МЕКТЕПТЕРДЕ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ МАМЛЕКЕТТИК АТТЕСТАЦИЯ 11-ИЮНДА БАШТАЛАТ

  • 19.05.2022
  • 0
Билим берүү жана илим министрлигинин “2021-2022-окуу жылында Кыргыз Республикасынын негизги жалпы, орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү жөнүндө” буйругуна ылайык, бардык типтеги жана менчик түрүндɵгү жалпы билим берүү уюмдарында сабактар 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт.
Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 11-июндан 22-июнга чейин, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 11-июндан 23-июнга чейин өткөрүлүүгө тийиш.
МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕНДЕР:
IX класс
11-июнь, сынактын башталышы — саат 9:00 —
Математикадан (алгебрадан) комплекстүү тест (жазуу түрүндө)
14-июнь, саат 9:00 —
Эне тилинен дилбаяндын элементтери менен баяндама
17-июнь, саат 9:00 —
Кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстарда) комплекстүү тест (жазуу түрүндө)
20-июнь, саат 9:00 —
Кыргызстандын тарыхынан (оозеки)
Жалпы билим берүү уюму өзү белгилеген күнү —
окуучулардын тандоосу боюнча сабактан жалпы билим берүү мектептери үчүн сабак (сабактар) тереңдетип окутулган мектеп — лицейлер, мектеп — гимназиялар, окуу – тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн базалык көлөмдөн тышкары өтүлгөн темалар, бөлүмдөрдү эске алуу менен профилдик сабак
XI класс
11-июнь, сынактын башталышы — саат 9:00 —
Эне тили жана адабиятынан (эссе)
14-июнь, саат 9:00 —
Математикадан (алгебрадан) комплекстүү тест (жазуу түрүндө)
17-июнь, саат 9:00 —
Кыргызстандын тарыхынан (оозеки)
20-июнь, саат 9:00 —
Кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстарда) комплекстүү тест (жазуу түрүндө)
Жалпы билим берүү уюму өзү белгилеген күнү —
окуучулардын тандоосу боюнча сабактан, сабак (сабактар) тереңдетип окутулган мектеп-лицейлер, мектеп-гимназиялар, окуу– тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн темаларды, бөлүмдөрдү эске алуу менен бир (эки) профилдик сабак.
Бөлүшүү

Комментарийлер