МЕКТЕПТЕГИ ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРДИ ЖАКШЫРТУУ -УЧУРДУН ТАЛАБЫ

  • 06.12.2017
  • 0

Бир кесиптешим каанасына жазып илип койгон «Сапаттуу билим, татыктуу тарбия!» деген ураанын окуп, талашкан жайым бар. Татыктуу тарбия болмоюнча сапаттуу билим кайдан болсун?” — деген көз карашым, кесиптешим менен талашкан оюмдан дале болсо кайта элекмин. Мектеп окуучусунун жүрүш-турушу мыкты болуп, адеп-ахлактуулугу менен башкаларга үлгү көрсөтө алса гана ой өрүшү кеӊейип, билимге болгон ынтызарлыгы күчөйт.

МЕКТЕПТЕГИ ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРДИ ЖАКШЫРТУУ -УЧУРДУН ТАЛАБЫ

Адепсиз, ыксыз жүрүш-турушу менен башкаларга тоскоолдук жараткан балада кайдагы сапаттуу билим болсун! Мен 15 жылдык мугалимдик кесибимде ушул оюм менен бала тарбиялап келем.

Мектеп окуучуларынын адеп-ахлактык түшүнүктөрүн калыптандыруунун милдетин адеп сабагы аткарып келет. Адеп сабагынын окутулуп жатканына он жылдан ашуун убакыт өтүп, атайын окуу программасы, окуу китептери чыгып, окуучуларды тарбиялоодо чоӊ ролго ээ болду. Ал эми учурда адеп сабагы 1-класстан 8-класска чейин гана окутулуп келатат.

МЕКТЕПТЕГИ ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРДИ ЖАКШЫРТУУ -УЧУРДУН ТАЛАБЫ

Билим берүүнү реформалоо шартына байланыштуу адеп сабагы мекен таануу, жаран таануу, экономика сабактары менен интеграцияланып 1-класстан 4-класска чейин «Мекен таануу», 5-класстан 11-класска чейин «Адам жана коом» сабагы катары окутулуунун алдында турат. Интеграцияланган предмет катары адептүүлүктү калыптандыруучу айрым темалар гана окутулат. Демек алдыдагы жылдарда адеп сабагы окутулбайт.

МЕКТЕПТЕГИ ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРДИ ЖАКШЫРТУУ -УЧУРДУН ТАЛАБЫ

Тарбиялоо коомдук көрүнүш катары – бул татаал жана карама-каршылыктуу процесс. Мектеп практикасында мындай кырдаалды көп эле кезиктирүүгө болот: мугалим материалды сопсонун баяндап берет, предметине окуучуларды кызыктыра алат, бирок өзүн класс жетекчи катары көрсөтө албайт. Бул таң каларлык эмес: тарбиялоо – таптакыр башка чөйрө.

МЕКТЕПТЕГИ ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРДИ ЖАКШЫРТУУ -УЧУРДУН ТАЛАБЫ

Тарбиялоо – бул инсандын максат багыттуу жана аң-сезимдүү түрдө уюштурулган социалдашуу процесси, ал өзүнө билимдин түрдүү тармактары боюнча окуучулардын тажрыйбага ээ болуусун жана адамдын инсандык өнүгүүнүн эң маанилүү компоненттери катары социалдык жана руханий мамилелердин калыптануусун камтыйт.

Класс жетекчинин сапаттуу ишинин натыйжасы – бул окуучулардын аң-сезиминдеги жана жүрүм-турумундагы оң өзгөрүүлөр.

Тарбиялоонун башкы максаты (сөздүн кең жана тар маанисинде) – инсандын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарттарды жаратуу, бул окуучунун өзүн-өзү реализациялоосуна, анын коомдогу мүмкүнчүлүктөрүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Ошентип, класс жамаатын уюштуруу менен алектенип, анын жетекчиси балдарга активдүү турмуштук позицияны, жашоону сүйүүнү, чыгармачылык башатты, өз күчүнө ишенүүнү жана мунун натыйжасы катары турмуштан өз ордун табууну өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Коом менен мамлекет, жаш муундарды тарбиялоонун милдеттерин аныктоо менен, мектеп төмөндөгүлөргө жөндөмдүү инсанды тарбиялайт деп болжошот: өзүнүн физикалык билгичтиктерин жана акыл жөндөмдүүлүктөрүн, өз талантын, чыгармачылык жана изилдөөчүлүк билгичтиктерин толук көлөмдө көрсөтүү; өз өлкөсүнүн каада-салттарын, адептик идеалдарын жана баалуулуктарын, өзүнүн жана бөтөндөрдүн укугу менен эркиндигин таануу жана урматтоо; достукту жана толеранттуулукту көрсөтүү; жашоону табияттын баа жеткис белеги катары жана өзүн уникалдуу көрүнүш катары урматтоо; курчап турган чөйрөнү келечектеги муундар үчүн сактагыдай жашоо.

Окутуу менен тарбиялоо тыгыз байланышкан, бирок тарбиялоо өз өзгөчөлүктөрүнө ээ. Аларды кененирээк карап көрөлү.

Тарбиялоо – бул белгилүү бир натыйжага жетүүгө багытталган ырааттуу иш-аракеттердин топтому. Бул бүтүн, көп кырдуу жана узакка созулуучу процесс, анын түзүмүнө: адептик, эстетикалык, социалдык, эмгектик ж.б. компоненттердин көптүгү кирет.

Мугалимдин тарбиялануучулардын алдына койгон максаттары аларга түшүнүктүү гана болбостон, кызыктуу да болууга тийиш.

Мазмун (усулдар) анын максаттарына дал келүүгө тийиш. Эгерде максатка жетүүнүн жолдору формалдуу болсо, анда тарбиялоо эч кандай пайда алып келбейт.

Тарбиялоо процессин ар дайым эле божомолдоого болбой тургандыгын, тарбиялануучулардын иш-аракетин да дайыма эле алдын ала айтууга болбой тургандыгын, ал эми  тарбиячынын усулдары менен ыкмалары алар тарабынан каршылык жаратышы да мүмкүн экендигин белгилей кетүү керек.

Тарбиялоо процесси:
  • субъективдүү – тарбиялоонун натыйжасын ар ким тарбиялоо процессинин өзүн жана анын мазмунун өз ой жүгүртүүсүнө жараша кабылдайт;
  • бейформал – кесиптик билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү, жан күйдүрүүнү жана чыгармачылык мамилени талап кылат;
  • концептуалдык – ар бир педагог бир эле трабиялануучуга карата өз концепциясын аныктайт.

Мектеп окуучуларына адептик тарбия берүү учурдун зарыл маселелеринин бири. Бул багытта атайын тарбия концепциясы кабыл алынып талкууланып аны ишке ашыруу, иш-чараларды иштеп чыгуу демилгеленген. Бирок тарбия концепциясы кагаз жүзүндө, кесиптештеримдин документтеринде формалдуу гана иштеп жаткандай туюла берет. Ал эми биздин педагогикалык тажрыйбада бул багытта бир топ иш-аракеттерди жасай алдык. Тарбиялык ишти алып баруу класс жетекчинин негизги милдети катары саналгандыктан, алар үчүн атайын «Класс жетекчинин журналын» иштеп чыгып, Ош шаары, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында 4-5 жылдан бери пайдаланылып жатат. Ар бир класс үчүн бир жылдык тарбиялык сабактардын иштелмелери камтылган «Тарбия» комплексин чыгарууга жетиштик. Келечекте адеп сабагы жоюлганы менен анын ордун толуктап туруу үчүн класс жетекчинин тарбиялык сабактарын сунуштасак болот. Анткени жумасына бир саат сөзсүз түрдө класс жетекчи тарбиялык сабак өтөт. Ошол сабактар мурункудай проблемаларды талкуулоочу, окуучуларды урушуп-жемелөөчү саат болбостон, атайын темага арналган жандуу сабак болсо натыйжасы мыкты болмок. 1-класстан 11-класска чейин сунушталган тарбиялык сабактардын тематикалары окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша берилген. Мисалы: 8-класстагы темалар «Мен маданият дүйнөсүндө» деген бөлүмдүн айланасында сунушталат.

I чейрек (9 саат)

  1. Мекеним – алтын бешигим.
  2. Жоомарттыкта жана кайрымдуулукта шаркырап аккан суудай бол.
  3. Боорукердикте жана мээримдүүлүктө жадырап тийген күндөй бол.
  4. Бирөөнүн кемчиликтерин жашырууда капкараңгы түндөй бол.
  5. Токтоолукта жана жөнөкөйлүктө көтөрүмдүү жердей бол.
  6. Чыдамдуулукта чалкып жаткан деңиздей бол.
  7. Каарың келип ачууланганда үн чыгарбас балыктай бол.
  8. Кандай болсоң ошондой көрүн же кандай көрүнсөң ошондой бол.
  9. Класс жетекчинин тандоосундагы сабак.

 

I I чейрек (7 саат)

  1. Билим башаты – мугалим.
  2. Өз катаңы оңдой бил.
  3. Карынын кебин капка сал.
  4. Чыныгы адам – ыйманын эч качан танбайт.
  5. Ата-бабалардын адамдык касиеттери.
  6. Рэкетчилик – бул жаман адат.
  7. Класс жетекчинин тандоосундагы сабак.

 

I I I чейрек (7 саат)

  1. Жашоо деген эмне? Жашоодо максат коё бил.
  2. Алтын апам – ардагым.
  3. Биздин замандын акылгөй айымдары.
  4. Ак эмгектин ийгилиги баалуу.
  5. Кулк мүнөзүбүздү билебизби?
  6. Өнөрүң болсо өргө чап.
  7. Өссө дейт бирөө калкалап, өлсө дейт бирөө балталап.
  8. Кийим кийинүү да улуу маданият.
  9. Класс жетекчинин тандоосундагы сабак.

 

I V чейрек (9 саат)

  1. Айлана-чөйрөңдү тааный бил.
  2. Жакшыларга жакындоо адеби.
  3. Аманатты сактоо адеби.
  4. Тамактануу адеби.
  5. Мен жоокерчиликтүү чечим кабыл алам.
  6. Өз атыңдын мааниси. Адам аты бул – анын тагдырыбы?
  7. Сүйүүнүн улуу күчү.
  8. Мен адаммын, бирок кандай?
  9. Класс жетекчинин тандоосундагы сабак.

Тарбия концепциясын ишке ашыруу, окуучуларга адептик тарбия берүү максатында «Жетиген» мектеп-лицейинде 5-11-класстар үчүн «Өзүн өзү таануу» сабагы кыргыз тилинде, көп тилдүү билим берүүчү мектеп болгондуктан 1-4-класстарда «Уроки нравственности”, или «Что такое хорошо и что такое плохо?» сабагы орус тилинде өтүлөт. Бул сабактардын атайын программалары, жумушчу дептерлери иштелип чыгып пайдаланылып жатат. Сабактардын негизги мазмуну окуучуларды адептүүлүккө тарбиялоого багытталган. Бул сабактар жумасына 1 сааттан өтүлөт.

«Өзүн өзү таануу» сабагынын программасында адамдык асыл сапаттар, мекенчилдик, илим-билимге умтулуучулук, талант, элдик педагогиканын элементтери, заманбап инсан болуунун шарттары ж.б. маселелер камтылган.

«Уроки нравственности, или «Что такое хорошо и что такое плохо?« сабагынын программасы башталгыч класстын окуучуларынын деӊгээлине туура келген адепттүүлүк темалары, практикалык тапшырмалар, чыгармачылыкка багытталган. Окуучулардын ой өрүшүн өнүктүрүүгө да шарт түзөт.

Ал эми тарбия процессине ата-энелерди тартуу боюнча да бир топ иштер аткарылган. “Эч бир ата-эне баласына тарбиядан артык бир мурас калтыра албайт” деген ураандын астында башталгыч класстын ар бир окуучусу үчүн төмөндөгүдөй баракчадан турган атайын дептер иштелип чыккан. Ар бир жума класс жетекчиси тарабынан байкоо жүргүзүлүп турат.

 

Күнү:_________ Айы:____________ Жумасы:________________

Жакшы сапаттарКүндөр
ДШШБЖИЖ
1Лицейден кийин лицей формасын чечтиби?
2Тамактан мурда же кийин колун жуудубу?
3Тиштерин тазаладыбы?

 

4Сабактарын кайталадыбы?

 

530 минута телевизор көрдүбү?

 

6Тапшырмаларын аткардыбы?

 

7Адабият китеп окудубу?

Канча бет окуду?

8Үй-бүлө мүчөлөрүн капа кылган жокпу?
9Тамакты тандаган жокпу?

 

10Уйкудан турганда жана жатаарда саламдаштыбы?
11Төшөгүн, бөлмөсүн жыйнаштырдыбы?
12Эрте мененки тамагын жедиби?

 

1321:30 да тиштерин жууп жатабы?
14Окуган аӊгемесин үй-бүлө мүчөлөрүнө айтып бере алдыбы?

 

Сиздин оюӊузча балаӊыздын бир жумалык жалпы абалы:__________

Жалпы “+” саны _____________

Окуган китептин бети:_________________

Ата-энесинин колу________________________

Демек тарбия жараяны үзгүлтүксүз коштоп жүрүүчү жараян экендиги талашсыз. Ар бир мугалимдин күнүмдүк ишинин башкы өзөгүндө турган маселе тарбия болушу керек. Бул багытта айтаар сөздөр али алдыда…

Кыялбек Акматов,

педагогика илимдеринин кандидаты, доцент,

«Жетиген» мектеп-лицейинин директору

Бөлүшүү

Комментарийлер