болушат. “Акчаны жетиштүү төлөдүм, балама мектепте ысык тамак берет” деп үмүт кылбай, жанына тамак салып бериңиз. Мектеп ашканасында тамак-аш кадимкидей сатылат.

Андан кийинки орунда ESCA Бишкек эл аралык мектеби турат. Окуу акысы  —  жылына 9170 доллардан 14155 долларга чейин. Кирүү акысы – 200 доллар. Бир маал жеңил тамак, эки маал ысык тамак берилет.

Ал эми Бишкектеги Cambridge Silk Road эл аралык мектебинде 12 жылдык билим берилет. Окуу акысы – 9-11 миң доллар.

Oxford эл аралык мектебинде окуу акысы 4 миңден 13 миң долларга чейин бааланат. Төрт миң долллар төлөгөндөргө окуу орус тилинде, 13 миң доллар төлөгөндөргө окуу иши англис тилинде жүргүзүлөт. Мындайча айтканда, акчаңа жараша билим берилет.

Жогорудагы мектептердин баарында класстагы окуучулардын саны 10-15тен ашпайт. Бул мектептерде негизинен чет элдик дипломаттардын  жана жергиликтүү табышкер ата-энелердин балдары билим алышат.

«Сапаттын»  борбордон ыраак жайгашкан лицейлеринде окуу акысы 1.5-2000 долларды чамаласа, борбордогулары 3 миң долларга жакындайт. «Давхада» окуу акысы —  80 миң сомдон 2 миң долларга чейин турат.

Бишкекте жайгашкан орус тилдүү «Абитуриент», «Алтын башат» , «Илим», «Жылдызча», «Таалим», «Эврика» менчик мектептеринде окуу акысы айына 10 миңден 20 миң сомго чейинки сумманы түзөт. Айрымдарында ысык тамак төлөнүүчү акчанын ичинде.

Менчик мектептер Бишкектин айланасындагы жаңы конуштарда да ачылып жатат.  Былтыркы окуу жылында Ак-Өргө конушунда ачылган «Илим-Нур» менчик мектебинде окуу акысы айына —  8 миң сом. Жаңы мектепте балдар-кыздар  өз-өзүнчө класстарда араб жана англис тилдерин тереңдетип окуп-үйрөнүшөт.

Кандай болгон күндө да, мамлекеттикпи же менчик мектепте окутабы, ал ата-эненин өз иши, өз тандоосу экенин унутпайлы.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер