“Мектептер 2030”: КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ КОМПЛЕКСТҮҮ ОКУТУУ ТАЖРЫЙБАСЫ

  • 11.06.2024
  • 0

Учурда “Мектептер 2030” глобалдык үчүнчү форум өтүп жатат. Форумга мугалимдер, мектеп жетекчилери, жаштар, жарандык коом өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, донорлор жана мамлекеттик мекемелер менен өнөктөштөр катышууда. 

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана климаттын туруктуулугун өнүктүрүү үчүн жаштарга коомдо жана глобалдык деңгээлде кандай билимдер, көндүмдөр, көз караштар жана баалуулуктар керек деген панелдик дискуссияда “Мектептер 2030” программасына катышкан мугалимдер климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулук үчүн комплекстүү окутуу тууралуу баяндамаларын жасашты.

“Мектептер 2030”: КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ КОМПЛЕКСТҮҮ ОКУТУУ ТАЖРЫЙБАСЫ

Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин математика жана информатика мугалими Гүлзат Исакова бул программасынын негизинде инсанга багытталган дизайн ой жүгүртүү боюнча мектептеги көйгөйлөрдү жана потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдү аныктап, “Келечектин климаттык лидерлери” аттуу инновациялуу чечимди  ишке ашыргандыгын билдирди.

“Мектептер 2030”: КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ КОМПЛЕКСТҮҮ ОКУТУУ ТАЖРЫЙБАСЫ

Мугалимдин айтымында, бул ийрим окуучулардын айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча аң-сезимин жогорулатууну, алардын сынчыл ой жүгүртүүсүн жана көйгөйлөрдү чечүү жөндөмүн өнүктүрүү менен алардын академиялык билимдерин жакшыртууга шыктандырган.

Экологиялык билим берүү климаттын өзгөрүшүн изилдөөгө түздөн-түз тиешеси жок болсо да, окуучулардын бул кризис менен күрөшүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрүн өнүктүрөт, башкача айтканда,  окуучулардын  маалыматты талдоо, далилдерди баалоо менен негизделген тыянак чыгарууну үйрөнүшөт.

-Ийримдин сабактарында “Долбоордук окутуу”, “Эвристикалык окутуу” жана STEM предмет аралык окутууга басым жасалып, окуучулар сабактарда өз алдынча изилдөө жүргүзүүгө, эксперименттерди аткарууга, илимий түшүнүктү камтыган, климаттык көйгөйлөр  жөнүндөгү тексттер менен иштөөсү алардын окуу жана түшүнүү көндүмүн жакшырышына жана жумшак көндүмдөрүн  калыптануусуна алып келди, — деди Гүлзат Исакова.

«Келечектин климаттык лидерлери» аттуу чечим бул мектеп үчүн баалуу тажрыйба болгон. Ийримге катышкан окуучулар билимди өздөштүрүп гана тим болбостон, алган билимдерин жана көндүмдөрүн көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонгон, айыл аймагынын климатын изилдеп, академиялык билимдерин жана жумшак көндүмдөрүн колдонуу менен чыгармачылык жана экологиялык жоопкерчиликти көрсөтүп, мектепте агротокой уюштурулган.

-Биздин мектептин окуучулары өздөрүнүн долбоорлорун ишке ашыруу менен жергиликтүү деңгээлде климаттын өзгөрүшү боюнча көйгөйлөрдү чечүүгө активдүү катышып жатышат. Бул демилгелер экологиялык маселелерди гана чечпестен, окуучулардын сынчыл ой жүгүртүү, кызматташуу жана лидерлик сыяктуу 21-кылымдын көндүмдөрүн да өнүктүрөт. Мугалим катары мен үчүн  көйгөйлөрдү чече ала турган, сынчыл ойлонгон, ийгиликтүү окуучуларды тарбиялап өстүрүү абдан маанилүү, — деп кошумчалады.

“Мектептер 2030”: КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ КОМПЛЕКСТҮҮ ОКУТУУ ТАЖРЫЙБАСЫ

Ал эми Кениядагы Манд аэропортунун орто мектебинин мугалими Элен Кибе өз өлкөсүндөгү көйгөйлөргө токтолуп, климаттын өзгөрүүсү академиялык билимге да таасирин тийгизүүдө деди.

— Бизде жол инфраструктурасы жок. Суунун көлөмү да аз. Балдар жаан-чачын учурунда ооруп калышат. Климаттын өзгөрүүсү кыздарга да өзгөчө таасирин берүүдө. Ушундай учурда климаттык өзгөрүүлөргө карата көндүмдөргө үйрөнүшүбүз керек. Окуучулар ушул көйгөйлөрдү кантип чече алат деген  максатта  экологиялык клуб иштеп жатат. Мында топтордо иштегенди үйрөттүк. Жеке инсандык мамилелер да өзгөрдү. Ишембилик өткөрдүк. Бул аракеттерибиз балдардын жаратылышка болгон мамилесин кескин өзгөртө алды. Биз ушунун үстүндө тынымсыз иш алып баралы деген максатыбыз бар. Ушундай аракеттерибиз менен климаттык өзгөрүүлөргө туруштук бере алабыз го деп ойлойм, — деди Элен Кибе.

“Мектептер 2030”: КЛИМАТТЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ КОМПЛЕКСТҮҮ ОКУТУУ ТАЖРЫЙБАСЫ

Тажикстанда бул программанын алкагында 200 мектеп иш алып барат. Бул өлкөдөн келген мугалим Сафо Гуломасеиновдун айтымында, долбоорго ылайык чаң, куюн, катуу шамал болуп турган айыл жерлеринде изилдөөлөрдү жүргөн.  Айлана-чөйрөнү кантип өзгөртсө болот деген темада окуучулар менен ойлонуп,  климаттын өзгөрүшүнө кандай мамиле кылуу керек деген максатта окутууларга өттүк. Табият жөнүндө билим алууга шарт түздүк. Бул жакшы натыйжалуу аянтча болду. Ушунун үстүндө кеңейтилген форматта иш алып бара бермекчибиз. Азыр балдар табият тартуулаган бардык жагдайларга ылайыкташууга көнүгүп башташты.

Үч күнгө созула турган форумдун башкы темасы —  мугалимдердин климаттын өзгөрүшүнө каршы туруктуу өнүгүүдөгү ролун күчөтүү.  Эл аралык контексттин алкагында үч орчундуу маселе каралат: окутуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу, окутуу чөйрөсүн жакшыртуу жана билим берүү системаларын өнүктүрүү.

Эльвира Какиева

Айгерим Токтобаева

Бөлүшүү

Комментарийлер