МЕН СЫЙМЫКТАНГАН ФРОНТОВИК РЕКТОР
- 08.05.2024
- 0
Арадан канча жыл өтсө да, өткөн кылымдын 80-чи жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтун жетектеген Сулайман Жумагуловду оштуктар ар дайым жылуу эскеришет.
Дүйнөнү туура таануу жеңил эмес. Анткени дүйнө табигый-материалдык, социалдык-саясый жана экономикалык факторлордон сырткары инсандын субьективдүү дүйнөсүн түшүндүрүп турган маданий, руханий кубулуштар, инсандык сапаттар аркылуу коштолуп турат. Айрыкча руханий жакшылык жана ак ниеттүүлүк, сүйүү сезимдеринин, идеялардын жыйындысы, сулуулук менен идеалдын, абийир менен боорукерликтин биримдиги, субъекттердин жаратылыш менен гармонияда жашоосу, билимге умтулуусу аркылуу адамдын оптимисттик дүйнөсүн таанытат. Руху жогорку факторлорго суугарылган адамдарды кыргыз элинде “Кызыр жылоологон адам” деп коюшат.
Ушундай адамдар айтылуу Ош мамлекеттик университетин жетектеп, социалдык шартка жараша аракеттерин жасап, университетти “Даңк” ордендүү, өзгөчөлөнгөн укукка ээ окуу жайдын деңгээлине жеткиришти. Алардын катарына: 1973-1977-жылдардагы ректор Р. Кулуевди, 1977-1986-жылдардагы С.Жумагуловду, 1986-1991-жылдардагы А. Анарбаевди, 1991-1998-жылдардагы Б.Бешимовду, 1998 -2012-жылдардагы Б.Мурзуибраимовду, 2005-2012-жылдардагы М.Орозбековду, 2012-2020-жылдардагы иштеген К.Исаковдорду кошо алабыз. 2020-жылдан бери К.Кожобеков ректор болуп иштеп келе жатат.
Мен университетте жарым кылымга жакын иштеп, жогоруда айтылган ректорлорду жакындан байкап, көрүп калдым. Бул агайлар мезгилдин талабына жараша университетти өнүктүрүү максатында, өз жөндүүлүктөрүн көрсөтүп эл кызматында болушуп, окуу жайдын өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп келишти.
Кыргыздарда айтылып келе жаткан “ …Өткөндөр даңкталбайын, тирүүлөрдүн иши бааланбайт” деген накыл сөзгө таянып, ааламды илимий негизде таанууда, адам коому жаралгандан бери элдин аң-сезиминде жашап келе жаткан: Иегов, Вишна, Ыйык Дух, Абсолют, Дао, Логос, Аллага ички туюм сезими менен ишенип, дүйнөлүк эс-акылды жаратылыштык дүйнөдөн ажыратып таануу сапатына ээ болгон инсан катары ректор, профессор Сулайман Жумагуловду көрсөтүүгө болот.
Муну мен Сулайман Жумагулов агайдын улуу-кичүүгө, аял-эркекке, жаш-карыга жасаган адамгерчилик мамилесин, жетекчилик сапаттарын жакшы билгенимден улам айтып жатам. Агай жаш кадрларды жан дили менен тарбиялап, өстүрө билген устат болчу. Ошол эле мезгилде дүйнө таанымы өзү теңдүүлөрдөн жогору болгон илимпоз- жетекчи, өз элинин мекенчил инсаны, коомдук жагдайды туура түшүнгөн саясатчы, чет элдик илимпоздор менен тыгыз байланышта болгон дипломат, жаштарды тарбиялоодо жигердүү окутуучу жана үй-бүлөдөгү сүйүктүү ата, таята эле. Ал 1923-жылы Талас районундагы Көпүрө-Базар айлында төрөлгөн. 1968-жылдан бери философия илимдеринин кандидаты, 1991-жылы профессордук наамын алган. 1953-жылы КМУнун физика адистигин бүтүргөн. 1953-1958-жылдары партиялык кызматтарда иштеген. 1958-жылдан КМУнун диалектикалык материализм кафедрасында аспирант, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы болуп иштеген. 1977-1986-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун ректору, 1986-жылдан КМУдагы Тил жана гуманитардык илимдер институтунун философия кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген. 40тан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 5 монография) автору.
Агайдын агартуудагы эмгеги туура бааланып: «СССР Жогорку билим берүүнүн отличниги», «СССР эл агартуусунун отличниги», «Кыргыз ССР элге билим берүүсүнүн отличниги» төш белгилери, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» ардак наамы, «Эл Достугу», «Кызыл Жылдыз» ордендери менен сыйланган. Ондон ашык аспирантка илимий жетекчи болуп, алар илимдин кандидаты болуп чыгышкан. Андай окуучуларына Ж.Жоробеков, А.Сарыкова, Г.Абдулдаева, С.Абдуллаев, Т.Айтбаев, Б.Чалагызов, А.Карыпкулов, ОшПИден А.Алиев, А.Сатимбаев ж.б. айтууга болот. Булардын көпчүлүгү азыркы мезгилде илимдин докторлору, академиктери.
Сулайман Жумагуловдун тушунда институтта бир катар сөзгө аларлык жумуштар аткарылган. Биринчиден, институт өз деңгээлине чыгып, кадыр-баркка ээ болгон. Анткени ошол мезгилде институтту обком, шаарком башкарып, марионетка окуу жайына айлантып турушканын ошол мезгилде иштеген декандар, профессор-окутуучулар, алдыңкы кызматчылар эскерип айтып келишет. Муну түшүнгөн агай, мыйзамдын чегинде иш тутуп, коррупциядан алыс болуп, өзүнөн жогору бийлик жетекчилерге теңата сүйлөшүп, институтка тиешелүү суроо-талаптарды убагында коюп, институттун социалдык, материалдык базасын жакшы өнүктүргөн. Факты катары ала турган болсок, шаардын азыркы түштүк-чыгыш тарабындагы “табият таануу жана география” факультетинин имаратын, “медициналык колледждин” имаратын, Ленин көчөсүндөгү шаардык сот турган имараттын экинчи кабатын институттун балансына алып, окуу аянтчасын кеңейткен. Ал мезгилдеги баланска имарат алууну же жаңы имарат курууну азыркыга салыштырууга болбойт. Анткени ал мезгилде институт толук бойдон мамлекеттик бюджетте болчу. Контракттык окуу деген түшүнүк болгон эмес. Бардыгын борбордон (Фрунзе, Москвадан) алып турган.
Экинчи фактыга кайрылалы. 1982-1983 окуу жылында (СССРдин тушунда) бүткүл союздук педагогикалык институттардын профсоюздук конкурсуна катышып, 154 пединституттун ичинен экинчи орунду ээлеп, чоң ийгиликке жетишкенбиз. Ошондо бизди баалап, айлык акы 30%га көтөрүлүп, пол жуучу техкызматчылардын айлыгына чейин жогорулаган. Андан сырткары, Билим берүү жана министирлиги 375 бюджеттик орун берип, студенттин саны дагы көбөйгөн. Алсак, физика-математика факультетине 125, педагогика факультетине 100 орун, калгандары дагы ушул сыяктуу болуп бөлүштүрүлгөн
1980-жылы мен физика адистиги боюнча абитуриенттердин документтерин кабыл ала турган техсекретардыкка дайындалып иштеп калгамын. Ошондогу мезгилден бир окуя: Ош обком партиясынын бөлүм башчысынын кызы менен, институттун чарбалык иштер боюнча проректордун баласы борбордук ЖОЖдун бир адистигине бирдей баа алып, бир орунду талашып калганда, ректор Сулайман Жумагулович Ош обком партиясынын сөзүн укпай, өзүнүн эртеңки кызмат ордун эске албастан, ал балдардын документтерин алдырып, аттестаттагы бааларын салыштырып, проректордун баласынын баасы жогору чыккандыктан, ошол балага буйрук чыгарып, окууга жибергени азыркы күндө да эсимде турат.
Агайдын таза иштегендиги жөнүндө икая кеп: бир фронтовик досунун небереси биздин институттун орус филология адистигине тапшырган экен. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысын кабинетине чакырып, дайындаса деле болмок, өзү кабыл алуу комиссиясына келип, баланын документин алдырып, аттестатын текшерип, кокустан өтүп калса окуй ала тургандыгын байкап, ошол кабыл алуу комиссиядагыларга нарк-насилдүү салттуулукту кармап, “… уугум сага айтам угуп ал” дегендей, баланын өздүк ишин кармаган боюнча, “ушул баланын чоң атасы менен согушта, окопто бирге жаттык эле, бала өтө алар бекен” деп делону техсекретарга берип, чыгып кеткен деп айтып жүрүшөт.
Агайдын ушундай окуяларынан кийин аргасыздан, Түштүк Африканын Стелленбос университетинин кире бериш босогосунда ураан катары жазылган: “Бир элди жок кылуу үчүн атомдук бомбанын же вирустун деле кереги жок. Болгону билим берүүнүн сапатын түшүрүп, паракорлукту күчөтүп жиберүү керек. Мына ошондо оорулуулар чала сабат дарыгерлердин колунан өлүшөт, имараттар чала инженерлердин колунан урайт, акчалар чала экономисттердин колунан азаят, адилеттүүлүк чала соттордун колдорунан жоголот. Билим берүүнүн жок болушу – улуттун жок болушу”,- деген жазуу баарыбыздын эсибизден чыкпаганы жакшы. И.Разаков айткандай: “..адилеттүү бол, бирок чындыктан тайба” деген сөзүн туу тутуп, эске ала жүрөлү.
Агай мага дагы чоң жардамын берген. 1980-жылы физика адистиги боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, аспирантурага кириш үчүн Эстония Республикасындагы, Тарту шаарында, жарым өткөргүчтөр боюнча иштеген Иоффе атындагы илим-изилдөө институтуна барып, макулдук кат алып келсем, качан максаттуу аспирантурага орун ОшПИге келгенде, ошол мезгилдеги декан өзүнө жакын бирөөнү жиберип ийгендиктен, мен физик адис болбой калгамын. Ректорго барсам, «буйрук чыгып калган экен, кеч болуп калыптыр, эмки жылга даярдан» деди. Ошондон кийин, 1981-жылдын март айында ректор агай мен сыяктуу бир канча жаш адистерди өзүнө чогултуп “… мен институтка келгенден бери анча маани берген эмес экемин, бизде азыркы замандын талабына өтө керектүү “психология” адистигинде бир дагы квалификацияга ээ болгон жергиликтүү адис жок экен” ушул кызматка ким өтөт дегенде келгендердин бири дагы «мен өтөм» деп айта алган эмес. Ошондо «Закировдон башкаңар бара бергиле, сен мага жакын отур. Сен коркпо, Мен жардамымды берем. Ушул жылдын сентябрь айынан Москвадагы М.В. Ломоносов атындагы университеттин психология факультетине жөнөтөм окуп келесиң, азыр арызыңды жаз, педагогика-психология кафедрасына психолог мугалим болуп бар” – деп жөнөткөндөн бери психолог мугалим болуп калганмын. Ушул күн такыр эсимден чыкпайт. Агай келечекти көрө билгендиктен учурдагы илимдин докторлору, кандидаттары, профессорлору, Москва, ошол учурдагы Ленинград, Киев, Прибалтикадагы илим-изилдөө окуу жайларында окуп, илимий даражаларга ээ болгондор ушул макаланы окуп калса, Сулайман Жумагуловду эстешсе керек деген ойдомун. Университеттеги илимдин-билимдин өнүгүшүндө агайдын салымы өтө чоң !!! Ошол мезгилдеги жаш илимпоздор, азыркы күндө университеттин илимий багытын өнүктүрүп келе жатышат. Алсак, илимдин докторлорун айтпаганда дагы, Улуттук Академиянын мүчө-корреспонденттери, профессорлор Т.Жумабаева, Г.Матиева эжекелер агайдын эмгегинин жемиши, агайдын колдоо-сунуштары менен илимдин борбору Москва шаарынан окуп, илимдүү-билимдүү болуп келишкен. Бул окумуштуулар азыркы күнгө дейре көптөгөн изилдөө жыйынтыктарды алып, бир катар илимдин докторлорун, кандидаттарын чыгарып, үзүрлүү иштеп жатышат. Кыргыздар айтмакчы, көч кур эмес…
Акимжан ЗАКИРОВ, ОшМУнун профессору, психология илимдеринин кандидаты
Комментарийлер