МЕЛИС ТУРГАНБАЕВ: БАЛБАНДАРЫБЫЗ ҮМҮТ АКТАП ЖАТАТ
- 08.08.2024
- 0
Учурда Париж шаарында спорттун бардык түрлөрү боюнча олимпиадалык таймашуулар курч мүнөздө өтүп, дүйнө жүзүнөн тандалган спортчулар мөрөй талашууда. Кыргыз элин бир сүйүнткөн, бирде күйүткөн балбандардын мелдештери болууда. Олимпиадалык оюндарга спорттук күрөш боюнча өлкөбүздүн тандалган балбандарын жетектеп барып, күйүп-жанып, колдоого алып жүргөн Кыргыз Республикасынын бириккен спорттук күрөш федерациянын президенти, ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, генерал Мелис Турганбаев менен телефон аркылуу байланышып, балбандардын аракети, даярдыгы тууралуу маектештик.
— Мелис мырза, Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын намысын коргоп жаткан 16 спортчунун ону күрөштөн балбандар. Федерациянын жетекчиси катары айтсаңыз – канча байгелүү орунга жетсек деген ниет менен бардыңыздар эле? Парижде аттандаштык күчтүү болуп жаткан учурда сиз ойлогондой жыйынтыктар болуп жатабы?
— Күрөштүн үч түрү боюнча – грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүнөн Париж олимпиадалык оюндарга 18 жолдомо ойнотулган. Биздин балбандар арбын жолдомо алалы деп жакшы эле даярданышты. Эркин күрөштөн эки салмакта гана эки балбаныбыз Орозобек Токтомамбетов менен Калмира Билимбек кызы жаштык кылышып, бир аз упай менен гана жетпей калышты. Бирок, алардын келечеги алдыда. Негизинен он жолдомо алуу менен бир топ жылдардагы даярдыктын үзүрү болуп, алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кошулган элек. Олимпиада оюндары спорттук ийгиликтердин туу чокусу болгондуктан дүйнөдөн тандалган спортчулар гана катышат. Бардык өлкө алтын байге утууну ниет кылып, мыкты дардык менен келишет. Кыргыз эли дагы балбандарыбыз алтын медаль утса деп тилек кылышууда. Кудайга шүгүр Мээрим Жуманазарова алтынга бир кадам гана жетпей, каармандык көрсөттү. Ал Токио олимпиадасында коло байге утса, бул ирет абдан күчтүү атаандаштарын жеңип, финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынды. Деңгээли өскөнү, чеберчилиги жогорулап, эл аралык аренада Кыргызстанды дагы бир ирет таанытты. Жаш эмеспи, эмки Лос-Анжелесте өтө турган олимпиадада алтын медаль утса, бардык комлектеги байгенин ээси болот. Грек-рим күрөшүндө дүйнө жүзүндө аттандаштык күчтүү. Жоламан Шаршенбековдун, Акжол Махмудовдун жана Үзүр Жусупбековдун коло медалы биз үчүн алтынга тете. Биз мурдакы олимпиада оюндарында бир эле коло байгеге жетсек деп тилек кылып жүрсөк, эми биздин балбандарды башка өлкөлөрдүн спортчулары кантип утуп алабыз дешип, сары-санаа болуп жүргөн убакка жеттик. Кудайга шүгүр, балбандарыбыз ишенимди актап жатышат. Дагы килемге чыга элек 4 балбаныбыз: Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Эрназар Акматалиев жана Айаал Лазарев турат.
Бүгүн грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов коло байге үчүн күрөшкөнү турса, эркин күрөштөн жаш балбаныбыз Бекзат Алмаз уулу дагы коло медалга талапкер болуп турат. Уучубуз куру эмес, быйыл эгемен өлкөбүзгө элибиз көптөн күткөн алтын медалды утуп барсак деген тилекте турабыз. Олимпиада оюндарына дүйнө жүзүнөн иргелип тандалып келген күчтүү балбандардын таймашууларында мынча медаль утуп алабыз деп болжоп айтыш кыйын. Ар бир беттешүү финалдык таймашууга тете. Ошондуктан Парижге барган балбандарыбыздын ону тең дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орундарда тургандыктан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Амантур Исмаилов, Айпери Медет кызы, Эрназар Акматалиев, Бекзат Алмазбек уулу – баарынын Олимпиадада байгелүү орун алууга мүмкүнчүлүктөрү бар деп ишеним артып келгенбиз. Медалга келсек, мынча алабыз деп айтуу кыйын, биздин да кыргыз элибиздей балбандарга үмүтүбүз чоң, жакшы даярдык менен келишкен. Учурда 1 күмүш, 3 коло байгелүү болдук. Кудай буйурса дагы медалдар болот деген ишенич бар.
Жүздөн ашык мамлекеттин эң мыкты он алты балбаны чоң даярдык менен келип, таймашуулар курч мүнөздө өтүп жатат. Бардык мамлекеттин самаганы алтын медаль. Эми кимдин жылдызы жанып, оомат ага ооп кетет, аны алдыдагы таймашууларда көрсөтөт.
— Дагы бир мыкты балбаныбыз, дүйнөнүн 3 жолку, Азиянын беш жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш медаль ээси Айсулуу Тыныбекованын даярдыгы кандай? Ал бул ирет алтын байгени көздөп турабы?
— Албетте, спортто утулуу да, утуу да болот. Кээ бир спортчулардын атайын тактика, стратегиясы да, өзүнүн ыкмалары бар, Айсулуунун оюнда эмне бар экенин аны Айсулуу өзү эле, анан, балким, аны таптаган, даярдаган машыктыруучусу Нурбек Изабеков билет. Биз билбеген көп сырлар, көп жагдайлар бар. Бирок, ошол 62 кг салмакта да мыкты-мыкты балбан кыз-келиндер күч сынашат. Алардын катарында Жапониядан, Норвегиядан, Украина, АКШ, Канада, Германия, Франция, Түштүк Корея, Монголия, Нигерия, Румыния, Швеция, Тунис жана Түркиядан тандалган спортчулар бар. Чучукулак кармалып, Айсулуунун атаандаштары аныкталды. Анын 8/1 финалдагы алгачкы атаандашы Нигериянын балбаны Эстер Колаволе болду. Аны утуп алаарына ишенип турам. Чейрек финалда түркиялык же америкалык балбан менен беттешет. Бул ирет дагы тажрыйбалуу Айсулуу финалга чыгат деген ишеним бар.
Айсулуу үчүн Лондон, Рио-де-Жанейро олимпиадалары тажрыйба топтоонун мектеби болсо, Токио олимпиадасы чоң сыноо болду. Жеңишке Токиодо бир кадам жетпей калганы үчүн, Парижде алтын байгени самап турат. Эми алтын медаль утса деп тилек кылып турабыз.
-Айпери менен Эрназардын даярдыгы кандай, алар дагы байгелүү орундарга талапкер болушу мүмкүнбү?
— Экөө тең Токио олимпиадасына катышып, олимпиадалык таймашуулардын таасирин, духун сезип калган такшалган балбандар. Генерал болууну эңсебеген жоокер жоокер эмес дегендей, олимпиадага катышкан ар бир спортчу чемпион болуу самап, ушул максатта келет. Айпери да жакшы даярдык менен келди. Быйылкы жылы бардык мелдештерде жеңиштерге жетишти. Эрназардын дагы балтыр эти толуп, баралына келип турган учуру. Ушул эки балбаныбыз дагы Парижде жылдызы жанып, байгелүү орундарга жетип калса деген тилектебиз. Бул деген олимпиадалык таймашуу. Бир эле каталык кетсе, оомат ооп кетиши ыктымал. Тажрыйба боюнча, олимпиаданын сүрү, мелдештердин деңгээли көрсөткөндөй мурда-кийин көрүп жүргөн боюнча беш-алты жолу дүйнө чемпиону болгон чыгаан балбандар Олимпиада оюндарында жеңишке жете албай, кээ бирөөлөр ал жерде байгелүү орундарга илинбей калган фактылар арбын болгон. Кыргыз элинин батасы тийип, тилектери орундалып, үмүттөрү акталып, Айпери менен Эрназар алтын алса деген тилектебиз.
— Спорттук күрөштүн үч түрү боюнча Кыргызстан Париж олимпиадасына эң көп жолдомо алган Иран, Жапония, АКШ сыяктуу мамлекеттердин катарында туруп, дүйнө өлкөлөрүнө атаандаштык жаратууда. Мындан деңгээлге жетүү оңой болбосо керек?
— Ооба, бул көп жылдык мээнеттин жыйынтыгы. Бүгүнкү күндө кийинки олимпиадалык баскычтарга даярданып жаткан мыкты балбандарыбыз бар. Биздин спорттук күрөш федерациянын да ынтымагы, биримдиги жакшы, мамлекет жетекчилери тарабынан, учурдагы бийликтен да колдоо өз деңгээлинде болуп, машыгууларга шарт түзүлүп, мелдештерге катышып жатат. Чында эле баары келип эле каражат жана колдоого байланыштуу. Каражат маселесин өз убагында чечип турсак иш алдыга жылып, балбандардын чеберчилиги жогорулап, ийгиликтер, дүйнөлүк деңгээлдеги жеңиштер болот. Анын үстүнө мына акыркы эки жылда балбандарыбыз үчүн шарт түзүлүп, дүйнөлүк деңгээлдеги эки чоң ири мелдешти Бишкекте өткөрдүк. Ал Азия чемпионатына жана Азия континенталдык лицензиялык турнирге кырктан ашык мамлекеттен дүйнөнүн, Олимпиаданын чемпиондору келди. Атаандашуулар курч мүнөздө өтүп, Бириккен күрөш дүйнөсүнүн жетекчилери ыраазы болуп кетишти. Ошондой дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерди, чемпиондорду көргөн уул-кыздарыбыз шыктанып, спорт мектептерге барып, ийримдерге жазылып, машыгып жаткан жаштардын саны арбыды.
Акжолдой, Жоламандай, Айсулуудай, Мээримдей, Айперидей, Эрназардай чемпион болобуз деген уул-кыздарыбыз арбыды. Ишенсеңиз күрөш залында орун тартыш болуп калууда. Себеби, эмнеге 88 млн калкы бар Иран менен, 129 млн калкы бар Жапония менен теңтайлашкан жети миллион элибизден минтип мыкты балбандар чыгып жатат. Анткени күрөш кыргыз элинин каныда бар, ата-бабаларыбыздын салтын улантып, бул спорттун массалык түрүнө айланып баратат. Ошентип, кийинки Олимпиадага азыртан даярдык көрсөк, мындан дагы көбүрөк жолдомо алганга, байгелүү орундарды багындырууга мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Себеби, көптөн бери айтылып келген эле – ар бир облуска бирден спорт мектебин ачуу демилгеси эми ишке ашканы турат. Учурдагы бийлик бул тараптан чоң жумуштарды жасап, демилгени колго алып жатат. Президентибиз дагы спортту жакшы түшүнгөндүктөн, ушул чөйрөдө таалим-тарбия алгандыктан өзү дагы Париж олимпиадасынын ачылыш аземине катышып, олимпиаданын духун, таасирин өз көзү менен көрүп кетти. Ошондуктан ар бир облуста борборлор да ачылып кетсе, жыйынтыктар, ийгиликтер мындан да мыкты, бийик болот.
Анан дагы жыл өткөн сайын кыз-келиндер күрөшүнө кызыккан жаштардын саны өсүп баратканы да кубандырат. Эми азыр карасак кыз-келиндердин күрөшү өтө кызыктуу, таасирдүү болуп, эркектер менен тең катар эле күрөшүп, алар жетпеген ийгиликтерди жаратып жатышат. Спорттун бул түрүнө кызыгып, мелдештерге катышкан мамлекеттердин катары да арбып баратат. Мектепте окуган кыздарыбыз азыр “Айсулуудай болобуз, Айпери, Мээримдей болобуз” деп шыктанып жатышканы жакшы көрүнүш.
-Мен дагы спорттук баяндамачы катары 7 жайкы, 5 кышкы олимпиадага жеринде күбө болгон элем. Бээжин олимпиадасында балбандар ийгиликтерди жаратса, калган олимпиада оюндарында жайдак келишкен. Соңку Токио олимпиадасында кайрадан балбандарыбыздын жылдызы жанып, 2 күмүш, 1 коло медаль утуп келишкен эле. Ошондой болсо дагы Токиодо даярдыкта кайсы бир мүчүлүштүктөр кетип, тажрыйбанын аздыгынан аксаган жагдайлар, айрым балбандарыбыз байгелүү орундарга илинбей калган учурлар болгон эле. Бул жолу андай жагдайларды талдоого алып, жоюуга канчалык аракет кылдыңыздар?
— Менимче Токио олимпиадасында спортчуларыбыз жакшы ийгиликтерди жаратышканы менен айрымдары психологиялык жактан бир аз жаштык кылышты окшойт. Ал жерде атмосфера, жагдай деген такыр башкача. Кээде кайдан-жайдан эле мурда кийин эч кимге белгисиз, эч кандай атак-даңкы жок балбандар чыгып, байгелүү орундарды ээлегендер болду. Жолдомого эптеп жетип, бирок билинбеген балбандар эле чыга келип, күрөшүп, олимпиада чемпиону болгон учурлар бар. Акжол ошо кезде жашыраак болчу, Мээрим менен Айпери деле жаш болчу. Мындан Айсулуу кичине психологиялык жактан күйүп кетти окшойт деп ойлоп жатам. Анткени баары эле алтын медаль гана алышы керек деп, сүрөөнгө алып турбадыбы. Ошол да эмоционалдык жактан таасирин берип койду окшойт.
Өзүңүз айткандай көп каталарды карап, ошонун бардыгын талдап туруп анан спорттук медицина, фармакология жагын дагы күчтөндүрдүк. Мамлекет жагынан дагы, федерация жагынан дагы көп көңүл бөлүнүп, психологдор, диетологдор менен иштештик. Башкача аракеттерди да жаздадык, эми кудай буюрса , элибиз көптөн бери күткөн алтын медаль утсак деп тилек кылып турабыз. Жолдомо алыш үчүн эле кармаштарда дагы жүздөн ашык мамлекеттен орун талашуу оңойго турган жок. Жолдомолорду кызылдай күрөш, тер менен алсак, олимпиаданын медалдарын жеңип алууда атаандаштык андан дагы кыйын, татаал болуп турат. Ошондой болсо дагы балбандарыбызга ишеним чоң!
— Маегиңизге рахмат.Элибиз күткөн алтын байгеге жетүүнү биз дагы тилек кылып, балбандарды колдоого алып туралы.
Кабыл Макешов,
Кыргыз Републикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
спорттук баяндамачы, «Кут Билим»
Комментарийлер