МЕКТЕПТЕГИ МАЙРАМДЫК САЛТАНАТ

  • 23.09.2022
  • 0

Бишкек шаарындагы №94 жалпы билим берүүчү орто мектебинде 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу линейка өткөрүлдү.

МЕКТЕПТЕГИ МАЙРАМДЫК САЛТАНАТ

Мамлекеттик тил күнүн белгилөөгө арналган бул майрамдык иш-чарада эне тилдин мааниси тууралуу доклад окулуп, окуучулар эне тилдин баркын бийиктеткен ырлардан көркөм айтып беришти. Тил майрамында комуз күүсү жаңырып, «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылды.

МЕКТЕПТЕГИ МАЙРАМДЫК САЛТАНАТМектеп окуучуларынын мекенчилдик сезимин курчуткан бул таасирдүү иш-чараны кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмеси даярдады. Майрамдык салтанатка башталгыч класстардын мугалими, жаш педагог Таалайкүл Мамбеталиеванын классы да активдүү катышты.

МЕКТЕПТЕГИ МАЙРАМДЫК САЛТАНАТ
Эсиңиздерде болсун, Бишкек шаарынын Дордой конушунда жайгашкан №94 жалпы билим берүүчү орто мектебинде Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чаралар дайыма жогорку деңгээлде уюштурулуп келет.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер