МЕН МУГАЛИМ БОЛОМ!

  • 12.12.2019
  • 0

“Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын 5 жылдыгына жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультетинин 10 жылдыгына карата биринчи жолу жождор аралык студенттердин “Мен мугалим болом – 2019” республикалык сынагы болуп өттү. Баш байгени И.Арабаев атындагы КМУнун студенти Гүлзат Жакыпбаева (методист — Казиева Гүлзат) жеңсе, 1-орунга Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультетинин 3-курсунун студенти Айдай Жумакенова  (методист — Сураналиева Каным) менен С.Нааматов атындагы НМУнун студенти Айжан Орозбаева (методист- Асанкулова Мазира) чыгышты. Бай байгенин ээси телевизор, диплом менен сыйланса, 1-орунду багынткан студенттер дагы баалуу белектерге татыктуу болушту.

МЕН МУГАЛИМ БОЛОМ!

Республикалык сынактын уюштуруучусу Чынара Асаналиеванын айтымында,  сынак биринчи жолу республикалык деңгээлде педагогикалык адистикте окуган жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында өттү.

  • Сынак үч этаптан турду. Сынактын 1-турун ар бир окуу жай өздөрүнүн окуу жайында өткөрдү. Экинчи этапта конкурсанттар Бишкектеги №66 ОТКда ачык сабактарды беришти. Бардыгы 11 катышуучу болду. Нарындан, Кызыл-Кыядан, И.Арабаев атындагы КМУдан, БГУдан, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультетинен студенттери катышты. Экинчи турда катышуучулардын мыкты даярдыгын көрүп, кубандык. Болочок мыкты мугалимдерибиз бар экенине күбө болдук, — дейт уюштуруучу.

Иш-чаранын максаты – студенттердин педагогикалык чеберчилик сынагы жалпы билим берүү мекемелеринде  педагогикалык практиканы өтөп жаткан жогорку курстагы студенттердин кесиптик  компетенттүүлүгүн калыптандыруу; өлкөбүздүн аймактарындагы жалпы билим берүү мекемелери үчүн даярдалуучу болочок адис мугалимдердин кесиптик сапаттарын, башкаруу көндүм-шыктарын, компетенттүүлүгүн, усулдук чеберчилигин такшалтуу; болочок адистердин заманбап мектептердин билим берүү процессинде,  инновациялык изденүүсүнө мотивация берүү; педагогикалык кесиптин имиджин жана аброюн көтөрүүнү көздөдү.

МЕН МУГАЛИМ БОЛОМ!

  • Сынактын милдеттери — жаңы коомдун социалдык маданий өнүгүшүндөгү мугалимдердин ишмердүүлүгүн жогорулатуу; болочок мугалимдердин педагогикалык жана методикалык ишмердүүлүгүндөгү маданияттуулук сыпатты жакшыртуу; тарбиялык жана окуу-чыгармачылыктын  мазмунун, формасын жана методдорун өнүктүрүү; педагогикалык ишмердүүлүккө карата студенттердин шыгын ойготуу жана мотивация берүү; студенттердин креативдүүлүгүн өстүрүү менен практика жүзүндө окуу, тарбиялык, класстан тышкаркы иштердин формаларын жана методдорун өздөштүрүүсүнө жана чыгармачылык активдүүлүгүн калыптандыруу; окуу (педагогикалык ) практиканын уюштуруучулугун жана мазмунун жакшыртуу. Сынактын шарты жана катышуу тартибине келсек,  жождордун бардык педагогикалык адистиктер боюнча факультеттериндеги  өтүлгөн тандоо турунан өткөн студенттер сынакка катышууга укук алышты, — дейт Ч.Асаналиева.

Сынактын экинчи этабында конкурсанттар  өзүн-өзү презентациялашты. Ар бир катышуучуга 5 минута берилди, ушул убакыттын ичинде ал портфолиосу, сертификаттары, ардак грамоталары ж.б. жетишкен ийгиликтери менен таааныштырды. Катышуучулар өзүнүн талантын, чыгармачылыгын да көрсөтө алышты.

  • Конкурсанттардын презентацияларынын мазмунуна төмөнкү талаптар коюлду: кесипкөйлүк (профессионализм); логикалык ой-жүгүртүү өзгөчөлүгү; чыгармачылык жөндөмдүүлүгү;  жеке таланты (элдик таалим-тарбия жөнүндөгү ырлар, бийлер, юморлор ж.б.). Мындан сырткары  блиц суроолорго жооп алынды.  Суроолордун  мазмуну: педагогикалык-психологиялык багытта; логикалык ой жүгүртүү жана Кыргызстандын тарыхы, маданияты, географиясы боюнча суроолор берилди, — дейт уюштуруучу.
  • МЕН МУГАЛИМ БОЛОМ!

Сынактын эң башкы туру —  3-тур болду. Мында катышуучулар Бишкектеги №66 ОТКнын окуучуларына ачык сабак өтүштү. Сабакты өтүүдөгү башкы критерийлердин негизинде  —  окуучулардын окуудагы ишмердүүлүгүн өстүрүү, заманбап билим берүү технологияларды колдонуу; окуу темасын терең жана оригиналдуу ачып көрсөтүүсү; мугалим менен окуучулар аралык байланышты уюштуруучулугун көрсөтүү жана окуучулардын  бири-бири менен тыгыз иштөөсүнө өбөлгө түзүү; окуу сабагынын баалуулугу; пикир алышуунун тереңдиги жана оригиналдуулугу; өз ой пикирин аргументтүү билдире алуу жана  көрсөтмөлүүлүктү колдонуу; сабакты ачып көрсөтүүсү, креативдүүлүгү; жалпы маданияты жана эрудициясы; кеп маданияты жана өзүн алып жүрүүсү, сырткы келбети, аудитория менен баарлашуу манерасын жюрилер баалашты.

Айдай Жумакенова, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультетинин 3-курсунун студенти, 1-орундун ээси:

  • Конкурска катышып жатканыма сыймыктанам. Үчүнчү турда 45 минутанын ичинде 8-класстарга кыргыз адабияты сабагынан “Семетей” эпосунан негизги окуялар деген аталышта сабак өттүм. Сабак максатына жетти деп ойлойм. Калыстар тобу жакшы деген баа беришти. Сынактын алгачкы уюштурулушу жакшы эле болду, менимче, кийинкилери мындан да мыкты болот деген ишеничтемин.

Элиза Абдувалиева,  БГУнун 4-курсунун студенти, 2-орундун ээси:

  • Ушул сынактан кийин мен өзүмдү чыныгы мугалим катары сезип калдым. Сынак көп нерселерге үйрөттү. Кыйын кырдаалдан кантип чыгуу керек экенин үйрөндүм. Атаандаштарым кантип даярданып жатканына күбө болдум. Сынактан алган тажрыйбам мугалим болуп иштеп жатканда жардамы тиет деп ойлойм. Башталгыч класстын окуучуларына орус тилинен сабак бердим. Мен кичинекей кезимен эле мугалим болууну эңсечүмүн. Буюрса, тилегиме жеттим.

Мира Мураталиева, БГУнун педагогика жана психология кафедрасынын башчысы:

  • Мындай сынактарды эбак эле уюштурсак болмок, бирок кеч болсо дагы сынак старт алды. Көп окуу жайлар өзүбүздүн чөйрөбүздөн чыкпайбыз. Эми бири-бирибизди көрүп, тажрыйба алмашканга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эң жакшысы – региондон келип, активдүү катышышты. Региондон жаштар мугалимдик кесипти көбүрөөк тандап алып жаткандары кубандырат. Эгерде бир кезде мугалимдик кесиптин аброю түшүп кетсе, учурда акырындап анын зоболосу көтөрүлүп, мугалим болом дегендердин саны жылдан жылга арбып жатканы сүйүндүрөт. Сынакка катышкандардын методисттери абдан күчтүү экенин көрдүк.

Айдана Таалайбек кызы, С.Нааматов атындагы НМУнун Педагогика факультетинин табигый билим берүү кафедрасынын 3-курсунун студенти, 2-орундун ээси:

  • Сынак мен үчүн чоң үлгү. Себеп дегенде келечекте мен мугалим болуу максатыма жетүү үчүн ар кандай конкурстарга катышып, алдыга умтулуп келем. 7-класстарга зоология сабагы боюнча муунак буттуулар тиби жана алардын ичинен рак   сымалдар боюнча жалпы мүнөздөмө берип, жана муунак буттуларды коргоо, окуучулардын жаратылышка болгон көз карашын өзгөрттүм деп эсептейм. Сабакты бере баштаганда өзүмдү мугалим катары алып жүрдүм.

Назгуль Ибраева,  С.Нааматов атындагы НМУнун Педагогика факультетинин окутуучусу:

  • Кыргызстандагы жаш педагогдорду алдыга умтулууга, мугалимдик кесипти сүйүүгө чакырган сынак болду. Эң мыкты студенттер келиптир. Сынак көбүнчө тажрыйба алмашуу максатында болду деп ойлойм.

Рахат Сулайманова, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультетинин деканы, п.и.к., “Мугалим” журналынын баш редактору:

  • Конкурстун багыты – мугалимдик кесипке жаштарды тартуу менен аларды ушул кесипке шыктандыруу, зоболосун, аброюн көтөрүүгө багытталган. Улуттук университетте педагогикалык факультеттин түзүлгөнүнө быйыл он жыл болду. Он жылдык мааракеге карата да өткөрүлүп жаткан иш-чара. Бул сынак “Мугалим” илимий-педагогикалык журналы менен бирдикте өткөрүлүп жатат. Негизги сынактын идеясы “Мугалим” журналына таандык. Азыркы күнгө чейин журналдын бир рубрикасы “Мен мугалим болом!” деп аталат. Анда мугалимдик адистикке даярдалып жаткан жаштар өздөрүнүн ойлору, пикирлери менен бөлүшөт. Эки мекеменин ортосунда өткөрүлүп жаткан иш-чарага Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы да чоң колдоо көрсөттү. Тандалып келген студенттердин деңгээлин көрүп, эртеңки келечек муунду тарбиялап бере турган жаштардын деңгээли жогору экенин баамдадык. Уучубуз кур эмес экен. Келечекте мыкты мугалимдер калыптанып келатыптыр. Иш-чараны өткөрүүдө биздин педагогикалык факультеттин мугалимдери өздөрү демөөрчү болушту. Бул дагы мугалимдик кесипке болгон өзгөчө мамиле. Мугалимдин айлыгы ченелүү болуп турган чакта мугалимдин аброюн, зоболосун көтөрөбүз дегендери өзгөчө баага арзыйт. Сынакта сабак өтүүгө басым жасалды. Методикалык тажрыйбасы, дидактикалык материалды пайдалануу, имиджге, актердук чеберчиликке көңүл бурулду. Мугалим ар тараптуу инсан болуш керек, ар тараптуулулугуна, кесипти сүйүүсүнө, насаатчыларына дагы рахматыбызды айтышыбыз керек.

Динара Мырзагулова, КУУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы:

  • 11 конкурсанттын тогузунун сабагын көрдүк. Мыкты сабактардын үлгүсүн көрсөтүштү. Мугалимдик кесипке кызыккан, накта Кудайдан берилген мугалим кыздар бар экен. Эркек студенттер да катышса жакшы болмок. Үч конкурсант кыздын сабагынан, керек болсо мен өзүм тажрыйба алдым. Мыкты сабактын үлгүсүн көрсөтүштү. Методикалык жактан жождор аксап жатат дечү элек. Бул сынакты көргөндөн кийин, мындай ойдон алыстап калдым. Кайсы гана предмет болбосун сабак берүү ыкмасын үйрөткөн мыкты методисттер бар экенине ишендим. И.Арабаев КУУдан жана Нарындан келген эки методисттердин студенттеринин сабагын көрүп, абдан сүйүндүм.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер