«МЕКТЕПТЕР–2030»: МЫКТЫ ПРАКТИКАЛЫК ЧЕЧИМДЕР
- 08.12.2023
- 0
Бишкекте өткөн улуттук форумда “Мектептер–2030” программасына катышкан мектеп мугалимдери жана бала бакча адистери алдыңкы педагогикалык тажрыйбалары, климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу жаңы маалыматтар менен таанышты.
Форумда «Мектептер–2030» глобалдык программасынын жетекчиси Бронвен Маграс аталган программанын климаттын өзгөрүшү жаатындагы билим берүүдөгү ролун белгилеп “Мугалимдерге теория менен практиканын ортосундагы ажырымды жоюуга мүмкүнчүлүк берүү — климаттын өзгөрүшүнө натыйжалуу билим берүү үчүн өтө маанилүү. Мугалимдерге окуучулардын билим алуудагы муктаждыктарына жараша ыңгайлашкан окуу процессти биргелешип иштеп чыгуу жана инновацияларды киргизүү үчүн «Мектептер–2030» программасынын үч этаптуу модели класс деңгээлинде натыйжалуу өзгөрүүлөрдү камсыз кылат”, — деди.
«Мектептер–2030» — бул дүйнөнүн 10 өлкөсүндө ишке ашырылып жаткан жана 1000 мектепке чейинки жана мектептик билим берүү уюмдары, кесиптик-техникалык жана жогорку окуу жайлары менен 2020-2030-жылдары иштеген глобалдык 10 жылдык изилдөө программасы болуп эсептелет. Программа заманбап дүйнөнүн белгисиздигин ийгиликтүү жеңүү жана коомдун өнүгүшүнө көмөктөшүү үчүн балдардын жана жаштардын билимин, көндүмдөрүн, дүйнө таанымын жана баалуулуктарын калыптандырууда мыкты педагогикалык практикаларды жана чечимдерди табууга жана жайылтууга көмөктөшөт.
Улуттук форумдун негизги максаты – окуучулардын билимдерин, көндүмдөрүн калыптандырууда мыкты педагогикалык практикаларды жайылтуу, азыркы күндөгү билим берүү жаатында жана глобалдык көйгөй болгон климаттык өзгөрүүлөр боюнча ачык жана конструктивдүү диалог аянтчасын түзүү.
Эки бөлүм менен өткөн панелдик дискуссияда 2022-2023-окуу жылында мектептер мыкты деп тандаган өзүнүн идеяларын ишке ашырууда кандай иштерди аткарып, кандай жыйынтыктарга жетишкени тууралуу айтып беришти. Биринчи панелдик дискуссияда модератордун милдетин аткарган Токтобүбү Ашымбаеванын айтымында, дискуссия өзөгүн мектеп мугалимдерине инновациялык окутуу ыкмаларын колдонууну сунуштоо жана лидерлик процессти канткенде күчөтүүгө болорун аныктоо максаты түздү.
-Панелдик сессияга катышкан эксперттер өздөрүнүн пикир сунуштары менен бөлүшүп, мугалимдерге канткенде лидерлик процессти уюштурса болорун, уюштуруу маданияты кандай болушу керектигин жана мектеп мугалимдери балдардын лидерлик сапатын калыптандырыш үчүн өзү лидерлик процессти кантип уюштурушу керектиги жаатында талкуу жүргүздү.
Белгилей кетсек, республика боюнча “Мектептер–2030” программасынын алкагында 100 билим берүү объектилери иш алып барат. Аларды биз дизайн командалар деп атайбыз, себеби проект адамга багытталган дизайн ой жүгүртүү болуп эсептелет. Бул программа менен иш алып барган мугалим мектептеги билим берүү сапатын жогорулатууда кандай көйгөйлөр бар экенин өзү аныктап чыгат жана аны жакшыртуу үчүн мугалим эмне кылса болорун, канча каражат жумшаларын эсептеп чыгып, жетпей жаткан каражатты алууга грант жазат. Ал грантты Ага Хан фондусу аркылуу ала алат. Маселен, алган каражатка оргтехника, дидактикалык материал, окуу методикалык комплекстери, көркөм адабияттар сыяктуу жетпей жаткан материалдарды сатып алууга болот. Катышуучулар бардык окуучулар үчүн бирдей жана жагымдуу окутуу, окуп үйрөнүү чөйрөсүн түзүү менен, билим берүүдөгү инклюзивдүүлүктү, гендердик теңчиликти жана плюрализм жана толеранттуулукту канткенде бекемдей алабыз деген жаатта өзүнүн презентациялары менен бөлүштү, — дейт.
Бардык панелдик сессияларда жана ошондой эле мугалимдердин дизайн командаларынын презентацияларында балдардын билим сапатын, математикалык сабаттуулугун, окуп түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүрүүдө кандай өнүктүрүү методикаларын колдонууга болорун аныктоо багытында кызуу талкуулар жүргөнүн белгилеп кетүүгө болот.
Форумдун катышуучусу Тотухан Мамажанова 38 жылдык тажрыйбасы бар мугалим. Ал Ош шаарындагы №38 мектепте математика мугалими болуп эмгектенет. Жогоруда аталган программага үч жылдан бери катышып келатканын айткан мугалим, өзүнүн предметин турмуштагы көндүмдөр менен айкалыштырып окутуп жаткан тажрыйбасы менен бөлүштү.
— Мен жашаган аймакта ички миграция маселеси өтө курч десем болот. Келип-кеткен балдар көп болгондуктан, алар менен иштөөдө көп маселелер жаралат. Биздин мектептеги төрт мугалим сабакты өздөштүрүүсү начар окуучуларды көйгөй катары белгилегенбиз. 4-10-класстагы окуучулардын арасынан социалдык абалы төмөн окуучулар менен иш алып бардык. Процесс учурунда балдардын математикага кызыгуусу дээрлик жок экенин билдик. Математикага балдар гана эмес, алардын ата-энелери да кызыкпагандыктан, эң жөнөкөй нерселерди эсептегенди билбейт. Жада калса математиканы күнүмдүк жашоодо колдонуп жатышканын да билбейт. Бирок акча эсептеп жатканын мойнуна алат. Биз математикадан алган билимди күнүмдүк турмушта колдонуп, жашыл көндүм боюнча климаттын өзгөрүүсүн изилдеп, так маалыматтарды эсептеп чыгуу үчүн тогуз айлык мөөнөткө алган ишибизди алты айда аяктадык. Адегенде окуучулардын жоопкерчилигин аныктоо үчүн ноябрь айында бир классты үч топко бөлүп алып, ар бирине өз алдынча тапшырма бердик, алар бири-биринин тапшырмаларын билген жок. Мисалы, биринчи топтогу бир окуучуга эртең мененки аба ырайынын өзгөрүшүн бир ай бою жазып жүр деген тапшырма бердик. Экинчи жана үчүнчү топко да ошондой эле тапшырма бердик. Үч топтогу балдардын бирөө алган тапшырмасын аткарбай калган, демек ал топтун бир айлык ишинин жыйынтыгы чыкпай калды. Ошону көргөн балдар кийинки айда аябай так иштеди. Ушуну менен биз балдарды жоопкерчиликке үйрөттүк. Балдар абанын орточо абалын табууда ноябрдагы эң жылуу күндү жана эң суук күндү табуу үчүн арифметикалык орточо санды табуу темасын эстешти. Бул теманы унутуп же билбей калгандарга кайталап айтып бердик. Окуучулар өздөрү аткарган иштен муктаждык жаралганын, алар эсептөөнү билбесе, жыйынтык чыкпай турганын билди. Натыйжада жашоодогу болуп жаткан нерселер менен байланыштырып, окуучуларга математикалык негизги түшүнүктөрдү калыптандырдык. Окуучулар сабагынан тышкары мугалимге жакындап, көп нерселерди билүүгө аракет кылып калганы бизге абдан жагымдуу болду.
Кийинкиде биз ошол эле программаны улантуу менен бирге, аба ырайынын булганышынын ден соолукка тийгизген таасирине математикалык изилдөө жүргүзүү деген көйгөйдү аныктап, ушул теманын айланасында окуучулар менен иш алып барабыз, — дейт.
“Мектептер–2030” программасынын алкагындагы 100 билим берүү мекеменин 30у бала бакча болгондуктан, бала бакчаларда да педагогдор балдардын муктаждыктарын канааттандырууда жана жумшак көндүмдөрүн өнүктүрүүдө инклюзивдүүлүккө өбөлгө түзүүчү тарбияны өнүктүрүүчү методикаларын канткенде колдонобуз деген багытта кызыктуу ой пикирлер айтылды.
Нарын шаарындагы №18 “Ак Дил” бала бакчасынан келген Бактыгүл Салмакеева да долбоор менен 2021-жылдан бери иштеп келатат. Ал ушул жылы балдардын байланыштуу кебинин жана логикалык ой жүгүртүүсүн өзгөртүү зарылдыгынын үстүндө иштеп, “Сыйкырдуу поезд” аттуу ийрим түзгөн. Натыйжада 5-6 жаштагы балдардын өсүп-өнүгүүсүн жогорулатуу багытында жакшы ийгиликтерге жетише алды. Бактыгүл айым STEAM багытында иш алып барганы балдар үчүн абдан кызыктуу болгонун, алардын өз ара аракеттенүү көндүмдөрү калыптанып жатканын белгиледи.
— Мен өз ишимде балдарга жандуу бурчтарды уюштуруу аркылуу дүйнө таанымын кеңейтүүгө басым жасайм. Балдар жандуу жандыктарга байкоо жүргүзүп, пайдалуу жактарын изилдеп, жан-жаныбарларга аяр мамиле кылуу керектигин билишти.
Илим изилдөө практикалык сабагында балдар өздөрү дан өсүмдүктөрүн өстүрүп, караңгы жана жарык жерде кандай өскөндүгүнө күнүмдүк байкоолорду жүргүзүп, бакчага кулпунайдын көчөттөрүн отургузуп, маал-маалы менен сугарып, кулпунайдын гүл ачып, мөмө байлаганын көрүп кубанышты. “Миң уккандан бир көргөн” демекчи, балдар практикалык көндүмдөрүн калыптандыруу аркылуу билимдерге да ээ болушту.
Нарындын эли мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен, балдар үй жандыктары, мисалы, кой жана андан өндүрүлгөн продукциялар, алар ойногон чүкө каяктан алынарын билип, койдун жүнүнөн куурчак жасоону жана самын менен жүндү пайдаланып топ жасоону үйрөнүштү. Ошону менен кыргыздын чен өлчөм бирдиги болгон сөөм, нукум, карыш тапан, кулач, эли деген стандарттык эмес чен өлчөм бирдиктерин оюн аркылуу үйрөнүп, билимдерге ээ болушту.
Быйылкы жылы биз климаттык өзгөрүүлөр боюнча иш алып барууну пландап жатабыз. Балдар суунун касиети, пайдасы, булгануусу боюнча билим алып, өздөрү эксперимент жасоо аркылуу илимий изилдөөгө катышат.
Улуттук форумда биз өзүбүздүн тажрыйбаларыбыз менен бөлүшүүдөн тышкары, башка кесиптештерибиздин аткарып жаткан иштери менен жакындан таанышып, билим куржунубузду толтуруп келдик десем да болот. Мен ал жерде үйрөнүп-билгендеримди кесиптештерим менен бөлүшүп, алар менен бирге ийгиликтерге жетишүүгө жакшы стимул болууда, — дейт Бактыгүл Салмакеева.
Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер