«МЕН ҮЧҮН БИЛИМДҮҮ, АДЕПТҮҮ ЖАНА МАДАНИЯТТУУ БОЛУУ ДЕГЕН ЭМНЕ?»

  • 25.08.2017
  • 0

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 5-7-класстарында 1-сентябрда өтүлүүчү сабактын болжолдуу үлгүсү.

Сабактын максаты:Күтүлүүчү натыйжалар
Билим берүүчү максаты: Окуучулар инсандагы билимдүүлүк, адептүүлүк, маданияттуулук сапаттарын түшүндүрүп бере алышатинсандагы билимдүүлүк, адептүүлүк, маданияттуулук сапаттарынын манызын түшүндүрүп бере алышат

— аталган сапаттардын өзгөчөлүктөрүн макал-лакаптар боюнча  айтып бере алышат

Өнүктүрүүчүлүк максаты: Инсандын билимдүүлүк, адептүүлүк, маданияттуулук сапаттары тууралуу алынган  маалыматтарды талкуулап, талдай алышат

 

— талкуунун жыйынтыгы боюнча аргументтүү жыйынтыктарды жасап, сынчыл ой жүгүртө алышат

—  билимдүү, адептүү жана маданияттуу болуунун түрдүү кырдаалдардагы – үй-бүлөдөгү, мектептеги жана коомдогу айырмачылыктарын, окшоштуктарын жана өзгөчөлүктөрүн түшүндүрө алышат

Таалим-тарбия берүүчү максаты: Билимдүүлүктүн, адептүүлүктүн жана маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөтүп, түшүндүрө алышат— билимдүү, адептүү жана маданияттуу инсандын үлгүсүн көрсөтүп, түшүндүрүшөт

— адамдын ар түрдүү жүрүм-турумун салыштырып, түшүндүрмө бере алышат

 Сабактын жабдылышы: маркер, флипчарт, проектор, интерактивдүү доска. Мугалим бул сабакта темага тиешелүү билимдүүлүк, адептүүлүк, маданияттулук боюнча түзгөн слайддарды ж.б дидактикалык материалдарды пайдаланса болот.

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ 

Сабактын баскычтарыМугалимдин  ишмердүүлүгүОкуучунун ишмердүүлүгү
1. Уюштуруу

(1 мүнөт)

Саламдашуу, жаны окуу жылы менен окуучуларды куттуктоо.Саламдашат. Суроолорго жооп берүүгө даярданышат.
2. Мээ чабуулу

(4 мүнөт)

Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:

— 2017-жылдын өзгөчөлүктөрү эмнеде?

Эгер окуучулар 2017-жыл “Ыйман, адептүүлүк жана маданият” жылы деп жарыялангандыгы жөнүндө айтышпаса, мугалим багыттоочу суроолорду берет.

Окуучулар бул тууралуу айтканда, төмөнкү суроону берет:

— Эмне үчүн ыймандуу, адептүү, тарбиялуу болуу маанилүү?

Окуучулар 2017-жылдын өзгөчөлүктөрү жөнүндө билдирүү менен, өз ойлорун айтышат.
3. Окуучулар-дын пикирлерин жыйынтыктоо

(1 мүнөт)

Мугалим: “Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев 2017-жылды “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялоо боюнча жарлыкка кол койду. Бүгүнкү сабакта адамдагы мына ушул билимдүүлүк, адептүүлүк жана маданияттуулук сыяктуу мыкты сапаттар жөнүндө пикир алышып, талкуулап, ар кимибиз өзүбүз үчүн жыйынтыкка келели.
4. Топтор менен  иштөө

№ 1 тапшырма. Атыбыздын маани-маңызын биз кандайча түшүнөбүз

(10 мүнөт)

Мугалим класстын ар жерине үч макалды илип, окуучуларга жаккан макалын тандап алуусун суранат:

1. “Билеги күчтүү бирди жыгат,

Билими күчтүү минди жыгат.”

2. “Абийриңди жашындан сакта.”

3. “Акылдуу жигит азыраак сүйлөп,  көп тыншайт.”

 

Мугалим “билимдүү”, “адептүү” жана “маданияттуу” деген үч сөздү доскага илип, тандаган макалын ушул сөздөр менен байланыштырууну сунуштайт.

Андан соң бул сөздү кандай түшүнөөрүн ар түрдүү каражаттар менен түшүндүрүүнү топтордон суранат.

Окуучулар өзүнө жаккан макалдын жанына топтолушат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Окуучулар сунушталган сөздөрдү макал менен байланыштырат, бул сөздөр командалардын аты болуп калат.

Окуучулар өздөрүнүн командаларынын аттарын сцена, оюн, инценировка, сүрөт, ыр ж.б. аркылуу түшүндүрүп беришет.

Андан соң өздөрүнүн иш-аракетин “Күндүн желеси”, класстер жана “Ромашка гүлү” аркылуу презентациялашат

1-топ: «Канткенде мен билимдүү адам боло алам?»

 

1-топтун болжолдуу жооптору:  

«Күн нуруна» билимдүүлүктү билдирген сапаттарды жазышат: билимдүү,  акылдуу, тарбиялуу, кичи пейил, адептүү, сабырдуу, маданияттуу, адилеттүү ж.б.

2-топ: «Адептүүлүктү мен кандай түшүнөм?»

 

2-топтун болжолдуу жооптору:

Класстер адептүүлүк деген суроого жооп берүү менен толтурат:  адептүү, тарбиялуу, билимдүү, маданияттуу, сабырдуу, үлгүлүү, калыс ж.б.                        

3-топ: «Мен үчүн маданияттуу адам деген эмнени билдирет?»

 

3-топтун болжолдуу жооптору:

Кандай адамды маданияттуу деп айта алабыз деген суроого «Ромашка гүлүнө» жазып жооп беришет: сылык, таза, тыкан, акылдуу, адептүү, билимдүү, кичипейил ж.б.

5. Рефлексия жана башкалардын оюна кошумчалоо (5 мүнөт)Мугалим окуучуларга ойлорун кошумчалаганга жана топтордун презентацияларына карата ойлорун айтканга мүмкүнчүлүк берет.Окуучулар өздөрүнүн ойлорун жана мүмкүнчүлүккө жараша топтордун презентацияларына кошумча ойлорун айтышат.
6. Топтордо иштөө

№ 2 тапшырма Бул сапаттарды кантип колдонобуз?

(12 мүнөт)

 

Мугалим топторго тапшырмаларды берет:

«Көрдүңөрбү, балдар билимдүү, адептүү жана маданияттуу адам болуу оңой эмес экен. Байкадыңарбы, үч топто аталган сапаттар кайталап жатат. Демек, инсандагы жакшы сапаттарды бөлө албайт экенбиз. Бул үч сапат ар бир адамда чогуу жүрүшү керек.

Келгиле, эми, ушул сапаттарды биз кайсы жерде кандайча колдонорубузду  талкуулайлы.

Окуучулар тапшырмаларды чогуу аткарышат. Жоопторун презентациялашат.

 

1-топ. “Үй-бүлөдө мен өзүмдү кантип алып жүрө аламын?”

 

Окуучуларынын  болжолдуу жооптору:  

1. Ата-энени жана үй-бүлөдөгү улууларды сыйлоо, кичүүлөрдү урматтоо;

2. Ата-эненин жана улуулардын сөзүн бөлбөй угуу;

3. Озүңдү жана колдонгон буюмдарыңды таза алып жүрүү;

4. Сарамжалдуу болуу жана пайдалуу жумуш жасоо;

5. Келген коноктор менен сылык учурашуу жана жакшы мамиле кылуу ж.б.

2-топ. «Мектепте мен өзүмдү кантип алып жүрө аламын?»

 

1. Сабакка кечикпей келүү;

2. Мугалимдин сөзүн угуу;

3. Тапшырмага даяр болуу;

4. Өзүңдү жана колдонгон буюмдарыңды таза алып жүрүү;

5. Башкалар менен карама-каршылыкка барбоо;

6. Мектептин иштерине активдүү катышуу;

7. Улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызаттоо ж.б.

3-топ. «Коомдо мен өзүмдү кантип алып жүрө аламын?»1. Улууларды сыйлоо, кичүүлөрдү ызаттоо;

2. Какырынбай, түкүрүнбөй таза жүрүү;

3. Коомдук транспортто улууларга орун берүү;

4. Карыяларга жана балалууларга жардам берүү;

5. Коомдук эрежелерди сактоо ж.б.

7. Топтордо иштөө

№3 тапшырма Пазл түзүү

(8 мүнөт)

 

Мугалим: «Балдар биз силер менен үй-бүлөдө, мектепте жана коомдо өзүбүздү кантип алып жүрүшүбүз керектигин билип алдык. Алар өз ара байланышта, бири-бирин толуктап турат. Андыктан, аларды бөлүп айтуу кыйын. Келгиле, балдар, бул тапшырмада аталган үч сапатты бириктирип, байланыштырып пазл түзөлү”.Окуучулар пазл түзүшөт. Ал үч бурчтук, конус же тегерек болушу мүмкүн. Алгач форманы тандап алып, анын бир бөлүгүнө топтун аталышын жазып, андан соӊ бириктиришет.
8. Рефлексия жана жыйынтыктоо

(4 мүнөт)

Мугалим окуучуларга өздөрүнүн оюн айтууга мүмкүнчүлүк берет жана сабакты жыйынтыктайт.Окуучулар аргумент келтирүү менен, сабактагы кайсы учурлар жакканы же жакпаганы тууралуу өз ойлорун айтышат.

Түзүүчүлөр:      Козубаева Б.У., КББАнын ага илимий кызматкери;

Курманалиев К.А., И.Арабаев ат. КМУнун ага окутуучусу;

                        Сураганова З.А., КББАнын илимий кызматкери.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер