МЕКТЕПТИН НАМЫСЫН КОРГОГОН МЫКТЫ ОКУУЧУЛАР

  • 07.01.2024
  • 0

2023-2024-окуу жылынын ноябрь айында  республикалык  Zeen олимпиадасына Кочкор районундагы Корчубек Акназаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинен  16 окуучу катышып, 17 медалга татыктуу болушту. Жаңы жыл алдында жеңишке жеткендер сыйланышты.

МЕКТЕПТИН НАМЫСЫН КОРГОГОН МЫКТЫ ОКУУЧУЛАР

Мектептин директору Дайырбек Айдарбековдун берген маалыматына таянсак, мектептен катышкан 16 окуучунун ичинен үч окуучу алтын, төрт окуучу күмүш жана 10 окуучу коло медалдар менен сыйланган. Тактап кетсек, 10-класстын окуучулары Бегимай Бакасова менен Эркайым Туткабаева  англис тилинен катышып, алтын медаль ноутбук, смартфон менен сыйланышты. Гүлзинат Кубатова 8-класстын окуучусу кыргыз тилинен алтын медалга жана смартфонго татыктуу болсо, ушул эле класстан Айгүл Эсенбекова күмүш медаль менен сыйланган. Эрбол Үсөналиев (кырг.тил), Сезим Абасова (4-кл., англ.тил) жана Жаңылай Жумабаевалар күмүш медалдын ээси болушту. Ал эми Алмазбекова Каныкей (8-кл., кырг.тил), Жоомартбекова Аяна (8-кл., кырг.тил), Шаршенбекова Аделина (8-кл., кырг.тил), Бейшекеев Элазар ( орус жана кырг.тилдеринен), Үсөнов Ясин (4-кл., матем.), Табалдиев Элхан (6-кл., орус тил), Осмонов Улукбек,  Бекчороев Хазирет жана Кубатов Омар 1-класстын окуучулары математика боюнча коло медаль жеңип алышкан.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер